Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

Алтайда байыркы адамдын сөөгү табылды


Орусия -- Денисов үңкүрүндөгү археологиялык изилдөөлөр, Алтай тоолору, 4-июль, 2012.
Орусия -- Денисов үңкүрүндөгү археологиялык изилдөөлөр, Алтай тоолору, 4-июль, 2012.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөздөгү илимий макалаларга сереп (24-30-сентябрь)

Лондондон чыккан The Guardian гезити Сибирде, Алтай тоолорундагы “Денисов үңкүрү” аттуу аябагандай зор жана терең үңкүрдө байыркы замандарда, тагыраак айтканда мындан 50 миң жыл башта жашаган адам баласынын сөөгү тууралуу кызыктуу макала жарыялады. Сөөктүн айрым калдыктары мындан үч жыл башта, 2008-жылы археологдор тарабынан табылса да, ал тууралуу илимий макала жакында эле Science журналында жарыкка чыгыптыр. Сөөктүн дурусураак сакталган бөлүгү - манжа сөөктөр жана эки маңдай тиши гана болсо да АКШ менен Германиянын адистери эң акыркы заманбап илимий ыкмалардын жана техниканын жардамы менен бул байыркы адамдын ДНКсын бөлүп алууга жетишип, геномун изилдешиптир. Сөөктү абдан чоң дыкаттык менен генетикалык анализге алган окумуштуулар бул сөөк кыз баланын сөөгү экендигин аныктады, деп жазат The Guardian.

Азыркы илимдин канчалык өскөнүн ушундан билиңиз - кыздын тирүү кезиндеги өңү-түсү кара тору, чачы кара-күрөң, көзү да күрөң түсто, бизче айтканда кой көз кыз экени да билиниптир.

Лейпциг шаарында жайгашкан Макс Планк институтунун антропологдорунун айтканына караганда жана ошондой эле байыркы кыздын генетикалык материалдарын жакшылап карап чыккан Гарвард медициналык окуу жайынын адистеринин пикирине караганда, бул кыздыкындай генетикалык үлгүлөр азыр да бар экен. Андай үлгүлөр, маселен, Австралиянын аборигендеринде, Филиппиндин жергиликтүү калктарында да кездеше тургандыгы аныкталды, деп жазат The Guardian.

Ал эми бул 50 миң жыл мурда жашаган кыздын уруулаштары же кандаштары бир убактарда Алтайды жердеген жана азыркыга чейин жашап келаткан улуттардын арасында барбы, болсо кимдер, кайсы улуттар деген суроо окумуштуулардын, генетиктердин алдында турган чоң илимий суроо сыяктанат. А балким ал кыздын кандаштары жана улуулаштары азыркы кыргыздар болсочу?..

Time журналында планетанын кар жана муз запастары мурда болжолдолуп жүргөн мөөнөттөн да ылдамыраак эрип баратканы тууралуу маанилүү макала жарыяланды. Американын кар жана муз маселелерин изилдеген илимий борборунун жаңы маалыматына караганда, быйылкы жайда 690 миң квадрат километрге (б.а. 1.32 миллион квадрат миля) жакын Арктиканын муз аянты эрип кетиптир. Бул деп айтылат жогорудагы аты аталган илимий борбордун маалыматында, бүтүндөй АКШнын чоң штаты - Техастын терриориясына барабар келген аянт болуп эсептелет. Арктиканын атам замандан бери келаткан муз тонунун мындай тез ылдамдыкта эригенинин биринчи себеби ошол муз тондун, же кабыктын кийинки замандарда абдан жукарып кеткени жана планетанын климаты чынында эле байкалаарлык жылый баштаганы болууда, дейт илимий борбордун кызматкери Уолт Мейер. Эгер минтип отурса, Арктиканын муз запасы келе турган он жылдын ичинде кадимкидей шылынып түшөөрү болжолдонууда, дейт экинчи бир климатолог Виеслав Масловски.

“Планетанын калкы тез жана жапырт картаюуда” деп кулак кагууда Женевадан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (WHO). Жакынкы кырк жылдын ичинде жашы 60тан ашкандардын саны жер үстүндө эки эсе, ал эми 80 ашкандардын саны 4 эсеге чейин өсөт экен. Көп балалуу болгондордун саны бардык континенттерде төмөндөп, улгайган адамдардын саны кескин көбөйүп, бирок келечектеги адамзат инфекция аркылуу келген оорулардан эмес, негизинен жүрөк кан тамыр ооруларынан, инсульт, дем алуу органдарынын илдеттеринен көбүрөөк азап тартчудай, деп болжолдойт Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму.

Бул эл аралык уюм тамеки менен күрөшүү маселесин дагы эле биринчи орунга коюуда. Тамеки чеккендин айынан жылына 6 миллион киши мезгилинен эрте каза таап, анын 80 пайызы кедей мамлекеттерде кездешет экен. Ошону менен бирге тамеки чеккенге каршы күрөшкөн, коомдук жайларда тыюу салган өлкөлөрдө тамеки чегүү 29 пайызга азайганы айтылууда. Тамеки чеккенди 65 менен 70 жаштын ортосунда таштагандар да бейажал өлүмдөн 50 пайызга чейин кутулат деп белгилейт аталган эл аралык уюмдун эксперттери.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Интернет порталындагы дагы бир кызыктуу маалымат көзгө урунат. Казакстанда жан башына жылына 9700 доллар киреше туура келсе да, эркектердин орточо өмүрү 60 жаш, аялдардыкы 70 жаш экен. Бирок кызык жери, Кыргызстанда жан башына туура келген киреше казактардан дээрлик үч эсе аз болсо да (2015 доллар), эркектердин орточо өмүр жашы 63, ал эми аялдардын орточо өмүр жашы 70 жаш экен. Ошентип казактардын эркектери кыргыздардан 4 жаш аз өмүр сүрө тургандыгы дайын болду. Ырас, бул 2009-жылкы маалымат, андан бери кандай демографиялык өзгөрүштөр болуп кетти, Кыргызстанда турмуш жакшырдыбы же кедерине кеттиби, казактар кантти, аны келе турган 2013-жылы билет окшойбуз, себеби бул эл аралык уюм статистикалык маалыматтарды ар бир төрт жылда бирден жаңылап турат.

Акырында “Казахстанская правда” гезитинде жарыяланган эң эле жаңы маалымат менен да окурмандарды тааныштыра кетели. Кошуна республиканын Статистика агенттигинин жетекчиси Алихан Смаиловдун билдиргенине караганда, Казакстанга мигрант болуп келгендердин арасында кыргыздардын үлүшү өтө эле аз экен - болгону 3900 киши экен. Анын тең жартысы Алматы шаарында, калгандары Астанада жана башка бир катар шаарларда турукташты дейт, агенттиктин жетекчиси. Салыштыруу үчүн айтсак, 2010-жылдан бери бир эле Ѳзбекстандан 50 миң киши көчүп келиптир.

Ошону менен бирге Казакстандан да сыртка кеткендер көп экен. Маселен, 2010-жылдан бери эле Орусияга 64 миң киши көчүп кетиптир.
XS
SM
MD
LG