Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Time: Обама жубайы тууралуу имишке чекит койду


Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама жубайы Мишел Обама менен.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама жубайы Мишел Обама менен.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (24-30-октябрь).

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама жубайы Мишелдин акыркы мезгилде саясий майданга көп чыгуусунан улам калк арасында пайда болгон имиштерге 28-октябрь күнү чекит койду деп жазат Time журналы.

Демократиялык партиядан чыккан Хиллари Клинтондун үгүт иштерине жигердүү катышып жаткан Мишелдин Хиллариге караганда да абройлуу болуп баратканы эл оозунда байма-бай айтылып келген. Барак Обама радиого берген интервьюсунда: “Мишел эч качан президенттик жарышка катышпайт. Ал абдан таланттуу, мыкты адам. Мен күйөөсү катары аны менен абдан сыймыктанам. Мишел өзүн мындай жоопкерчиликтүү кызматка талапкер катары такыр көрө албайт. Ошентсе да Ак үйдөн кеткенден кийин деле коомдогу иштерге байма-бай катышып турат. Кыла турган иштерибиз көп”, - деди.

Ал эми шайлоочулары менен жолугушуусунда Мишел Обаманы эл алдына чакырган Хиллари Клинтон: “Президенттикке шайланып калсам Мишелди эч качан жерге таштабайм. Колуман келишинче көтөрмөлөйм. Ал жаңы бийликте татыктуу ордун табат”, - деп сөз берди.

Борбор Азия: энергетикадагы кризис

The Diplomat аналитикалык басылмасы чөлкөмдөгү энергетикалык коопсуздук жана саясатка байланыштуу кезектеги талдоо макаласын жарыялады. “Борбор Азиядагы суу жана жарык маселесин жоюу үчүн эмне кылыш керек?” – деген темадагы баянда CASA-1000 долбоору жана анын ишке ашуусуна тоскоол болуп жаткан жагдайлар саналды. “Дүйнөлүк банк аталган долбоорду чөлкөм менен Түштүк Азиянын ортосундагы энергетикалык карым-катнашты өнүктүрүү максатында баштаган. Эгерде ал ишке ашып кетсе, Тажикстан менен Кыргызстандын таза суусун экспорттоого шарт түзүлмөк. Бирок Борбор Азиянын өзүндө кышкысын электр жарыгы маал-маалы менен өчүүсүнө кырды-бычак саясат да себеп болууда. Эмнеге табигый газга бай Түркмөнстан, Өзбекстан жана таза сууга мол Тажикстан менен Кыргызстан өз ара ымаласын жакшыртып чөлкөмдүн эле эмес, Азиянын энергетика лидери боло албайт? Тажикстанда дүйнөдөгү ири Рогун ГЭСинин плотинасын куруу башталса да жапырт жарыксыз отуруу бул өлкөгө кышкысын адатка айланган. 2012-жылы Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов "суудан чыккан чатак согушка от жагат" деп эскерткен эле, - деп жазат The Diplomat.

Аял менен эркектин мээсиндеги айырмачылык

The Conversation аттуу илимий журнал аял менен эркектин мээ түзүлүштөрү башкача экенин илимий негизде далилдеген макаласын чыгарды. “Сүйлөө, көйгөйлөрдү талдоо, түстөрдү кабылдоо жана курал-жаракка карата мамиле кылуу сыяктуу бир нече психологиялык факторлорду алып, окумуштуулар эркек жана кыз балдардын мээсин сканерлешкен. Алардын жогорудагы факторлорго карата кабылдоосу эки башка болуп чыккан. 18-кылымдын илимпоздору аял менен эркектин баш мээсин таразага тартып, өзгөчөлүгүн карап чыккандан кийин илимге “нейросексизм” деген термин киргизишкен. Ошентсе да жакында эле ишке ашкан компьютердик-томографиялык иликтөөдө ар бир адамдын баш мээси өзгөчө, бири-бирине окшобогон мозаикалык структура деп табылган. Ал тургай айрым эркек кишилердин мээсинен аялдыкындагы элементтер да байкалган. Психологдор менен психиатрлар ушундан улам адамдын жынысына карабай эле баш мээнин өзүн “ургаачы” жана “эркек” деп бөлүш керек”, - деген тыянак чыгарганын The Conversation басылмасы билдирди.

Кызын аркандаган эне

New York Post гезити Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында болгон окуя тууралуу маалымдап, ал аталган басылманын интернет сайтында кызуу талкууланды. Малайзия борборунда өзүнүн сегиз жаштагы кызын көчөдөгү зым карагайга темир чынжыр менен бутунан аркандап койгон аял коомчулуктун сынына кабылды. Отуз жаштагы аял кызы сабакты жакшы окубай койгондо аны коркутуш үчүн ушундай жазалаган. Полиция аялды кармап, түшүнүк кат алгандан кийин койо берген. Көчөдө чынжыр менен аркандалган кыз 10 мүнөтчө ыйлап турганда ары-бери өткөндөр бошотууга аракет кылышып, полиция чакырышкан. Комиссар Мухаммед Азлин Садари кыздын апасына экинчи мындай жорукту кайталаба деген эскертүү берген.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG