Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Путинге берилген розалар


Владимир Путин менен көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиону Алина Кабаева.
Владимир Путин менен көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиону Алина Кабаева.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-9-октябрь).

"Владимир Путин туулган күнүндө эмне деген гана белектерди албады? Крокодил, күлүк тулпарлар, эротикалык жылнаама, айтор анын албаган белеги калган деле жок окшойт" деп башталат Newsweek журналындагы баяндама. 7-октябрда 64 жашка толгон Путинге орус парламентинин 450 мүчөсүнүн баары бирден роза гүлүн тартууласа, Грозныйдын эң чоң стадионунда орус президентинин урматына концерт уюштурулду. “Депутат Валентина Терешкова Путинге бирден роза тартуулоону күн тартибине коюп, Мамлекеттик Дума аны бир добуштан колдогон. Чечен лидери Рамзан Кадыров болсо “Дүйнөнүн мыкты президенти” деген чоң ураан алдында Грозныйдын эң ири футбол стадионунда концерт уюштуруп, Путиндин атын даңазалады”, - деп жазат Newsweek.

Дүйнөнүн башка лидерлеринен айырмаланып, Путинге туулган күнүндө адаттан тыш белектер ыйгарылат. Маселен, 2010-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин студенттери эротикалык жылнаама беришсе, айрымдар крокодил, кымбат иттерди, ал эми Иорданиянын падышасы араб тулпарын берген. Алардын ичинен эң эле эсте калганы 2008-жылы белгисиз адамдар тартуулаган илбирстин баласы.

Бээжиндин сөз эркиндигине жана козголоңчуларга каршы согушу

Кытай бийлиги 2015-жылдан бери чет жакта жашаган теги кытайлык диссиденттерди жашыруун кармап кетип жатат. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча Женевада өткөн 33-сессиясында сөз болду. Кеңешмеде 22 жаштагы Ангела Гуй атасы Гуй Минхай бир жылдан бери дайынсыз экенин айтып, эл аралык укук коргоочуларды чара көрүүгө чакырды деп жазат The Diplomat журналынын аналитиги Чолпон Орозобекова.

“Швециянын атуулу, Гонконгдогу басмакананын ээси Минхайды Таиландда иштеп жүргөн кезинде 2015-жылдын 17-октябрында белгисиз адамдар кармап кеткен. Ошондон бери андан дайын жок. Былтыр октябрь-декабрь айларында бул ири басмаканада иштеген төрт адам жоголгон. Минхайдын басмаканасынан Си Цзинпинди сындаган тариздеги бир нече китеп чыгып, эл аралык коомчулукка таркаган эле. Буга чейин Кытай бийлиги чет жактан атуулдук алган мурдагы жарандарын эч качан кармап кетчү эмес. Бирок мындай көрүнүш Си Цзинпиндин “Түлкү аңчылыгы” деген аталыштагы бир жыл мурда башталган операциясынан бери коррупцияга каршы күрөшүү ураанынын алдында көбөйүүдө. Бээжин дүйнөнүн 68 өлкөсүндөгү 800 кытайлык жаранды жашыруун кармап кеткен. Женевадагы эл аралык бейөкмөт уюмдар Кытай бийлигинен адам укуктарын сактоону талап кылып келишет”, - деп баяндайт Орозобекова.

БУУ Сауд Арабиясын балдарды ташбараңга алууну токтотууга чакырды

Сауд Арабиясында 15 жашка толгон өспүрүмдөр чоң киши катары сот жообуна тартылып, өлүм жазасы да берилет. Ушундан улам Бириккен улуттар уюму аталган өлкөнү балдардын укугун коргоого чакырды деп билдирет Британиянын The Independent гезити. БУУнун 18 көз карандысыз эксперти Сауд Арабия падышалыгындагы балдардын акыбалын иликтеп, мыйзамдарында кыздарды алигиче кемсинткен жагдайлар бар экенин табышкан. Айрыкча шиит азчылыгынын балдары кысымга учурап, мектепке барбай калгандары көп катталган. Жыл башында он сегизге толо элек 47 өспүрүм өлүм жазасына тартылган. Буга кошумча балдарга карата сексуалдык зомбулук кылгандар да жазасыз калып жатканы белгиленген. Мисалы, 2012-жылы өзүнүн беш жаштагы кызын зордуктап, кыйнап өлтүргөн саудиялык имам Файхан аль-Гамдинин абакта отуруу мөөнөтү азайтылып, эркиндикке чыкканын баяндады The Independent.

Өкмөт башчы ойноп жатып кармалды

Норвегиянын премьер министри Эрна Сольберг парламенттик дебаттар учурунда уюлдук телефонунан “Покемон Го” оюнун ойноп жаткан сүрөтү дүйнөгө таркап кеткен. Бул тууралуу​ The Guardian гезити кабарлады. “Бул бийлик өкүлдөрүнүн оюн үстүнөн кармалган алгачкы учуру эмес. Август айында да Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда либералдык партиянын лидери Трайн Скей Гранде да дал ушул оюнду ойноп жатканда тартылган сүрөтү кызуу талкууга себеп болгон. Бирок норвегиялык бул эки саясатчы айым социалдык тармактардагы сын айткандарга: “Аялдар бир учурда эки ишти алып кете алат”, - деген гана жоопту айтып, кырдаалдан чыгууда”, - дейт The Guardian.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG