Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 06:23

Ханзаданын тоюна кеткен миллиондор


Ханзада Гарри жана Меган Маркл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (14-21-май).

Узаган аптада басма сөздө Британ ханзадасы Гарри менен актриса Меган Марклдын үйлөнүү тою эң көп талкууланган окуя болду. Дээрлик бардык ири басылмалар тойду Интернеттен түз эфирден көрсөтүштү. Миллиондогон адамдар дүйнөнүн булуң-бурчунан бул тарыхый окуяга күбө болушту.

Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан тойго кеткен каражатка "Newsweek" журналы сереп салган. "Тойдун алдында Британ Падыша сарайынын өкүлү чиркөөнүн жасалгасы, музыканттарга төлөнчү маяна, үлпөт көйнөк сыяктуу бардык чыгымды падышалык үй-бүлө көтөрөрүн расмий билдирген. Гарринин агасы ханзада Уильям менен Кейт Мидлтондун тоюна 24 миллион фунт стерлинг жумшалган. Айрымдар Гарриники да ушул сумма менен чектелерин күтүшкөн. Бирок жалпы чыгым 32 миллион фунт стерлинг болду. Бул 43 миллион долларга барабар болуп, 170 миң карапайым кишинин үлпөт тоюна кеткен суммага тете. 30 миллион фунт стерлинг тойго келген элдин коопсуздугун сактоого жумшалса, 2 миллион фунт стерлинг тойдун өзүнө кетти", - деп кабарлады "Newsweek".

Тойго Мегандын жакындары келген жок

Ал эми Британияда чыккан "The Times" гезити Меган Марклдын бир туугандары жана атасы тойго катышпаганына назар бурду. "Мегандын чоң үй-бүлөсүнөн апасы гана келди. Анын өгөй агасы ханзада Гарриге ачык кат менен кайрылып, Мегандан баш тартууну сунуштаган. Дал ушул агасынын аялы менен балдары жакында эле Лондонго барышып, "Маркл Спаркл" аттуу кара куурайдын жаңы түрүн жарнамалап чыгышты. Бир туугандарынын бирөө да тойго чакырылган жок. Атасы Томас Маркл Мексикадан Лондонго ден соолугуна байланыштуу уча албай калганын билдирген", - деп жазат "The Times".

Кытай Азиядагы ири дарыяны соолутат

"Associated Press" агенттигинде чыккан макалада Кытайдын Камбоджада куруп жаткан суу сактагычы дүйнөдөгү эң ири дарыялардын бири Меконгдун соолушуна алып келиши мүмкүн экени айтылат. Кытай пландаган ири долбоор Меконгдо балыкчылык менен жан баккандарга да жакпай жатат.

АКШ окумуштуулары "Самбор" плотинасы Камбоджанын энергетикасына пайдалуу болгону менен Вьетнамдагы балыкчылыкты жок кыларын аныкташкан. Маконг дарыясына Кытай 620 чарчы чакырымдык плотинаны пландаган.

Камбоджа бийлигине 2017-жылы Улуттук мурастар институту кытайларга суу сактагыч курдурбай, күн энергиясын колдонууну сунуштаган. 2600 мегаваттык суу сактагыч курулса, жергиликтүү экологиялык абал да курчуйт.

Буга чейин Кытай өз аймагынан аккан Меконг дарыясына курган жети суу сактагыч азыр Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн басымдуусунун башын оорутууда. 2016-жылдагы кургакчылык дал ушул плотиналардан улам болгону азыр да айтылып келет.

Түрмөдө "кайра тарбиялоо" иштери

"New York Times" гезити "Кытай түрмөлөрүндөгү "кайра тарбиялоо" маданий төңкөрүшкө жол ачат", - деген темада макала жарыялады. Анда Шинжаңдагы "кайра тарбиялоочу" түрмөлөргө жатып чыккан уйгур тектүүлөрдүн башынан өткөн окуялар сүрөттөлөт.

Апрель айында АКШ Шинжаңдагы окуяларды "заманбап дүйнөдөгү улуттук азчылыкты массалык камаган көрүнүш" деп атаган. Кытай бийлиги лагерлер тууралуу маалымат бербегени менен коомчулукта сепаратизм, диний экстремизм менен күрөшүүгө багытталган чакырыктар улам айтылып турарын жазган басылма Өмир Бекали аттуу Казакстандын жаранынын башынан өткөнүн сүрөттөп, миңдеген камактагылардын абалына токтолгон.

42 жаштагы Бекали Казакстанга 2006-жылы көчүп барып, атуулдук алган кытайлык уйгурлардан эле. 2017-жылы Кытайдагы туугандарын көргөнү бараары менен камакка алынып, "кайра тарбиялоочу" лагерге жиберилген.

Бекали түрмөдө психологиялык кысымга учурап, абдан кыйналганын эскерет. Анын айтымында, камактагыларды "шариятка эмес, Кытай мыйзамдарына баш ийгиле" деген агрессивдүү үгүт-насаат менен коркутушкан.

Жоржтаун университетинин тарыхчысы Жеймс Миллуард Шинжаңдагы идеологиялык куугунтук Бээжиндин акыркы аргасы экенин белгилейт. АКШнын дагы бир окумуштуусу Раян Зам Кытайдагы "маданий кайра тарбиялоону" заманбап адамзат тарыхындагы адам укугун тепсеген эң начар көрүнүш деп сыпаттайт.

Сел жана нөшөр акыркы он жылда 50 пайызга көбөйдү

1980-жылдарга салыштырмалуу сел жана катуу жамгыр 50 пайызга көбөйгөнүн "The Guardian" гезити кабарлады. Дүйнө климатологдору аба ырайынын кескин өзгөрүүсү акыркы он жылда үч эсе көп байкалганын аныкташты.

Европанын Илимдер академиясы 2010-жылдан бери табигый кырсыктар 92 пайызга арбыганын аныктап, ысык аба менен муздак абанын тез эле алмашуусу жер алдындагы ысык агымдардын нугун өзгөртүп жатканын белгилеген.

Окумуштуулар мындай туруксуз аба ырайы 2100-жылга чейин уланарын божомолдошот. Европадагы климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу изилдөөгө 27 мамлекет катышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG