Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:38

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (13-19-февраль)

New York Times гезитине талдоочу Мустафа Акйолдун исламдагы азыркы көйгөйлөрдү Иса пайгамбардын тарыхта басып өткөн жолуна назар салып чечүүнү сунуштаган блог-макаласы жарык көрдү. Эмнеге азыркы учурда ачуулуу мусулмандар көбөйүп, ашынгандары Батышты жектеп; аялдардын, азчылыктардын укугун тебелеп, Алланын атына жамынып адам өлтүрүп жатат деген суроолорго жоопту Батыш ондогон жылдардан бери таппай келет.

Мындайда дүйнөнүн мүшкүлүн исламга арта салып, аны айыптоо туура эмес экенин, көсөм байкоочулар бир кездерде ааламды жарык кылып турган ислам цивилизациясы азыр оор көйгөйгө кептелип жатканын белгилешүүдө деген автор британиялык тарыхчы Арнольд Тойнбинин 1948-жылы жазылган “Ислам, Батыш жана келечек” деген макаласындагы 19-кылымда исламдагы ыдыроонун башкы себеби Батыштын чабуулунан улам болгон деген оюн эскерет. Тойнби исламдагы кризистин тамырын эле иликтебей, азыркы көйгөйдү илгерки диндер тушуккан кыйынчылыктарга салыштырган. Маселен, жөөттөрдү байыркы римдиктер улам эле басып ала бергендиктен, арасынан “геродианизм”, же римдиктерди туурап, кызматташкан ээрчимелер менен “зеалотизм”, же таптакыр өз айтканынан кайтпай, Римге каршы согушкандар деген эки топко бөлүнгөн. Тойнбинин пикиринде, азыркы таптагы мусулмандар да ушундай эки түрдөгү ажырымда. Исламдагы геродианит кыймылына Түркиянын реформатор лидери Мустафа Кемел Ататүрктүн идеяларын, зеалотизмдегилерге борбордук араб өлкөлөрүндө жайылган фундаменталист вахабисттерди мисалга келтирген.

Британиялык тарыхчы эскичилдер сөзсүз жеңилет, алар турмуштун жетишкендиктеринен артта калышат деп жазган. Азыркы “Ислам мамлекети” террорчул уюму интернетти кандай ийгиликтүү пайдаланып жатканын көрсө андай оптимист болбос беле? Бул эки башка кыймылдын ортосун убагында Иса пайгамбар таап, ар кандай диний майда эреже, шарттарга карабай, башкы моралдык принциптерди, адамдык сапат жана анын тагдырын биринчи орунга чыгарган. Куранда да Иса пайгамбар даңазаланып, анын энеси Мариям ыйык эне аталат. Азыркы учурда ислам дини дал ошол христианчылык жайыла баштаган учурдагыдай кыйчалыш заманда. Андан чыгуунун жалгыз жолу - Иса пайгамбар колдонгон ыкманы же толеранттуулукту туу тутуу керек экенин айтуу менен: “Шарият адам үчүн жазылган, адам шарият үчүн жаралбаган” деген идеяны бергиси келген Мустафа Акйол. “Куранда сый-урмат менен айтылган Иса пайгамбардын басып өткөн жолунан азыр ислам сабак алып, ээрчимелик жана фанатизмден оолактап, толеранттуу үчүнчү жолду табуусу керек”, - деп корутундулайт түркиялык белгилүү ислам таануучу New York Times гезитиндеги макаласында.

Борбор Азияны бөлгөн Сталиндин чоң калеми

Казакстандагы Назарбаев атындагы университеттин окутуучусу, илимпоз Александр Моррисондун Борбор Азиядагы чек ара көйгөйү менен улуттар аралык кырдаалга байланыштуу макаласы Eurasianet онлайн басылмасына чыкты. Дүйнөлүк ири медиа өкүлдөрүнүн назарына бул аймак анда-санда эле илинип, “стандар” деген аттын аркасында террорчулук, авторитаризм жана диндер аралык чыңалуу деген гана маселелер турарын, а бирок бир кездерде Сталиндин кубаттуу калеми менен чийилген чек ара маселеси көз жаздымда калып жатканын баяндайт автор. Авторитаризм чөлкөмдө дале курч бойдон. Буга неосталиндик Түркмөнстан, клептократиялык Тажикстан жана илең-салаң парламенттик либерализмдеги Кыргызстан менен диктатуралык технократтар башкарган Казакстан мисал деген автор улуттар жана диндер аралык чыңалуу аймакта Нигериядагы мусулмандар менен христиандар, Түркиядагы күрттөр менен түрктөр, Пакистандагы шийиттер менен сунниттердикиндей курч эмес деген көз карашта. Ошентсе да кадимки чатак улуттар аралык араздашууга жеткирген учур катары 2010-жылдагы Кыргызстанда болгон Ош окуяларын эскерет Моррисон. Учурунда Би-Би-Синин талдоочусу Эдвард Стауртон The Guardian гезитине Оштогу кандуу окуялардын себеби 1920-жылдары Сталин аймакты майда республикаларга бөлүп, алардын ортосунда жер талаш улам-улам чыгып тургудай кылып чийгенинде деп жазган. Буга үндөш макалалар Stratfor жана Economist басылмаларында да жарык көргөн. Ушундан улам Борбор Азиядагы чыңалуу отун ар дайым күчөтүп турган Сталиндин "бөлүп анан башкар" деген саясатынын образы атайын түшүнүк катары калыптанган деген автор буга карама-каршы пикирлерин билдирет. Чек ара маселесинде жеке эле Москваны айыптоо туура эмес экенин, аймактын бөлүнүүсүн учурунда Москва жергиликтүү элге таңуулабаганын бир нече илимий макалалар менен жүйөлөп, Сталин менен Ленин “артта калган элдер” улутка бөлүнбөсө социализмди эч качан кура албайт деген көз караштан улам 1920-жылдары жергиликтүү эл жакшыларынан, комиссарлардын жардамы менен бөлүнгөн азыркы чек араны айтат. Чиеленген чек ара чөлкөмдө, айрыкча Фергана өрөөнүндө бир топ кыйынчылыктардын булагы болуп, аймактар аралык карым-катнаш эң чоң проблема деген Моррисон Борбор Азияда дагы деле Сталиндин каардуу өкүмү сүргөндүктөн, тургундар тарыхтын туткунунан чыга албаган түшүнүктү жокко чыгаруу керектигин белгилеген.

Уулунан айрылган Камерон

Evening Standard гезити Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Дэвид Камерон менен жубайы Саманта Камерондун азыркы учурда эмне менен алек болуп жатышканын жана кандай кыйынчылыктардан өтүшкөнүн жазган. 2009-жылы өкмөт башчысы болордун алдында жубайлардын жети жаштагы уулу Иван чарчап калган. Саманта Камерон элдин түйшүгүн аркалаардын алдында болгон бул окуя алардын жашоосун караңгыга чүмкөп, бирок Иван сыяктуу талма оорусунан жабыркаган балдарга жардам берүүгө умтулганын эскерген. Times гезитине сыр төккөн Саманта “жашоо менен өлүмдүн” ортосунда күрөшкөн уулунун өлүмү ал үчүн чоң сокку болгонун айтат. Ошентсе да күйөөсүнүн карьерасы өргө жылгандыктан эл алдында өкмөт башчысынын аялы катары кызмат кылууга болгон дитин жумшаган деп жазат Evening Standard. Дэвид Камерон кызматынан чегингенден кийин экс-премьердин үй бүлөсү Батыш Лондондогу үйүнө көчүп кеткен. Саманта болсо дизайнерлик менен алектенип жатканын кошумчалайт басылма.

Дүйнө океандары кычкылтегин жоготууда

Nature журналы дүйнөлүк океандагы кычкылтектин деңгээли акыркы 50 жылда эки пайызга төмөндөгөнүн, бул деңиздеги бардык жандыктар жана өсүмдүктөр үчүн коркунучтуу кырдаалды жаратып жатканын кабарлады. Мындай өзгөрүү бүтүндөй экосистеманы талкалайт деген пикирде Стэнфорд университетинин профессору Роб Данбер. Кычкылтектин азаюусу кайсы деңиз организмдерине терс таасирин тийгизерин тактоо окумуштуулар үчүн кыйын болууда, бирок мунун себеби адамзаттын ашыкча активдүүлүгүнөн улам экени аныкталган. Нитрогендер менен көмүртектин ашыкча көбөйгөнү суунун температурасын жогорулатып, кычкылтек барган сайын азаюуда. Климаттын өзгөрүүсү өтө ылдам темпте болгондуктан, жакын арада кычкылтек дагы төрт пайызга азаят деген да божомолдорду жазат Nature.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG