Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Хижабчан кыз дүйнө модасын багынтууда


Мурдагы качкын, хижабчан мода жылдызы Халима Эден
Мурдагы качкын, хижабчан мода жылдызы Халима Эден

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (30-октябрь - 5-ноябрь)

Теги кениялык, азыркы тапта АКШнын Миннесота штатында жашап жаткан 20 жаштагы модель Халима Эден дүйнөлүк деңгээлдеги мода индустриясында өз ордун тапканын Financial Times гезити баяндайт. Жети жашында Америкага качып барган Халима алтүгүл АКШда сулуулар конкурсуна катышып, 2016-жылы Миннесота чүрөгү деп табылган. Хижаб жана буркиниси менен дүйнөдөгү эң сулуу айымдардын тизмесине кирген Халима Эден IMG моделдик агенттиги менен келишимге кол койгон. Атактуу Vogue журналынын редактору Карин Ройтфилддин купулуна толуп, февраль айындагы чыгарылышынын биринчи бетине сүрөтү жарыяланган. Мусулман модель кыз Vogue Arabia, Grazia, Allure сыяктуу журналдарда эң кымбат бренддердин кийимин жарнамалоодо. Моделдик иштен тышкары ал ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдар менен кайрымдуулук акцияларына да катышып келет. Эден АКШда алгач акысыз билим алуу үчүн гана сулуулук конкурсуна катышып, бирок кийин чыныгы моделге айланганын Financial Times гезитине билдирди.

Коммунизм - кандуу кылым

The Wall Street Journal басылмасына тарыхчы окумуштуу Стефен Коткин коммунисттик төңкөрүштүн 100 жылдыгын талдаган макала жарыялап, бул мезгилди адамзат тарыхындагы кандуу кылым катары баалады. Капиталисттик режимге каршы чыгып, калктын жакыр катмарын бутуна тургузууга багытталган тарыхтагы коммунисттик кылым Советтер Союзу, Кытай, Монголия, Чыгыш Европа, Индокытай, Африка, Ооганстан жана Латын Америкасынын айрым өлкөлөрүндө 65 миллион адамдын башын жалмаганы белгиленет макалада. 100 жылдык катаал кырдаал миллиондогон адамдардын жер которуусуна негиз болгону да айтылат. "Кандуу кылымды жаратууда Ленин, Сталин жана Мао Цзедун сыяктуу коммунизм тирандары дүйнө тагдырын калчап, азыр алардын жолун Түндүк Кореяда улантууда. 1917-жылы большевиктер жасаган төңкөрүш капитализмди жок кылып, социалдык адилеттүүлүктү орнотууну көздөгөн. 1924-жылы Ленин өлгөндөн кийин ордуна келген Сталин күчтөп колхоздоштуруу, репрессия менен миллиондогон элди бычак мизинде бастырып, 7 миллионго чукул адамдын өмүрүн алган. Ал арада Кытайда Маонун доору өкүм сүрүп, анын каарынан 32 миллион киши көз жумган. Камбоджадагы коммунизм 2 миллион кишинин башын жуткан. Азыр коммунисттик кандуу кылым аяктаганы менен аны эңсегендер дале бар. Владимир Путин советтик режимди кайра ойготкусу келсе, Бээжин азыр дүйнөдөгү гигант коммунизм борбору бойдон калууда", - деп жазат Принстон университетинин профессору Стефен Коткин.

Чет жакта радикалдашкан өзбекстандыктар

31-октябрда Манхэттендеги террордук чабуулдан улам дүйнөлүк басылмалардын көбү Борбор Азия жарандарынын радикалдашуусуна байланыштуу аналитикалык макалаларды жарыялады. Foreign Policy журналы Өзбекстандын атуулдары чет өлкөдө радикалдашып жатканын жазды. "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна кошулган өзбек, тажик, кыргыздардын көбү Орусияда радикалдашканын Human Rights Watch уюму билдирген. Орусияда азыр 15 миллион мусулман жашайт. Ошондой эле эки чоң согушту башынан өткөргөн Чеченстан да бар. "Нью-Йорктогу террордук чабуулдун эң орчундуу элементи - Борбор Азиядан чыккан кишинин террорчу экенинде", дейт Москвадагы цивилизациялар диалогу изилдөө институтунун Ислам дини боюнча эксперти Алексей Малашенко.

"2015-жылдан бери Стокгольм, Санкт-Петербург, Стамбулдагы калабаларда борборазиялыктар шектүү болсо, эми бул шаарлардын тизмесине Нью-Йорк кошулуп жатат. Ондогон жылдардан берки жакырчылык, авторитардык режимден улам чөлкөмдүн жаштары чет элге чыгып, оңой акча табуу жолун издешип, "Аль Каида", "Ислам мамлекети" сыяктуу ар кандай диний экстремисттик топтордун кылтагына илинүүдө", - деген оюн билдирет макаланын автору Эмми Ферис Ротман.

Төрт аял алгысы келгендерге мобилдик тиркеме чыкты

The Diplomat журналы Индонезияда төрт аялга үйлөнүүнүн жол-жобосун үйрөткөн мобилдик тиркеме чыкканын кабарлайт. Ayo Poligami (көп нике тууралуу) деп аталган тиркеме социалдык тармакка окшош. Ага Индонезиянын бардык жарандары кирип, сүрөт, ой пикир, жарыя жүктөй алышат. Lindu фирмасынын бул тиркемесине азыр өлкөдө 56 миңдей киши кошулган. Полигамияга дүйнөдө элүүдөй өлкө расмий уруксат берген. Индонезияда биринчи аялы ооруса же майып болсо, анын уруксаты менен башкага үйлөнүүгө мыйзам жол берет. Колорадо университетинин социолог адиси Рейчел Риналдонун айтымында, ошентсе да Индонезияда бир гана аял менен жашаган моногамиялык үй-бүлөлөр басымдуу. Сухарто режими учурунда (1967-жылдан 1998-жылга чейин) бул өлкөдө көп аял алууга катуу тыюу салынып, андай кадамга баргандар айыпка жыгылган. Бирок 2000-жылдардан тарта полигамия кайрадан башкы темага айланып, өлкөнүн аттуу-баштуу кишилери төрттөн аял алууну пропагандалай башташкан. Жаңы тиркемени жергиликтүү медиада сындагандар да аз эмес. Бирок социолог Рейчел Риналдо индонезиялык эркектер арасында Ayo Poligami популярдуу болот деген пикирде.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG