Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Бикиниден буркиниге чейинки Европа


Буркини кийген мусулман аял
Буркини кийген мусулман аял

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.

Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө кызуу талкууланган макалалардын сап башында “буркини” темасы турду. Европанын аялдардын кийимин көзөмөлдөө саясатына New York Times басылмасы да кайрылган. “1950-жылдары Италиянын Римини шаарындагы жээктерде бикини кийген аялдарды полиция кармап, суракка алчу. 60-жылдарга чейин Францияда да жээкте ачык кийингендер жоопко тартылып, сууга түшкөндө азыркы тыйып жаткан буркиниге окшош кийим кийиш керек деген жарнамалар жайнап турчу. Тарыхчылар, антропологдор ондогон жылдардан бери аялдын денесин эмне менен жабыш керек деген маселе боюнча баш оорутуп келишет. Бирок аялдын кандай кийине турганы боюнча акыркы чечимди баары бир эркектер чыгарып жатышат”, - деген пикир аталган басылмада жарыяланды.

Ал эми Financial Times гезити болсо мусулман аялдардын баштан-аяк жабык сууда сүзүүчү кийимине тыюу салуу менен Франция Европада цивилизациялардын кагылышуусуна жол ачаарын белгиледи. “Француз жээктеринде буркини кийгендерди полициянын суракка алуусу Батыш абдан кыйынчылык менен жетишкен эркиндикти чектөөгө барабар. Кийимди тыюу менен демократияга доо кетирип, либералдуу исламдын принциптерин тепсеп, аялдарга, айрыкча мусулман кыз-келиндердин эркиндигине доо кетирет”, - дейт басылманын аналитиги. Жакында эле Франция бийлиги буркини кийип сууга түшүүнү тыйган, бирок бир топ талаш-тартыштардан кийин аны кайра жокко чыгаруу маселеси козголууда.

Өзбекстан көчмөндөр оюнуна келбейби?

The Diplomat журналынын аналитиги Кэтрин Путз Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуучу 53 өлкөнүн ичинде Өзбекстан жок экенин жазды. “Ысык-Көлдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык коомчулуктун назарын бурууда. Евразиянын олимпиадасы делген иш-чарада элүүдөн ашык мамлекет ат оюндары баш болгон спорттун түрлөрүнөн жарышат. Олимпиада сыяктуу эле көчмөндөрдүн бул жарышы саясий өңүттө болгону калды. Гватемала, Эстония жана Зимбабведен бери спортчулар катышканы турса, Кыргызстандын улагалаш коңшусу Өзбекстан негедир тизмеде жок. Буга эмне себеп? Өзбек атлеттери 2014-жылкы көчмөндөр оюнуна катышкан. Быйыл март айында кыргыз-өзбек чек арасында чыккан кырдаал жана Үңкүр-Тоодогу акыркы акыбал эки өлкөнүн чектерин эле эмес, спорттогу байланышын да токтотуп жаткандай" - дейт Кэтрин Путз.

Демократия жемкорлуктун товарына айланды

World Economic Forum басылмасы акыркы мезгилдеги дүйнөлүк демократиянын акыбалына сереп салган. “21-кылымда демократиялык түшүнүктөр өз жолунан адашып, маанисин жоготуп алды. Аврам Линкольндун демократия тууралуу берген аныктамасында бул түшүнүк эл үчүн кызмат кылышы керек эле. Шайлоочулар саясий эркин жоготуп, саясатчылар демагогдорго айланды. Улуу Британияны карагылачы, популисттик партия аны Европа Биримдигинен сүйрөп чыгарып, глобалдык экономиканы аңга таштады. Австрияда болсо ФПО деп аталган нацисттер түзгөн партия азыркы күндө популярдуу болуп жатат. Бул сыяктуу мисалдар толтура. Ларошфуконун “абдан күчтүү эсептөө системасы жок демократияга ишенүүгө болбойт” деп жазганы бар. Азыркы таптагы “демократия” делген системалардын көбү убактылуу, транспаренттик болууда”, - дейт басылма автору. Басылма демократияны сактап калууга кеч эмес экенин белгилеп, бир нече жолду сунуштайт.

Кытайда туулган күн тосуу тыйылууда

The Washington Post гезитинде чыккан макалада Кытайдын коммунисттик партиясы айрым шаарларда арак-шарап, тамеки суудай аккан туулган күн тосуу кечелерин тыйып жатканы айтылат. Си Цзинпиндин жемкорлукка каршы саясий кампаниясы башталгандан бери Кытайда өз байлыгын элге мактанып көрсөтүү өнөкөтүн жоюу аракеттери жүрүүдө. Адатта туулган күн салтанатында кымбат баалуу кийимдери, биринен бири өткөн азем буюм жана эбегейсиз масштабдагы шаан-шөкөттөрү менен кытайлар ат салышып келишкен. Эми мындан ары 80 жана 90 жылдык юбилейлерден башка салтанаттар Кытайдын Сычуань провинциясында болбойт. Мындай тойго кеткен каражаттын жалпы суммасы да 650 юандан ашпоосу зарыл. Акыркы үч жылдан бери 11 миң мамлекеттик кызматкер кымбат той өткөргөнү үчүн ишинен ажыраган. Бирок China Daily басылмасы туулган күндү тыюу мыйзамга жат экенин жазууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG