Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Президент Барак Обама экинчи мөөнөткө киришти


Кошмо Штаттардын 44-президенти Барак Хусейн Обама Вашингтондогу Капитолий дөңүндө миңдеген адамдын алдында колун Инжилге коюп президенттик кызматын так жана калыс аткарууга, Жараткандын колдоосу менен АКШнын Конституциясын коргоого ант берди.

Жарандык укуктар үчүн күрөшүп, киши колдуу болуп өлгөн Медгар Эверстин жесири 79 жаштагы Эверс-Уильямс батасын берип, президентке ийгилик каалады. Буга чейин бул вазийпаны жалаң эркектер аткарып келген.

Обаманын кайра шайланышына латинамерикалыктар менен кумсалар өзгөчө салым кошкону белгилүү. Ант берүү аземинде Кубадан көчүп келип, АКШ жарандыгын алган кумса акын Ричард Бланко бул күнгө арнап жазган “Бир күн” деген ырын окуп берди. Белгилүү ырчы Жэймс Тэйлор гитаранын коштоосунда "Ажайып Америка" деген ырын аткарды.

Таанымал ырчы Бейонсе Америка Кошмо Штаттарынын улуттук гимнин аткарды.

Капитолийдин алдындагы салтанатка мурдагы президенттр Билл Клинтон менен Жимми Картер келишти. Ал эми Жорж Буштардын улуусунун саламаттыгына байланыштуу ата-бала Буш Обамага кат жолдоп, салтанатка катыша албастыгына өкүнөөрүн күн мурунтан билдиришкен.
Барак Обама ант берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

Президенттин 20 мүнөттөй созулган кайрылуусу “Биздин эл: Биздин келечек” деп аталып, америкалыктарды түйшөлткөн негизги көйгөйлөргө арналды.

Вашингтондун көчөлөрү улуттук желек, гирляндалар менен жасалгаланып, майрамдык маанай өкүм сүрдү. Обаманын сүрөттөрүн кадам сайын көрсө болот.

Кээ бир ресторандар болсо бул күнү президенттин инаугурациясынын урматына атайын тамак уюштурушууда.

Президенттин ант берүү аземин көрүүгө ар кайсы штаттардан жүз миңдеген киши келди. Аларды көбү мындай тарыхый окуяга күбө болууну каалаганын айтышат.

Албетте, мамлекет башчынын катышуусундагы мындай масштабдуу иш-чара коопсуздук күчтөрүнүн катуу көзөмөлүндө өттү. Көчөлөрдү миңдеген тартип коргоочу күзөтүп, Вашингтондун аба мейкиндиги жана суу артериялары кайтарылып турду.

Вашингтондогу "Азаттыктын" кабарчысы Гулназ Эсфандияри шаардагы коопсуздук чараларын мындайча сүрөттөп берди:

- Борбордун айланасындагы кээ бир көчөлөрдү полиция жаап койду. Ар кайсы жерде полициячыларды көрсө болот. Аскердик полициянын машинелери да жүрөт. Адамдарды текшерип жатышканын да көрдүм. Аба мейкиндигин да кайтарышууда.Коопсуздук чараларынан улам, көп нерселер чектелип калды.

Өлкөдөгү экономикалык кризиске байланыштуубу же бул Обаманын экинчи президенттик мөөнөтү болгондуктанбы, айтор бул ирет салтанат жөнөкөйрөк мүнөздө өткөнүн байкоочулар айтышат.

АКШ Конституциясына ылайык, президенттик мөөнөт 20-январда чак түштө соңуна чыгат. Бирок салт боюнча инаугурация жекшембиде өткөрүлбөйт. Андыктан Обама Башмыйзамды урматтоо жана бийлик боштугун болтурбоо иретинде жекшембиде Жогорку соттун төрагасы Жон Робертс жана үй бүлөсүнүн катышуусунда колун Инжилге коюп ант берген. Ал расмий салтанат 1 мүнөттөй убакытка созулду.

Ошентип, Обама АКШ тарыхында 2 жолу президенттикке шайланып, бирок 4 жолу ант берген жалгыз президент болуп калды. 2009-жылы биринчи мөөнөткө киришкенде, Жогоку соттун төрагасы Конституцияда бекитилген тексттен адашып кетип, Ак Үй дагы бир салтанат уюштурууга аргасыз болгон.

Ант берүүнүн саны боюнча Обама Франклин Рузвелтке теңелди. Бирок Рузвелт 4 ирет мамлекет башчы болуп шайланган. Кийин Конституцияга түзөтүүлөр киргизилип, АКШда президенттик мандат эки мөөнөткө кыскарган.

XS
SM
MD
LG