Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Африканы баскан Кытайдын "эшек бизнеси"


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (26-сентябрь - 2-октябрь).

Кытай салттары боюнча эшек минүү жана анын эти менен сүтү адамдын кан айлануу системасын жакшыртат деген түшүнүк бар.

The Independent гезити Африканын айрым өлкөлөрүндө Кытайга эшек сатууга тыюу салынганын кабарлады. Анткени акыркы жылдары кытай ишкерлери эшекти дүңүнөн сатып алып жаткандыктан континентте анын саны кескин азайып кеткен.

Нигериянын өзүндө эле Кытайга бул жандыкты сатуу акыркы жылда үч эсеге көбөйүп, 80 миң эшек экспорттолгон. Ошондуктан бийлик аны чет өлкөгө чыгарууга тыюу салды.

Буркина Фасонун өкмөтү да эшек этин, сүтүн жана терисин экспорттоону расмий токтотту. Буркина Фасодо бир жылда 1,4 миллион эшек жоголгон.

Кытайдын эки ири компаниясы быйыл апрелде Кениянын чыгышына атайын касапкана ачкандан бери күн сайын жүздөн эшек союлууда. Бул тууралуу кениялык Daily Nation гезити маалымдады.

Кытайда эшектердин саны 1990-жылдары 11 миллиондой болсо, азыр 6 миллионго чейин азайган.

Кытай медицинасында "ижао” деген ат менен белгилүү болгон, эшектин эти жана сүтүнөн жасалган дары кан айланууну жакшыртып, аялдардын бузулган айыз абалын калыбына келтирет деген ишеним бар.

Кытайдын салттуу медицина өкүлдөрү бийликтен эшек санын көбөйтүүнү талап кылганын New York Times басылмасы жыл башында жазып чыккан эле.

Мирзиёев жана Борбор Азия алакасы

Eurasianet басылмасы Ислам Каримовдон кийинки Өзбекстандын дипломатиялык акыбалына сереп салды. “Президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев коңшулары менен ымаланы оңдоо аркылуу тышкы саясаттагы алгачкы кадамын баштады. 29-сентябрда өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов Тажикстанга барып, Эмомали Рахмонго жолукту. Бир нече жылдан бери Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстан менен дипломатиялык ымаласы солгундап келген өлкө үчүн Каримовдон кийин тышкы саясатта жаңы барактар ачылгандай. Рахмон менен Каримовдун мамилеси Рогун ГЭСине байланышкан пикир келишпестиктен улам бир нече жылдан бери муздап турган эле. 22-сентябрда Шавкат Мирзиёев Казакстандын вице премьер министри Аскар Мамин менен Ташкентте жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду. Андан 10 күн мурда казак лидери Нурсултан Назарбаев да Ташкентке барган. Казак-өзбек мамилеси да Евразия экономикалык биримдигинин доору башталгандан бери солгундаган. Жаңы өзбек лидери мөмө-жемиштерди Казакстанга экспорттоо, соода-сатык байланышты жаңы келишим менен кайра баштаганы турат. Мирзиёев Борбор Азияда дароо эле таасирлүү лидер боло калары күмөн, ошентсе да анын азыркы баштаган иши оптимисттик келечек тууралуу ойлонууга негиз берүүдө”, - деп жазат Eurasinet.

Сауд Арабия: Батыш “Ислам мамлекетин” жеңе албайт

Германияда чыккан Die Welt гезитине курган маегинде Сауд Арабиянын Коргонуу министринин кеңешчиси Ахмед аль-Ассири Батыш азыркыдай бомбалоо жолу менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жеңе албайт деген көз карашын билдирди. “Сауд Арабия Сириядагы карапайым калкты коргоо үчүн аба соккуларын токтотууну талап кылган. Азыр болсо Сириянын бийлиги өзүнүн карапайым, аргасыз абалда калган элин бомбалап жатат. Мындай шартта Батыш “Ислам мамлекети” тобун жеңе албайт. Зордукчул топтун пайда болуусуна сириялык режимдин жырткычтыгы себепкер. Жергиликтүү калк Сирия бийлигинин колунан өлүп же “Ислам мамлекетине” кирип кетүү деген эки жолдун экинчисин тандап жатат. Сириядагы кан күйгөн согушту тынчтык сүйлөшүүлөрү менен гана токтотсо болот. Орусиянын кийлигишүүсү абалды курчутуп ийди. Сүйлөшүүлөрдү улантпасак карапайым калктын азабы дагы арбыйт. Келечекте Сирия бийлиги тарапта согушуп жаткан ирандык аскерлер башка өлкөлөрдүн коопсуздугуна да чоң коркунуч жаратат”, - деген пикирин айтты.

Малайзия компаниясы Кыргызстандын электр станцияларын ондойт

Малайзиянын Pestech International Bhd компаниясы Кытайдын эң ири Shandong ишканасы менен бирге Кыргызстандагы электр станцияларын жаңылоо иштери боюнча келишимге кол койот. Бул тууралуу Малайзияда чыккан Malasian Reserve гезити кабарлады. “Pestech үчүн Кыргызстандын “Түндүкэлектр” ишканасы менен кызматташуу жаңы, бирок аз суммадагы келишим, ал болгону 8,5 миллион доллар. Ошентсе да кийинки тендерлерге катышууда компаниянын аброюн көтөрөт. Анын үстүнө электр станцияларын жаңылоо долбоорун Дүйнөлүк банк каржылагандыктан, төлөм жагынан көйгөй жаралбайт”, - деп жазат аталган гезит.

Бул келишимге октябрда кол коюларын, бир жылдын ичинде үч ири станцияны жаңылоо-жабдуу иштери жүрөрүн Edge Markets сайты да кабарлады.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG