Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Хижабдын ордуна атлас көйнөк


Атлас токуу
Атлас токуу

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-9-апрель).

Yahoo News порталы Associated Press агенттигине шилтеме жасап, Тажикстан аялдары жаздын келиши менен түркүн-түстүү атлас көйнөктөрдү кийе баштаганын, айрыкча мугалим, студент жана расмий кызматтарда иштегендер арасында бул көрүнүш жайылып жатканын маалымдап, Борбор Азиядагы кийим саясатына сереп салган. Атластын түмөн түрүн тажикстандыктар Ноорузду майрамдаганда көрүштү. Былтыр эле аялы, бала-чакасы менен Мекеге зыярат кылган президент Рахмон быйыл Нооруздагы майрамдык аянтта атлас көйнөкчөн тажик аялдардын коштоосунда батыштын стилиндеги күрмө шымчан бийге түштү. Бирок өлкөнүн Билим берүү министрлиги элди араб стилинде хижаб кийбей, сакал койбой жүрүүгө үгүттөөдө. Мунун себеби бийлик башындагылардын өлкө атуулдары барган сайын Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна көп кошулуп, радикалдашуу кеңейип жатканынан чочулаганында дейт басылма.

2015-жылы өлкөдө узун сакалчан атуулдарды күчтөп сакалын алган бир нече окуя катталган. Башкa маданияттын таасири астында калуудан кооптонуу сезими Борбор Азия өлкөлөрүндө советтик учурдан мураска калгандай. Анткени коңшу Кыргызстанда да былтыр кара түстөгү хижабчандардын чоң сүрөтүнүн алдына "Кайран элим кайда баратасың" сыяктуу ураандар илинген эле. Ал арада Борбор Азиядагы Америка университетинин аймак таануу институтунун окумуштуусу Мохира Суяркулова: "Саясий туруксуздук өкүм сүргөн учурда аялдардын денеси же кийими талашка түшкөн феномен кадыресе көрүнүш", - деген пикирин Associated Press агенттигине айткан.

Кытайдын ири экономикалык долбоору Европага жакпай калдыбы?

Евразия, Европа жана Чыгыш Азияны туташтыра турган Кытайдын Жаңы жибек жолу долбоору Батыш дүйнөсүнөн колдоо таппагандай. Бул тууралуу Conversation журналы жазды. Жалпысы болуп 1 триллион доллар каражат сарпталчу ири долбоор Кытайдын 21-кылымдагы экономиканын лөгү экенин далилдейт. "Орусия тарабынан колдоо тапканы менен "Бир кемер - бир жол" долбоору Европанын каржылык каатчылыгы, АКШдагы Дональд Трамп администрациясынын либерализминин көлөкөсүндө калгандай. Ал арада мурдагы советтик беш өлкөнүн аймагынан өтүүчү жаңы темир жол каттамына кымбат бажы төлөмдөрү, чечилбеген чек ара көйгөйү жана Кыргызстан менен Тажикстандагы бийик тоо кыркалары бөгөт болуп жатат. Батыш дүйнөсүнөн бир гана Жаңы Зеландия долбоорго кошуларын билдирди. Инвестициялык ири планга Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын делимитацияланбаган чек аралары, ошондой эле Казакстанда кытайлык долбоорлорго жалаң Кытайдан өз атуулдарын жумушка тартуусу да тоскоол болууда. Кытайдын Борбор Азияга акча салуусу Орусия Казакстан менен Кыргызстанды өз орбитасындагы Евразия экономикалык биримдигине кошуп алган учурга дал келип отурат. Балким "Бир кемер - бир жолдон" Орусия да өз упайын алышы ыктымал. Кандай болгон күндө да Бээжин дүйнөгө бул демилгенин маанилүү экенин далилдөөсү үчүн дипломатиялык чыдамкайлыкка муктаж", - деп жазат Conversation.

Сакуранын эрте гүлдөөсү жапондорду чочутууда

Британиянын Economist басылмасы соңку жылдары Жапониянын символу болгон сакура гүлү өз маалынан эрте гүлдөп, климатты изилдеген окумуштууларды убайымга салганын кабарлайт. Жапониядагы сакуранын гүл ачканын күткөн "Ханами" аттуу салттын миң жылдан ашуун тарыхы бар. Бирок акыркы он жылдыкта сакуранын мурдагы учурга салыштырмалуу эрте эле гүл ачып, күбүлүп калуусу климатты изилдеген илимпоздорго бир топ суроо жаратты. 1829-жылы сакуранын 18-апрелде гүл ачканы катталган. Ал эми 1970-жылдан бери 7-апрелде гүл ачууда. Мезгилдин өтүүсү менен абанын табы да улам ысып, бактын эрте гүлдөөсүн шарттоодо", - деген Economist, буга карабай, сакура мекени болгон Киотодо алты ай мурда эле мейманканаларга киши толуп каларын да кошумчалады.

Маймылдар менен токойдо жашаган кыз табылды

Индиянын түндүгүндөгү Уттарпрадеш провинциясындагы чытырман токойлордун арасынан төрт аяктап жөрмөлөп, маймылдарга кошулуп жашаган 11-12 жаштагы кыз табылган. Анын видеосу тиркелген кабарды The Independent гезити чыгарды. Алгач кызды жергиликтүү токойчулар "Маугли кыз" деп аташып, ооруканага алып келишкен. Маймылдардай тамак жеп, эки аяктап баспай калган кызды реабилитациялоо башталган. Бирок токойчулар кыз маймылдар менен көп жыл жашаганына ынанышпайт. Жергиликтүү расмий Гян Прах Синх жапайы жаныбарларды коргоо үчүн токойдо миңдеген камералар орнотулганын, буга чейин кызды бирөө да тартпаганын айтты. Ал эми дарыгерлер болсо акыл-эси кем кызды жакындары эле баккандан тажап, токойго таштап салды деген божомолду айтышууда. Анткени кыз сүйлөбөгөнү менен айткан сөздү түшүнгөнү байкалган. Индус полициясы азыр кыздын жакындарын издөөдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG