Марштын катышуучулары Нью-Йорктогу Trump Tower’дин алдында чогулуп жатышат. Полиция Дональд Трамптын шайлоо алдындагы штабы жайгашкан имараттын алдында миңдеген адамдар чогулат деп күтүүдө.
Сахнада Майкл Мур сүйлөп жатат. Ал көпчүлүк америкалыктар “Дональд Трамп президент болушун каалабай турганын” айтып, бүгүнкү марштын максаты – ушуну далилдөө экенин ырастады. Майкл Мур “күн сайын” Конгресстин мүчөлөрүнө чалып, жаңы президенттин саясатына каршы добуш берүүгө ынандырыш керектигин айтты.
Париждеги “Аялдар маршынан” видео:
Вашингтондогу марштын катышуучуларынын расмий тизмесин бул жерден таба аласыз. Алардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Бирок арасында белгилүү адамдар да бар. Мисалы, Дональд Трамп шайлоодо жеңет деп айткан кинематографист Майкл Мур аны сындагандардын бири.