Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Ислам Каримов араб өлкөлөрүндөгү окуяларга тышкы күчтөрдү күнөөлөдү


Өзбек президенти Ислам Каримов
Өзбек президенти Ислам Каримов

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун ою боюнча, араб өлкөлөрүндөгү окуяларга тышкы күчтөр таасир берген. Каримов эмнеге мындай ойдо?

Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы толкундоолор боюнча өз оюн Ислам Каримов 9-майга карата сыналгыдан сөз сүйлөп жатканда билдирди. Өзбекстандын президенти белгилеп өткөндөй, тышкы күчтөрсүз араб өлкөлөрүндө эч качан кагылышуулар болмок эмес жана бул өлкөлөрдөгү толкундоолор мунайга, газга байланыштуу.

- Мына, Ливияны аласыңарбы, башка мамлекеттерди аласыңарбы, эмне себептен ушуга чейин тынч жашап келе жаткан эң бай өлкөлөр ушул күндөрдү башынан кечирүүдө? Буга эмне себеп деп сурагандар азыр көп. Албетте четтеги күчтөрдүн таасирисиз, чоң акчаларсыз бул окуялар мүмкүн эмес эле, - деди өзбек президенти.

Ислам Каримов өз сөзүндө дагы бир ойду баса белгиледи. Анын оюнча, 2005-жылкы Анжиян окуялары да Өзбекстан мунайга, газга, алтынга бай болгондуктан дал ошол үчүнчү күчтөр тарабынан атайын уюштурлган.

Биз бул билдирүү туууралуу орусиялык талдоочулардын оюн билдик.

Толкундоолор болгон жерде сөзсүз үчүнчү күчтөр изделе баштайт

Ааламдашуу проблемалары боюнча институттун жетекчиси, орусиялык белгилүү саясат таануучу Борис Кагарлицкий билдиргендей, араб өлкөлөрүндө орун алган жарылууларга чечилбеген социалдык көйгөйлөр алып келүүдө. Акыркы 150 жыл ичинде бийликтегилер ар дайым ыңкылаптардын себептерин башкаларга төңкөрүп келишкен. Ыңкылап болгон сайын, сөзсүз үчүнчү күчтөр изделе баштайт, дейт Кагарлицкий.

- Бирок дайыма бир жөнөкөй суроо жоопсуз калат. Кимдир бирөө уюштурган чакта деле, эмнеге жүз миңдеген, миллиондогон адамдар көчөгө чыгып, керек болсо өмүрлөрүн курмандыкка чалышат? Эч кандай кутум теориясы менен бул нерсени негиздей албайсыз. Алар көчөлөргө өз укуктары, кызыкчылыктары үчүн күрөшүүгө чыгышты.

Азыр бардык өлкөлөр дүйнөлүк экономикалык кризисти башынан кечирип жаткан кез. Авторитардык режимдер болсо мындай абалда социалдык кризис менен күрөшө албастыгын далилдешти. Алар саясий оппозицияны аябай натыжалуу басмырлай алышат, бирок социалдык проблемалар менен иштөө механизмдерин билишпейт. Ошол чечилбеген социалдык көйгөйлөр араб өлкөлөрүндө жарылууларга алып келүүдө.


“Араб жазы” Борбор Азиядагы авторитардык режимдерди бекемдедиби?

Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенко араб окуяларынын эң башкы себеби, бул экономикалык жагдай дегендер менен макул эмес.

- Үчүнчү күчтөр да, экинчи күчтөр да күнөөлүү эмес. Күнөөнүн баары биринчи күчтөрдө - ошол өлкөлөрдүн башкаруучуларында. Бул режимдерден эл чарчап бүткөн. Эскилиги жеткен, картайган режимдер реформа саясатын жүргүзүшкөн эмес. Башкаруучулар менен коомдун арасындагы ажырым өтө чоңоюп кеткен. Кеп жалаң гана экономикалык көйгөйлөрдө эмес. Себеби Тунисте эл жакыр эмес болчу. Кеп ишенимге ээ болбой калган режимдерде.

Малашенко түшүндүргөндөй, үчүнчү күчтөрдүн араб өлкөлөрүндө толкундоолорду уюштурууга эч кандай кызыкчылыктары жок эле.

- Тышкы күчтөр боюнча айтсак. Азыр “ал-Кайида” жоопкерчиликти өзүнө алып жатат. Бирок бул калп, айрыкча Усама бин Ладендин өлүмүнөн кийин алар өздөрүнүн пассивдүүлүгүн бир нерсе менен акташы керек эле. Батышты ала турган болсок, европалыктар да, америкалыктар да араб өлкөлөрүндөгү окуяларга даяр эмес эле. Ага кошумча, толкундоолор болгон араб өлкөлөрүнүн башкаруучулары Батыш менен жакшы мамиледе эле.

Малашенко баса белгилеген дагы бир кызыктуу ой, “араб жазы” деп аталган окуялар Борбор Азиядагы авторитардык режимдердин сакталып калышына кыйыр түрүндө таасир этти.

Эксперттер эскерткен бир жагдай – авторитардык режимдердин кулашынын дагы бир окшоштук жактары байкалганында. Адамдардын бир башкаруучуну бардык көйгөйлөрдүн күнөөкөрү катары көрүшүнүн бирден бир себеби - диктатор өзүнө өтө эле көп бийликти үйүп алат. Коомдогу толкундоолор учурунда адамдардын каары биринчи учурда ошол башкаруучуга тиет.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG