Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:56

Түндүк Корея АКШга сокку ураарын эскертти


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Борбордук командачылыктын чукул жыйынында чабулдун планын талкуулоодо, 29-март 2013-жыл (белгисиз жай)
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Борбордук командачылыктын чукул жыйынында чабулдун планын талкуулоодо, 29-март 2013-жыл (белгисиз жай)

Түндүк Корея артиллериясын жогорку даярдыкка келтирип, кошуна Сеул менен чукул байланышты толугу менен үзүп салды.

Пхеньян ракеталары АКШнын аймагын жана Тынчтык океан менен Түштүк Кореядагы америкалык базаларды бутага алганын билдирди. Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, коммунисттик Кореянын лидери Ким Чен Ын америкалык согуштук учактардын жарым аралдын үстүнөн учууларына жооп иретинде бейшембинин кечинде тиешелүү буйрукка кол койду. Кимдин “америкалык империалисттер менен эсептешүү убактысы келди” деген сөздөрү келтирилет.

Түштүк Кореянын “Ренхап” маалымат агенттиги куралдуу күчтөрдөгү булакка шилтеме жасап жазганына караганда, Түндүктүн ракеталары жайгашкан жайларда акыркы кездерде жогорку активдүүлүк, адамдардын, техниканын ары-бери жер которгону байкалууда.

Түштүк Кореянын коргоо министрлигинин маалымат катчысы Ким Мин-сеок Сеул да, Вашингтон да шектүү жайларга жакындан байкоо салып жатканын билдирди:

- Түштүк кореялык жана АКШлык чалгындоо кызматтары Түндүк Кореянын күжүрмөн аракеттерин, Скад, Родонг жана Мусудан өңдүү кыска, орто жана узун аралыкка учуучу ракеталарын көзөмөлдөөдө.

Пентагондун башчысы Чак Хэйгел Би-2 бомбалоочу учактар Түштүк Корея менен биргелешкен машыгуу өтүп жаткан чөлкөмгө планга ылайык жиберилгенин журналисттерге маалымдады.

Министр ошондой эле Түндүк Кореянын чагымчыл аракеттери жана реторикасы Корей жарым аралындагы кырдаалды кооптуу жагдайга такаганын, Пхеньяндын кадамдарына АКШ даяр турганын белгиледи:

- Түндүк Кореянын провокацияларына олуттуу мамиле кылганыбызды жана жооп берүүгө даярдыгыбызды так айткым келет.

Өткөн айда Пхеньян үчүнчү ядролук сыноо өткөргөндөн кийин жарым аралдагы кырдаал кескин курчуп кеткен. Сыноо эл аралык коомчулуктун катуу реакциясына кабылып, БУУ жаңы санкцияларды киргизген.

Шаршембиде Түндүк Кореянын жетекчилиги “согуш ар бир мүнөттө тутанып кетиши ыктымал” деп эскерткен.

Буга чейин Пхеньян АКШ менен Түштүк Кореяга атомдук сокку ураарын айтып коркуткан жана 1953-жылкы ок атышпоо жөнүндөгү келишимден бир тараптуу чыкканын жарыялаган.

60 жыл мурун түзүлгөн макулдашуу Корей жарым аралындагы согуштун аякташына алып келген

11-мартта болсо Түштүк Корея менен АКШ региондо биргелешкен машыгуу өткөрө баштаган. Тараптар Түндүк Корея чакан масштабдагы чабуулга барган учурда аскерий чараны биргелешип көрүүнү мерчемдеген макулдашууга кол коюшкан.

Айрым адистер болсо Пхеньяндын АКШга жете тургандай ядролук ракета чыгарууга азырынча кудурети жетпейт деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG