Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Байлар "кыяматка" даярдык көрүүдө


Бизнесмен-ишкерлер. Иллюстрация.
Бизнесмен-ишкерлер. Иллюстрация.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (23-29-январь).

The New Yorker журналынын 30-январдагы санына чириген байлар жана ири компаниялардын ээлери жаратылыш кырсыктарынан, атуулдук согуштан чочулап бункерлерди даярдап, ал тургай өздөрүнө операция да жасатып жатканы баяндалды. Маселен, Reddit компаниясынын жетексиси Стив Хафман 2015-жылы көзүнө лазердик операция кылдырганы айтылат. “Эгерде акыр заман же дагы башка кырсык болуп калса, линза же көз айнек кыймылга тоскоол болот. Ошондуктан көзүмдү оңдоттум”, - деген ал журналга. Хафман ошондой эле эки мотоцикл, бир топ курал-жарак, тамак-аш чогултуп койгонун кошумчалаган. Ал эми Фейсбуктун мурдагы менеджери Антонио Мартинез АКШнын түндүк-чыгышындагы элдин буту жетпеген бир аралды сатып алып, генератор, күн нуру менен азыктанган панелдерди орнотуп, кыямат күнүнө даярданууда. Кызыгы, мурда акыр заман келет деп дүрбөгөндөр акылынан айныгандар болсо, азыр ири компаниялардын капчыктуу жетекчилери дүйнө соңуна кам көрүүдө. Mayfield Fund компаниясынын директору Тим Чанг Силикон өрөөнүнүн башкаруучуларынын башы бириксе эле кыяматты талкуулашат дейт. Кооптуу кырдаалда жашап кетүү темасы National Geographic телеканалында да бир нече ирет чагылдырылган. Маселен, 2012-жылы “Кыяматты утурлай” деген берүү тартылып, анда жайкын тургундардын аалам соңуна болгон даярдыгы көрсөтүлгөн. Ошондо жүргүзгөн сурамжылоодо америкалыктардын 40 пайызы пенсиялык төлөмгө акча короткондун ордуна бункерлерди салып, бомбадан сактануучу жайларга инвестиция жасап, азык-түлүктү чогултуу керектигин айтышкан. Survival Condo Project компаниясынын жетекчиси Лари Холл болсо кароосуз калган шахтаны 300 миң долларга сатып алып, 20 миллион доллар коротуп, элиталык баш калка жайына айлантты. Анда 15 жер алдындагы кабат, 12 батир, бассейн, догдурдун кабинети, мөмө жемиш өстүрүүчү лаборатория, курал жарак сактоочу кампа, мектеп классы, кинотеатр жана спортзал бар. Ал эми кээ бир “акылмандар” Жаңы Зеландия сыяктуу алыскы өлкөлөрдөн үй сатып алып жатканын баяндайт The New Yorker.

Дарвинге асылган эрдоганчылар

Түркия мектептеринин окуу программасынан Дарвиндин эволюция теориясы алынышы керек деген сунушту билим берүү министри Исмет Йылмаз айтып чыккандан кийин Германиянын Tagesanzeiger гезитинин кабарчысы Энвер Робелли бул темага арнап макала жазды. “Барган сайын бул өлкө артка карай тоголонууда. Жакында эле Режеп Тайып Эрдогандын бийликтеги партиясы баш мыйзамдын 18 беренесин өзгөртүп, Түркияны авторитардык исламизм менен башкаруу жолуна салганы турат. Эрдоганчылар эми маданий төңкөрүш жасоого аракет кылышууда. Мындан ары мектептердеги окуу программасынан Чарльз Дарвиндин эволюция теориясы таптакыр алынып, окуучуларга аалам Алла тарабынан гана жаратылган деген билим берилет”, - деп жазат Робелли. Сурамжылоолорго караганда, түркиялыктардын 70 пайызы Дарвиндин теориясына ишенишпейт. Буга кошумча окуу китептердеги “секуляризм”, “реинкарнация”, “атеизм” деген терминдер алынат. Бирок мектеп программасына 2016-жылдын июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш киргизилет. Мустафа Кемал Ататүрккө байланыштуу темалар да азайат. Мындай демилге коомдо кызуу талкууга жем таштады деп жазат Tagesanzeiger.

Норвегия Финляндияга тоону белек кылат

Орусия өз аймагын коңшу өлкөлөрдү аннексиялап чоңойтуп, Дональд Трамп Америка-Мексика чегине улуу дубал курам деп жатканда Норвегия коңшу Финляндиянын көз карандысыздык күнүнө карата бир тоону белек кылгысы келип жатканын кабарлайт The Independent гезити. Норвегиянын ардактуу эс алуудагы геофизиги Берн Герр Харсон тышкы иштер министрине Финляндиянын мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына карата чек арадагы бир чокуну белек кылуу идеясын жолдогон. “Дүйнөдө баары жер үчүн согушуп жатканда кичинекей тоону коңшуга тартуулоо эки элдин достугун чыңдайт”, - деген пикирде окумуштуу. Тоо жайгашкан Кафиорд аймагынын жетекчиси Свейн Одвар Лейрос да бул сунушту колдоп, жер үчүн согушкан башка өлкөлөргө үлгү болсок деген үмүттө экенин The Independent басылмасы жарыялады.

Мадлен Олбрайт “мусулман” деп катталууга даяр

Кошмо Штаттарындагы мусулмандарды колдоо жана президент Дональд Трампка каршылык иретинде АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт өз динин “мусулман” деп жаздырууга даярданып жатканын билдирди. Бул тууралуу The Telegraph гезити билдирип, маалыматты миллиондогон адамдар бөлүшүп, талкуулашты. “Өзүм католик тарбиясын алгам, кийин епископтук чиркөөгө ишене баштагам, андан соң тек жайым жөөт экенин билдим. Бирок буга карабай өзүмдү мусулман деп каттатууга даярмын”, - деген билдирүүнү Мадлен Олбрайт президент Дональд Трамп АКШга барчу ислам дүйнөсүнүн качкындарынын жолун бууган буйругуна каршы таркатты. Бул кабар гезитке чыгары менен эле 13 миллиондон ашуун киши социалдык тармактарда бөлүшүп, 19 миллионго чукул адам АКШнын ардактуу дипломатынын кушкабарын жактырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG