Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Орусия Ошто аскердик база ачабы?


Орусиянын Канттагы авиабазасы. 2013-жыл
Орусиянын Канттагы авиабазасы. 2013-жыл

“Взгляд” басылмасы кабарлагандай, Орусия менен Казакстан соода-сатык маселелери боюнча кайрадан чатакташты.

Казакстан ички сатыктан орусиялык майонез, май жана таттуу шириндиктерди алып салса, Орусия Казакстандын сүт азыктарына доомат койгон.

Казак тараптын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитети Орусиянын майонез, май жана таттуу шириндиктери Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербейт деп жарыялады. Ушундай себепке байланыштуу эки тоннадай Орусиянын сүт азыктары сатыктан алынып салынды.

Андан тышкары Казакстан бир жылдан бери өзүнүн аймагында орус маркасындагы алкоголдук ичимдиктерди сатууга уруксат бербей келет. Мындай саясат жакын геосаясий өнөктөрдүн мамилесине окшобойт, - деп жазат "Взгляд" гезити.

Эки өлкө ортосундагы соода араздашуусу көптөн бери созулуп келатат. Буга чейин азык-түлүктөргө көзөмөл салчу Роспотребнадзор федералдык кызматы Казакстанды Орусияда тыюу салынган азык-түлүктү импорттоп жатат деп айыптаган. Ал ирет Москванын чет жагында казак тарап сатыкка чыгарган АКШнын кургатылган мөмө-жемиштери жөнүндө кеп болгон.

"Орусия Канттагы авиабазасын күчтөндүрдү", - деп кабарлайт “Взгляд” басылмасы. Келишимдин негизинде жумушка алынган аскер кызматчыларынан турган жаңы учуучу бөлүк түзүлүп, ал отряд «Орлан» жана «Форпост» учкучсуз учуучу аппараттары менен камсыз болгон.

Канттагы авиабазаны Москва 2009-жылы 49 жылга ижарага алган. Ижара үчүн Москва Бишкекке жылына 4,5 миллион доллар төлөп келет деп айтылат макалада. Андан тышкары Орусия 2017-жылы Кыргызстандын Ош шаарында экинчи аскердик базаны ачууну пландап жатканы кабарланат. Мындай келишимге эки мамлекет 2013-жылы кол коюшкан экен.

Евразия экономикалык биримдиги жогорку жашырындуулукка өтүүдө деп жазат “Известия” гезити. Эми Евразия экономикалык биримдигинин ишине байланыштуу маалымат өзгөчө купуя болуп эсептелип, мындай маалыматтарды ачыктаганы үчүн юридикалык жана физикалык тараптар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылмакчы.

Бул келишим Беларус менен Казакстанда ратификацияланган, эми Орусия бекемдөөгө даярданууда. Биримдиктин жаңы мүчөсү Армения дагы буга кошулуунун алдында. Ал эми май айында союзга толук кандуу мүчө болуп кирүүчү Кыргызстан келишимди автоматтык түрдө кабыл алган болуп эсептелет, деп айтылат макалада.

«Газета.ру» интернет басылмасы “Славяндардын кулашы” деген макаласында КМШ өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүү темпи төмөндөөрүн баяндайт. Анда Украина, Орусия жана Беларус өзгөчө оор абалга туш болору, андан тышкары Москвага байланган Казакстан, Армения жана Кыргызстандын экономикасы дагы кыйынчылыкка учурары эскертилет.

Бардыгына мунай өңдүү чийки заттарга дүйнөлүк баанын төмөндөшү, рублдин девальвация болушу, Украинадагы куралдуу чатак жана Орусияга каршы санкциялар шыкак болууда. Дүйнөлүк банктын жана башка эл аралык институттардын божомолу боюнча Украинанын ички дүң өндүрүмү кийинки жылы 5 пайызга кыскарса, Орусияныкы 2,9 пайызга азаят.

Экономикалары орус рыногу менен тыгыз байланышкан Казакстан, Армения жана Кыргызстандын ички дүң продуктусу 1,6-1,8 пайызга кыскарат делет макалада. Кыргызстан биринчи кезекте Орусиядагы эмгек мигранттарынын жөнөткөн акча которууларынын азайышынан жабыр тартары белгиленет.

2013-жылы мигранттар Орусиядан КМШ өлкөлөрүнө 22 миллиардга жакын доллар которсо, былтыр 19 миллиард доллар жөнөтүлгөн. Бирок бул акча которуулардын кыскарышына карабай Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжандын ички дүң продуктусу 4-10 пайызга өсөөрү болжолдонот. Бул өлкөлөрдө инвестициялык процесстер азайбайт, Кытай жана Батыш өлкөлөрү башкы инвесторлор болуп берет, деп жазат «Газета.ру» басылмасы.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG