Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Араб тилин үйрөнгүсү келгендер азайды


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (15-22-октябрь).

"Economist" журналы дүйнөдө араб тилин өздөштүргүсү келгендер кескин азайып жатканын жазды. 2001-жылы Нью-Йоркто болгон кандуу калабадан кийин Америка университеттеринде араб тилин окугандар бир кыйла азайып кеткен. Мурда бул тил орус жана латын тилиндей эле популярдуу эле. 2009-2016-жылдар аралыгында Батышта арабча окугандардын саны 10 пайызга кыскарды.

Араб тилинде дүйнөнүн 25 өлкөсү сүйлөп, Жер жүзүндөгү эң ири беш лингвистикалык топтун бири катары эсептелинет. Анткен менен расмий араб тили өтө оор болгондуктан арабдар өздөрү да кыйналууда. Айрыкча латын тамгаларынан айырмаланган жазуусу бул тилди окугусу келгендердин каалоосун азайтат. Анткени жазууну өздөштүрүү да бир топ кыйын экенин белгилейт журнал.

Буга кошумча батыштагылардын көбү араб десе эле Жакынкы Чыгыштагы авторитардык өлкөлөрдү элестетишет. "Википедиядагы" араб тилиндеги маалыматтар француз тилиндеги маалыматтарга салыштырмалуу беш эсе аз. Араб тилиндеги китеп базарынын көлөмү Бельгиянын китеп соодасынын төрттөн бирине гана барабар.

"Түркия өз башындагы төөнү көрбөйт"

"Guardian" гезитинин талдоочусу Кенан Малик Түркиядагы журналисттерге карата кысымды талдады. "Бир жыл мурда коомдук интеллектуал Осман Кавала кармалып, бир дагы айып коюлбай, түрмөгө отургузулду.

Гүлен кыймылына таандык деп жабылган "Заман" гезитинин имараты
Гүлен кыймылына таандык деп жабылган "Заман" гезитинин имараты

Ал бийликти катуу сындаган, Түркияда адам укугун коргогон, ар түрдүү саясий көз караштагы адамдарды бир жолго салууга аракет кылган иштери жана Режеп Тайып Эрдоганды ачык диалогго чакырганы үчүн түрмөдө отурат. Сауд Арабиянын либерал журналисти Жамал Хашогги жоголуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн бери Түркия дүйнөнүн көңүл чордонунда турат.

Хашоггинин элчиликте өлтүрүлгөнүн Түркия айыптап, дүйнөгө өзүн либерал көрсөткүсү келгени менен, түрк диссиденттерине карата зомбулук бул өлкөдө кеңири масштабда уланууда. 2016-жылдын июль айынан бери 142 миң адам камакка алынган. 129 медиа уюм жабылып, 319 журналист түрмөгө түштү. 2017-жылы дүйнөдө камалган журналисттердин төрттөн үчү Түркияда. Кавала сыяктуу эркин ой жүгүрткөндөр эки жылга аяк баскан убакыттан бери эч айып коюлбай эркинен ажырап жаткан чакта, Саудиянын сөз эркиндигине жасаган кысымын гана эмес, Түркияны да унутпашыбыз керек", - деп жазды Кенан Малик.

"АКШ биологиялык куралданууну күчөттү"

"James Town" изилдөө фондунун "Eurasia Daily Monitor" басылмасы Кошмо Штаттары Украина, Азербайжан, Өзбекстанда "тынчтык максатындагы изилдөөлөргө жамынып алып, биологиялык куралданууну күчөтүүдө" деген аталыштагы макаланы жарыялады.

"4-октябрда Орусиянын Радиология, химиялык жана биологиялык коопсуздук кызматынын жетекчиси, генерал-майор Игорь Кириллов АКШнын бул багыттагы ишмердигин сындап чыкты.

Игорь Кириллов
Игорь Кириллов

АКШ "өзөктүк куралды жок кылуу керек" деп дүйнөгө чакырык салганы менен өзү тымызын биологиялык курал-жарактын элементтерин аймакка алып кирип жатканын Грузиядагы жаңы ачылган изилдөөчү борборлорду мисал келтирип айтты генерал. 1990-жылдан бери АКШ мурдагы советтик өлкөлөрдүн айрымдары менен биологиялык илимий изилдөөлөрдү чогуу жүргүзүүнү макулдашкан.

Муну Москва Орусияга опуза катары көрүүдө. Ал арада АКШнын Коргонуудагы коркунучтарды азайтуу агенттиги ошол эле Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Азербайжан жана Украинадагы ар түрдүү биотехникалык коркунучту азайтуучу долбоорлорду ишке ашырган. Буга карабай Кремл мурдагы советтик өлкөлөрдөгү биотехникалык лабораториялар чөлкөмдө үстөмдүк кылуучу максатты көздөрүн жүйө келтирүүдө.

Пентагондун басма сөз катчысы Эрик Пахон илимий тажрыйбалар жана жергиликтүү элдин коопсуздугу үчүн гана АКШ биологиялык илимий изилдөө жайларын курганын маалымдады.

Казакстанда жүрөгү ооругандар көбөйдү

"The Diplomat" журналы Казакстан бийлиги саламаттык сактоо тармагына абдан чоң каражат бөлүп, заманбап шарт түзүп берүүгө аракет кылганы менен жүрөк, кан тамыр оорулары барган сайын көбөйүп жатканын жазды. Советтер Союзу урагандан кийин Казакстандын саламаттык сактоо тармагы оор абалда калган. Акыркы 10 жылда бул тармак кайра жанданып, жакшы шарттар түзүлүп жатат.

Анткен менен жүрөк, кан тамыр ооруларын алдын алуу жетиштүү деңгээлде болбой, элдин 54 пайызы мындай дарттардан жабыркап келет. Казакстандыктардын 12 пайызы же 2 миллиондон ашыгы жүрөк оорулуу. Мындай көрсөткүчтөр менен Казакстан Европа Биримдиги, Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн сап башына чыкты.

Өлкөдө улуттук деңгээлде бир нече ден соолук программалары кабыл алынган. Бирок жүрөк операциялары 2016-жылы 10 пайызга көбөйгөн.

"Transparency International" уюму бул өлкөнү коррупция индексинде 122-сапка койгон. 2011-жылы өлкөнүн саламаттык сактоо министри Жаксылык Доскалиев жемкорлуктун айынан жети жылга кесилгенин эскертет "The Diplomat".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG