Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Пакистандын премьер-министри айыптуу деп табылды


Гилани сотко келген учурда. Исламабад, 26-апрель, 2012-жыл.
Гилани сотко келген учурда. Исламабад, 26-апрель, 2012-жыл.

Пакистандын Жогорку Соту премьер-министр Юсуф Реза Гиланини сотту урматтабаганы үчүн күнөөлүү деп тапты, бирок символикалык гана жаза берип, сот залында саналуу мүнөт гана камакта кармады.

Премьер-министр коррупция боюнча президентке каршы иш ачуудан баш тартты деп айыпталган эле. Айрым баяндамачылар Гилани соттун жеңил чечимине карабай, эми кызматтан чегинүүгө аргасыз болорун айтышууда.

Юсуф Реза Гилани Пакистандын бийликте турганда сот тарабынан күнөөлүү деп табылган алгачкы өкмөт башчысы болду. Анын үстүнөн сот жараяны үч айга созулду.

Премьер-министр ага коюлган айыптын негизинде күнөөлүү деп табылса, алты айга чейин абакка кесилип, кызматтан кетүүгө милдеттендирилиши мүмкүн деп жоромолдонгону менен сот ага реалдуу эмес, символикалуу гана жаза чектеди.

Пакистан: Премьер Гилани соттолду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

Кызматтан кетишин талап кылышты

Бирок соттун жеңил чечимине карабай, баяндамачылар премьер-министрге кызматтан чегинүүсү үчүн ар тараптан кысым көрсөтүлөрүн болжошууда. Айткандай эле оппозиция көп күттүргөн жок.

Мурдагы премьер-министр, оппозиция лидери Навази Шариф Гилани кызматтан “дароо кетиши керектигине" токтолуп, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Ушундай эле чакырыкты ашынган исламчыл “Жамаат-е-Ислами” партиясынын лидери Манавар Хуссейин да жасап, Гиланинин премьер-министр болууга моралдык укугу калбаганын белгиледи.

Бийликтеги Пакистан Элдик партиясынын саясий өнөгү, Авами партиясынан депутат Башра Гохардын пикиринде да жакында жаңы премьер-министр шайланаары күтүлөт:

- Өкмөттүн бардык өнөктөштөрү өткөрүүчү жыйында президент жана премьер-министр болочок багыт боюнча чечим кабыл алат. Менин жеке пикиримде премьер-министр кызматынан кетет. Парламент азыр сессияда. Менимче жаңы премьер-министр жакын арада шайланат.

Бийликке 2008-жылы келген Юсуф Реза Гилани - жарандык өкмөттү армиянын төңкөрүүсү адатка айланган Пакистандын кызматта эң узак турган да өкмөт башчысы. Сот аны айыптаган иш 1990-жылдарга барып такалат.

Анда азыркы президент, мурдагы премьер-министр, маркум Беназир Бхуттонун жубайы Асиф Али Зардари арам акчаны адалдоо үчүн Швейцариядагы банк эсептерин колдонгон деп күнөөлөнгөн. Бирок Зардари саясий жүйөсү бар деп атаган кылмыш иши кийинчерээк Швейцария соту тарабынан жабылган болчу.

Эки бийликтин тиреши

Зардарини жана башка жүздөгөн саясатчыны коррупция боюнча айыптан бошоткон мунапыс мыйзамы Пакистандын өзүндө 2009-жылы Жогорку Сот тарабынан жокко чыгарылган. Ал эми мыйзам бийликке аскерий төңкөрүш аркылуу келген мурдагы президент Первез Мушаррафтын тушунда өлкөнү жарандык башкарууга кайтаруу максатында кабыл алынган эле.

Жогорку Сот премьер-министр Гилани президент Зардаринин кылмыш ишин кайра ачууну сурап, Швейцариянын бийликтерине кат жазуудан баш тартканы үчүн айыптаган. Гилани жана анын адвокаттары болсо буга эч укуктук негиз жоктугун, аны үстүнө Зардари президент катары өлкө ичинде да, тышта да кол тийбестикке ээ экендигин жүйө тартышкан.

Айрым баяндамачылардын пикиринде, азыркы президентке жана премьер-министрге ызырынып калган Жогорку Соттун аракеттеринин артында Пакистандын аскерий чөйрөсү турат.

Быйыл жыл башында Зардаринин өкмөтү жазган деген кат ачыкка чыгып кеткен болчу. Ал катта Пакистан өкмөтү ыктымал аскерий төңкөрүштү алдын алуу үчүн АКШдан жардам сураган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG