Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

“Эхо Москвы”: 2013-жылы Путин бийликтен кетет


Орусия -- чеченстандык жаш жигит телевизордон президент Владимир Путиндин маалымат жыйынын көрүүдө. Грозный, 20-декабрь, 2012.
Орусия -- чеченстандык жаш жигит телевизордон президент Владимир Путиндин маалымат жыйынын көрүүдө. Грозный, 20-декабрь, 2012.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (24-30-декабрь).

Жыл аяктаган сайын ар түрдүү прогноздор, божомолдор, эски жылдын жыйынтыгын чыгаруулар, жаңы жылда боло турган иштерди дүңүнөн сүрөттөөлөр көп болот эмеспи. Ошол сыңары эл аралык гезит-журналдардын беттеринде эски жылдын жыйынтыгын чыгаруу да, жаңы жылга карата ар кыл болжолдорду куруу да көп болууда.

Лондондон чыккан The Economist журналынын пикири боюнча, 2013-жыл кайсы тарабынан алып караган күндө да 2012-жылдын логикалык уландысы, башкача айтканда, кетип бараткан жылдагы бардык илдеттердин кесепеттери, эски проблемалардын жаңы барактары жана аларды чечүүнүн ар кандай аракеттери болот.

Кызык жери, бир да гезит же журнал 2013-жылдагы дүйнө тууралуу оптимисттик маанайдагы прогнозду берген жок. Бир гана The Wall Street Journal басылмасы “Көтөрүлүп бараткан Азия” деген сөздү өзгөчө басым менен колдонду. Сыягы журнал “Азия” дегенде ар кандай кризистерге карабай өсүү темпин жогото элек Кытайды, технологиялык жаңы жетишкендиктери менен жакшы ийгиликтерди жаратып жаткан Түштүк Кореяны, дурус деп айтаарлык экономикалык көрсөткүчтөрү бар Индонезияны, дурус темп менен өсүп жаткан Вьетнамды айтып жатат көрүнөт.

Европанын финансылык кризиси качан бүтөт, евро эл аралык валюта катары ролун сактап калабы же жокпу деген суроого да азырынча бир да аналитик оң жооп бере элек. Ал эми атактуу финансист жана филантроп, Кыргызстанда да аты жакшы белгилүү Жорж Сорос Европа үчүн жаңы бир план керек болуп турганын, аны ал “План Б” деп атаарын, себеби “План А” ишке ашпай калганын “РБК дейли” агенттигине берген интервьюсунда ачык эле айтты.

Негизинен саясатты, эл аралык турмуштун маселелерин иликтеген The Foreign Policy журналы “2013-жылдагы 10 опурталдуу жаңжал” аттуу макаланы жарыялады. Макалада журнал азыркы дүйнөдөгү алды кадимкидей согушка айланып, арты улам ырбап бараткан жаңжалдарды тизмелеп чыкты жана бул чырлар эмне бүтөөрү тууралуу божомолун ортого салды. Журналдын пикири боюнча, дале болсо биздин Борбордук Азия тынч эмес жана бул региондо улуттук жана регионалдык масштабдагы ыр-чырлардын чыгып кетиши толук мүмкүн. Жалпы эле Азия материгин ала келгенде Кытай менен Жапониянын ортосундагы талаштуу аралдардан улам чыккан чатак, Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы ого бетер ырбап бараткан ракета жаңжалы, эч качан беймарал жашап көрө элек жана талибдердин таасиринен таптакыр кутула албай койгон Ооганстан менен Пакистан 2013-жылы дагы жаңы сыноолорго туш болоору күтүлөт, дейт The Foreign Policy журналы.

Ушул күндөрү бүт дүйнө Америка Кошмо Штаттарына абдан катуу кулак түрүп турган кези. Анын себеби чынында да өтө орчундуу: Президент Барак Обама менен Конгресс мамлекеттик карыз маселесин чече албай, бай деп саналган америкалыктардан алынчу салыктарды көтөрүү боюнча талаш маселе азыр да аягына чыга элек. “Азыркы Америка - атасынан калган дүйнөнү талаага чачкан жаман уулга окшош” дейт The Christian Science Monitor гезити. Маселе жакынкы бир нече күндүн ичинде чечилбесе, экономикасы эң күчтүү деп эсептелген бул мамлекет чоң кыйынчылыктарга дуушар болуп, анын таасири бүт дүйнөгө тиет, анткени бүт дүйнө - элдер да, мамлекеттер да - Американын долларын негизги эл аралык акча катары кармап отурат. Демек, Америкадан кут качса, доолардын да берекеси кетет, анын кесепетин бүт дүйнө тартат.

Эң абройлуу деген орус маалымат каражаттары да келе турган жылдын экономикалык жана социалдык портретин тартууга бүт аракетин жасады. Бирок Орусия өтө тереңге кетип калган саясий жана экономикалык илдеттерден эртелеп кутулушка эч бир шансы жоктой. Москвадагы Карнеги борборунун пикири боюнча, азыркы Орусия бир эмес, үч катар келген кризисте жашап жатканы айтылат. Биринчиси, Путин курган легитимсиз саясий режим, экинчиси, жалаң чийки зат сатып бюджет толтурган орус капитализми, үчүнчүдөн, демилгесиз калк, патерналисттик аң-сезимден чыга албай койгон, качан болсо бийликтин оозун карап көнүп калган эл-журт.

Конституцияда жок болсо да үчүнчү жолу шайланып алган Путиндин рейтинги кийинки убакта абдан төмөн түштү, айрыкча таптакыр чектен чыгып кеткен алдым-жуттумдук, укмуштуудай кенен кулач жайган коррупция азыркы орус бийлигинин кадырын биротоло кетирди, дейт жогоруда аталган Карнеги борборунун аналитиктери.


Ал эми “Эхо Москвы” радиосунун сайты белгилүү журналист В. Пионтковскийдин “Эмне себептен Путин 2013-жылы бийликтен кетиши керек?” деген чоң макаласын басты. Макалада автор орус коомчулугунда азыркы мамлекет башчысына болгон нааразылык опурталдуу чекке жетип калганына көңүл бурду. Ал эми дүйнөгө белгилүү Time журналы жазган бир маалымат, албетте, кимди да болсо иренжитпей койбойт го. Көрсө, эбак көзү өтүп кеткен Мамлекеттик Думанын бир депутаты үчүн Мамлекеттик Думада 31 жолу кнопка басылып, фракциялар уялбай добуштун санын көбөйтүп жүрүшүптүр.

Айтор жаңы жыл алдындагы прогноздорду, болжолдорду санай берсек, сөзүбүздүн аягына оңой менен чыгалбайбыз. Ошондой прогноздордун бири атактуу саясатчы, дипломат жана окумуштуу Генри Киссинжердин Израилдин келечеги тууралуу пикири десек болот. Белгилүү дипломат The New York Post гезитине берген интервьюсунда еврейлердин мамлекети тууралуу абдан пессимисттик көз карашын билдирип, Израиль мамлекет катары жакынкы он жылдын ичинде жок болуп кетиши толук мүмкүн деп эсептейт.

Ал эми CNN глобалдык телеканалы Сириянын азыркы жетекчиси Башар аль-Асад кан төгүүдөн эч кандай майнап чыкпай турганына көзү жетип, эми эптеп тынчыраак жерден баш калка табууну ойлоп жатканын кабарлады. Бир катар орус сайттары Башар ал-Асад алыскы Венесуэлага кетиштин камын көрүп, ал үчүн дипломаттарды ортого салып жатканын да жазып жиберди.

Кыскасы жаңы жыл алдындагы божомолдор ар түрдүү. Эмне дейбиз, дүйнө, тарых деген нерсе ушундай түзүлүптүр, адам баласы ушундайча жашайт экен.

Андан көрө жаңы жылда Кыргызстаныбыз тынч-аман болсун, элибиз, эл ичинде биз аман бололу деп тилек кылалы, урматтуу “Азаттыктын” угармандары жана окурмандары.

XS
SM
MD
LG