Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Түндүк Корея "Кэсон" аймагын жаап салды


Түндүк менен Түштүк Кореяны бөлүп турган Пхажудагы чек ара бекети. 03.04.2013
Түндүк менен Түштүк Кореяны бөлүп турган Пхажудагы чек ара бекети. 03.04.2013

Түштүк Корея коңшусу Түндүк менен биргеликте башкарган индустриалдык аймактагы жарандарын коргош үчүн бүт күчүн жумшарын, керек болсо курал колдонуудан да баш тартпай турганын билдирди.

Түндүк Корея "Кэсон" өндүрүштүк паркына жолду бир тараптуу жаап салгандан кийин Түштүк Кореянын Коргоо министри Ким Куанжин чукул кырдаалга даяр экендиктерин билдирди.

Түштүк Кореянын Биригүү иштери боюнча министри Ким Хюнсек "Кэсон" жабылганы тууралуу эскертүү Сеулга шаршембинин таңында жеткенин айтты.

- Бүгүн эрте менен Түндүк Корея паркка кирүүгө тыюу салаарын, бирок ал аймакта калган жарандарыбыз чыгып кетишине уруксат берээрин кабарлады. "Кэсон" индустриалдык паркына жол жабылганы биздин өкмөттү өкүндүрөт.

Азыр эки өлкө биргеликте башкарып турган "Кэсон" аймагында түштүк кореялык 800дөй жаран калууда. Түндүк Корея ал жакка жолду жаап салгандан бир нече саат өткөнүнө карабай, мекенине кайткан түштүк кореялыктардын саны аз.

"Кэсон" өндүрүштүк аймагы
"Кэсон" өндүрүштүк аймагы
Сеулда Биригүү министрлиги көпчүлүк жарандар “Кэсондон" чыгып кетсек, бизнесибиз токтоп калат” деп өздөрү эле калып калса керек деген билдирүү таратты.

Пхеньяндын бүгүнкү чечими Корей жарым аралында абал курчуп турган маалда болуп жатат.

Февралда Түндүк Корея үчүнчү атомдук куралын сыноодон өткөргөн.

Кечээ болсо Пхеньян Йонгбьон комлпексинде бардык атомдук объектилерин ишке киргизүүнү пландап жатканын жарыялады. Бул комплексте ядролук бомба жасоого колдонулчу плутоний ажырата турган реактору менен уранды байыта турган объектиси бар.

АКШ азыр Түндүк Кореянын аракетин "такыр кабыл алгыс" деп баалап жатат.

Акыркы апталарда Пхеньян Кошмо Штаттардын Тынч океандагы жана Американын өзүндөгү аскерий базаларына чабуул койгонго даяр экенин айтып коркуткан. Андан сырткары, Түштүк Корея менен “согуш абалында” экенин жарыялаган.

Ал арада Түштүк Корея ушул күндөрү АКШ менен жылына өткөрүлүп турчу биргелешкен аскерий машыгууларын жүргүзүүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG