Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:27

Sunday Times: Фергана өрөөнү жоочулардын уясына айланып баратат


АКШ Мамкатчысы Х. Клинтон кыргыз президенти Р. Отунбаева менен. Бишкек, 2010-жылдын 2-декабры.
АКШ Мамкатчысы Х. Клинтон кыргыз президенти Р. Отунбаева менен. Бишкек, 2010-жылдын 2-декабры.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Борбор Азия сапары батыштык басылмалардын көңүл чордонунда болду.

Лондондо чыгуучу Sunday Times акыркы санында Фергана өрөөнүндө кийинки аралыкта чыңалып бараткан коопсуздук кырдаалына сереп салып, мурдагы үч советтик жумуруяттын чек аралары тогошкон бул өрөөн кийинки мезгилдин ичинде динчил жоочулардын уясына айланып баратат деген пикир билдирет. Макалада кийинки айлардын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан ошондой эле Ооганстандагы талиптерден келген жүздөгөн динчил жоочулар бул өрөөнгө топтошкондугу бышыкталып, бул жагдай Пакистанда кербендерге чабуул коюлуп жаткандыктан, Ооганстандагы операциясын Борбор Азия аркылуу тейлөөгө үмүт арткан НАТО уюму үчүн чоң түйшүк болуп калганы баяндалат. АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтондун Кыргызстанга болгон сапарын утурлап, аймакта террор акты ишке ашырылганы эске салынып, макалада андан ары борборазиялык талибдердин өкүлдөрүнөн Өмүралды лакаптуу бир жоочу менен өткөрүлгөн маектешүүдөн үзүндүлөр берилген.

Washington Post гезитинде жарыяланган бир макалада АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон “Манастагы” америкалык транзит борборун күйүүчү май менен тейлөө маселесин Бишкекте бийлик чөйрөлөрү менен талкуулаганын жана миллиондогон доллар акча айланган бул бизнесте экономикасы начар Кыргызстанга дагы үлүш берилүүсү жөнүндөгү Кыргыз өкмөтүнүн талаптары канааттандырыла турганын айтканы билдирилген. Клинтондун 5 саатка созулган Бишкек сапарынын жүрүшүн баяндаган макалада бул келишим кыргыз өкүмөтүнө болгондой эле, күйүүчү майдын көпчүлүк бөлүгүн тейлеген Россияга дагы жага турганы бышыкталып, “Манас” транзит борбору НАТО үчүн коркунучтуу Пакистан жолдоруна ыңгайлуу альтернатива түзгөнү, келишимдин Пентагон тарабынан дагы бир жылга Мина корпорациясына ыйгарылуусу Бишкектин нааразычылыгын туудурганы билдирилет.

Хилари Клинтондун Бишкек сапарына New York Times гезити дагы бир макаласын арнап, “Манас” транзит борборун тейлөө жумушунун бир бөлүгүн Кыргызстандын жаңы түзүлгөн мамлекеттик корпорациясына берүү маселеси чечилгенине көңүл бурган. “Манас” НАТО уюмунун Ооганстандагы операциясы үчүн турмуштук мааниге ээ болуп калганы белгиленген бул макалада Клинтон айым Бишкекте жетекчилер менен жолукканда июнь капсалаңы менен байланыштуу соттолгондорго карата бейтарап мамиле жасалуусун үндөгөнү билдирилет.

“Чачыраган ымыркай коалиция” деген баш сөз менен жарыялаган макаласында Eurasia View сайты Кыргызстандагы саясий кризиске сереп салган. Анда Өмүрбек Текебаев 2-декабрдагы жашыруун добуш берүүдө парламентте 58 добуш гана ала алганы маалымдалып, өкмөт куруу маселеси туюка кептелип калганы, ошондой эле өкмөт башчылыгына ат салышкан Алмазбек Атамбаев убактылуу президент Роза Отунбаевадан коалициялык өкүмөттү куруу мандатын башка бир талапкерге берүүсүн сурай турганы баяндалат.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG