Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:37

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (2-8-октябрь, 2017-ж.).

Eurasinet онлайн басылмасына Англиядагы Эксетер университетинин окумуштуусу Сайпира Фрустенбергдин Өзбекстандагы акыркы өзгөрүүлөргө байланыштуу аналитикалык макаласы жарыяланды.

"Бириккен Улуттар Уюмунда демократия жолунда өнүккөн Өзбекстанды көргүсү келгенин айткан Шавкат Мирзиёевдин оптимисттик багыты көптү сүйүнткөнү менен Каримовдун ыраатынан айрылгысы келбеген чоң күч өлкөдө дале бар экенин эстен чыгарбоо керек. Анткен менен кыска убакыттын ичинде жаңы өзбек лидери айткан сөзүн иш жүзүнө аткара аларын далилдеп жатат.

Анын Нью-Йоркко иш сапары акыркы 15 жылдагы өлкө тарыхындагы чоң бурулуш болду. Муну менен Мирзиёев Өзбекстандын обочолонуусунтоктотту. Борбор Азиядагы башка өлкөлөр менен курган достугу, Кыргызстан менен чек араны тактоосу жаңы президенттин элге жагымдуу кадамына айланды. Экономикадагы эркиндикти киргизүү менен Европа реконструкция банкы сыяктуу дүйнөлүк каржы институттарынын алкоосуна татыды.

Саясий айдыңда болсо түрмөдөгү Каримов туткундарын чыгаруу жана "кара тизмеде" турган 16 миң кишини актоо Мирзиёевдин "жазгы багын" гүлдөттү.

Анткени менен бул "жазда" үшүк жүргөн учурлар да бар. Маселен бозгундагы жазуучу Нурулла Атахановдун (Нурулло Отахонов) Ташкентке кайтып баргандагы камакка алынганы, атактуу журналист Бабамурад (Бобомурод) Абдуллаевдин дарексиз жоголуусу буга мисал.

Экономикада болсо эл аралык валютаны эркин алмаштыруу эрежеси киргенине карабай, 3-октябрда ташкенттиктер доллар, евро сатып ала албай кыйналганы Мирзиёевдин жаңы Өзбекстан куруу оюна каршы чыккан эбегейсиз күчтүн бар экенинен кабар берет.

Балким мунун артында Ташкент жана Самарканд кландарынын тирешүүсү турат. Атахановду камакка алууну Ташкент кланынан чыккан, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Рустам Иноятов уюштурган. Мирзиёев болсо Самарканд кланынан.

Убадаланган реформалардын ийгилиги саясий эркке гана байланыштуу. Жаңыланууну ылдамдатчу өлкөдөгү саясий институттар азырынча аябай алсыз", - деген оюн ортого салат Фурстенберг.

Байлардын кыздары ишкерликке умтулууда

Forbes журналы Индияда бай адамдардын кыздары ишкерлик менен алектенип, өлкөдөгү аялдардын бизнеске аралашуусуна үлгү болуп жатканын баяндайт.

Индиядагы ишкерлердин 14 пайызын гана аялдар түзөт. 53,5 миллион жеке ишкер катталса, анын 8 миллиону гана кыз-келиндерге таандык. Өлкөдо бизнесте эркектер үстөмдүк кылышат. Ал арада индус миллионерлеринин кыздары жеке дүкөндөрүн ачып, өндүрүш маркаларын чыгарышууда. Маселен Индиянын эң бай адамдарынын 17-сабында турган Пауан Викрам Лалдын кызы 23 миллион доллардык эмерек соодасын башкарат. Нью-Йорктогу мода институтун бүтүргөн Симран Nikobar аттуу таанымал брендди чыгарды.

Кумар Бирла аттуу каржы магнатынын 17 жаштагы кызы болсо айылдагы аялдарды бизнеске тартуу долбоорун иштеп чыгып, CuroCarte аттуу кымбат баалуу колго жасалган буюмдардын онлайн соодасын жүргүзөт.

Индус байларынын 27-сабындагы Юсуф Алинин кызы Шафена болсо Жакыңкы Чыгышка таанымал ашканаларынан 50 миллион доллардык киреше табууда. Ал эми анын сиңдиси Шифа Абу Дабидеги эң ири соода түйүнүндө балдар ойноочу аянтча куруп, 15 миллион доллардык капиталга ээ деп кабарлайт Forbes.

Жапондор таштандыдан алтын казышууда

2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиаданын алтын, күмүш медалдары шаар таштандыларынан табылган калдыктардан жасала турганын Asia Nikkei Review журналы жазат.

Mitsubishi, Dowa Holding сыяктуу ири ишканалар Жапониядагы электрондук таштандыдан алтын, платина, палладий сыяктуу сейрек кездешүүчү баалуу заттарды казууда. Таштандыны кайра иштетүүгө 107,6 миллион доллар инвестиция жасалат.

Mitsubishi жылына 200 миң тонна электрондук таштандыдан тапкан кирешеси 40 пайызга өсүп, дүйнөдөгү экинчи ирет иштетилген алтын, күмүш, жез металдарын сатуучу болуп калмакчы. 2021-жылга чейин таштандыдан жалпысы 6 же 8 миллиард иендик баалуу темирлер казылмакчы.

Аталган компания Нидерландияда компьютер, смартфон жана башка электрондук таштандыны кайра иштетүү фабрикасын 2018-жылы ачканы турат. Жылына таштандыдан табылган 700 миң тонна баалуу метал дүйнөнүн булуң-бурчуна сатылууда. 2026-жылга чейин бул көрсөткүч 1,1 миллион тоннага жетери божомолдонуп жатат.

Бир апта бою смартфондо ойногон аялдын көзү көрбөй калды

Кытайда бир апта бою тынбай апийим талаасы тууралуу компютурдик оюнду ойногон 21 жаштагы келиндин көзү көрбөй калганын The Guardian гезити кабарлады.

Аты айтылбаган келин күнү-түнү тынбай смартфондо оюн ойногондон кийин көзүнүн чел кабыгы таптакыр жараксыз болуп калган.

Кытайда азыркы тапта 200 миллион адам ар түрдүү онлайн оюндарга катталган. Көздөн тышкары интернеттеги оюнга кызыккан кытайлык жаш балдар ар кандай жаракаттарды алышууда.

Маселен быйыл июнь айында 13 жаштагы өспүрүм ата-энесинен 4 миң доллардай акчаны компьютердик оюнга салыш үчүн уурдап бара жатып, бешинчи кабаттан секирип, буту сынган. 17 жаштагы дагы бир өспүрүм 40 саат бою тынымсыз ойногондон улам инсультка чалдыккан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG