Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Ксения Собчак - Путиндин жаңы атаандашы


Журналист Ксения Собчак.
Журналист Ксения Собчак.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (16-23-октябрь).

Washington Post гезити орусиялык журналист Ксения Собчак 2018-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого ат салышса, анда ал бул жараянга шаң кошорун баяндайт. "Кремл жаштардын саясатка кызыгуусун арттыруу үчүн ар түрдүү ыкмаларды издөөдө. Айрымдар Собчактын талапкерлигин тек гана элдин көңүлүн көтөрүү максатында коюлган көз бурмалоочу саясат катары баалашууда", - деп жазат басылма. Британиянын The Guardian гезити Собчак жакында эле Путин менен жолугуп, атасы тууралуу тартчу тасманы талкуулаганын, ошол жолугушууда Путинден президенттик жарышка катышууга уруксат сураган болушу мүмкүн экенин билдирет. Макаланын автору Шон Уоке аламанга түшүүнү жар салууга Собчак өзү батынмак эмес деген пикирде. Ал эми The Daily Beast гезитинин кабарчысы Анна Немцова Собчакты "Пэрис Хилтон" деп атап, ал Кремлдин башкы сынчысы, оппозиционер Алексей Навальныйды колдогон элдин көңүлүн өзүнө бурдурууга аракет кылат жана бул азыркы орус бийлигинин саясий оюну деген. Швейцариянын Le Temps басылмасы болсо Орусияда 2018-жылдын март айында өтө турган шайлоону "Реалити-шоу" деп атап, Собчактын шайлоодо жеңип чыгышы нөлгө барабар болгону менен Навальныйдын саясий жарыштагы таскагын басаңдатат деген.

Бийликке элдин ишеними азайса демократия чөгөлөйт

Economist журналы 2016-жылдагы дүйнөдөгү демократиянын акыбалын талдаган изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Журналдын Economist Intelligence Unit аттуу социологиялык сурамжылоо жүргүзүүчү компаниясы 60 пункттан турган чен-өлчөм менен дүйнө демократиясын иликтеген. Ар дайым демократиянын туу чокусу катары бааланган Кошмо Штаттарында бийликке болгон ишенбөөчүлүк жогору экени маалым болду. 2015-жылы ишеним таякчасы 8,5 пайыз болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 7,98 пайызды түзгөн. АКШдагы мындай солгундоого Дональд Трамп бийликке келгенден кийин Ак үйдөгүлөргө болгон элдин ишеними барган сайын кеткени себеп болгон. Франция, Греция, Жапония да демократиясы кескин төмөндөгөн өлкөлөрдүн сабына кирди. Демократияны ченеген эң негизги беш категория: шайлоонун эркин өтүүсү, плюрализм, өкмөттүн кубаты, саясий, демократиялык жана атуулдук көз карашты билдирүү, саясий сабаттуулук деген пункттардан турат.

Изилдөөгө алынган 70 өлкөнүн ичинен эли мамлекетке терең ишенерин билдирген Норвегия эң демократиялуу өлкөлөрдүн алдыңкы сабына чыккан.

Дал ушуга окшош иликтөө 2015-жылы да ишке ашып, анда Европада демократия солгундап бара жатканы аныкталган.

Трамп чиймелеп койгон сүрөт сатылды

Узаган жумада АКШнын басылмалары президент Дональд Трамп чиймелеп койгон сүрөттүн көркөм-эстетикалык мүнөзүн баалоого аракет кылышты. Newsweek журналы 20 жыл мурда Дональд Трамп Нью-Йорктогу Эмпайр Стейт имаратынын дубалын калем сап менен жөн эле чиймелеп койгонун, анын бул эмгеги Лос-Анджелестеги Жюльен аукционунда алгач 8 миң долларга сатыкка коюлганын кабарлайт. Кара калем сап менен тартылган сүрөттү Трамп кайрымдуулук уюмдарына белек кылган. Алгач аны 100 долларга жетпеген акчага сатышкан. Нью-Йорктогу эл аралык искусство сынчылары Трамптын үнүн өктөм чыгарып, колун жаңсап сүйлөгөн манерасы тарткан сүрөтүндө да сезилерин белгилешкен. Эмпайр стейттеги чиймеленген сүрөтү Дональд Трамптын алгачкы эмгеги эмес. Анын Манхэттендеги бийик мунараны чиймелеп койгону 2005-жылы 29 184 долларга сатылган. Сүрөттү саткан Сандерс аукционунун жетекчиси көркөм табити болбосо да саясатчылар тартып койгон нерселер көп акча табарын New York Times гезитине айткан.

Рохинжа балдары азап тартууда

ЮНИСЕФ Мьянма өлкөсүндөгү Ракхайн штатынан качкан миңдеген балдар абдан кыйын акыбалда калып жатканын жарыялады. TIME журналы Бангладештин чек арасынан жума сайын кеминде 12 миң рохинжа бала өтүп жатканын, жалпы качкындардын дээрлик 60 пайызы жаш балдар экенин жазат. "Качкындар тушуккан кыйынчылыктан эң көп наристелер жабыркоодо. Алар таза суу, тамак-ашсыз кыйналышып, ар түрдүү жугуштуу ооруларга чалдыгышууда. Мьянмадагы азчылыкты түзгөн рохинжа мусулмандары 25-августтан бери коңшу өлкөлөргө качууда. Балдардын көпчүлүгү жарым жылаңач, ачка. Бангладеш чек арасына чейин тогуз күн жөө жүргөн кош бойлуу аялдар жолдо көз жарып да жатат", - дейт ЮНИСЕФтин өкүлдөрү. Эл аралык уюм 23-октябрда чукул жыйын өткөрүп рохинжалардын балдарына жардам корун түзүүнү пландоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG