Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

ЕБ качкындар боюнча орток пикир тапты


Сербиянын Пресево аймагындагы какчкындар борбору, 25-октябрь, 2015-жыл
Сербиянын Пресево аймагындагы какчкындар борбору, 25-октябрь, 2015-жыл

Европа жана Балкан өлкөлөрүнүн лидерлери жекшемби күнү мигранттарга берилчү жардамга байланыштуу Брюсселде чукул жыйынга чогулду. Анда алар 17 пункттан турган жаңы долбоорду биргелешип аткарууну макулдашты.

Ошол эле күнү эртең менен Грециянын Түркия менен чектешкен Лесбос аралынан бир аял жана эки наристе качкындын сөөгү табылып, жети киши деңизде дайынсыз жоголду.

Маалыматтарда жарым миллиондон ашуун киши быйыл Түркия менен Грециянын ортосундагы деңизди сүзүп өтүүгө аракет кылган. Алардын үч миңге чукулу деңизге чөгүп, көз жумган.

Жекшембинин таңында Грециянын бийлиги эки жана жети жаштагы качкын наристелер менен ким экени белгисиз аялдын сөөгү Десбос аралындагы деңиз жээгинен табылганын кабарлашты. Ошол күнү Түркия-Греция чек арасындагы деңизди дагы 53 качкын кайык менен сүзүп өтүүгө аракет кылган. "Эми алардын жетөө да дайынсыз болуп, Греция полициясы издөө иштерин улантууда" деп жазат New York Times.

Ал арада Брюсселде өткөн Европа жана Балкан өлкөлөрүнүн качкындар маселесине байланыштуу жыйында 17 пункттан турган мигранттарга багытталган жаңы долбоор макулдашылды.

Европа Комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкердин айтымында, бул жаңы долбоорго ылайык, Греция аркылуу Германияга барчу жолдо качкындар үчүн 100 миң орундуу көмөк борборлор ачылат. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар агенттиги Грецияга 2015-жылы 30 миң кишини кабыл алууга жардам берет. Юнкер БУУнун качкындар агенттиги менен грек өкмөтү 20 миң бозгунду убактылуу кабыл алууга даяр ыктыярчылардын үйлөрүнө жайгаштыруу ишин аткарарын билдирди. Мындай программаларды каржылоону Европанын инвестиция банкы баштаган Еврошаркеттин бир катар финансылык институттары жүргүзүшөт.

Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц Брюссел саммитинен кийин басма сөз жыйынында сөз сүйлөп:

- Бардык качкындарга баш калка берилбесе да күнүмдүк тиричилигине керектүү нерселер менен камсыздоого аракет кылабыз. Аларга убактылуу баш паанек кылчу жай, иче турган таза суу, тамак-аш жана кийим-кече берип, балдарын коргошубуз зарыл. Бул качкындар боюнча Женева конвенциясынын негизги эрежелери эмеспи. Аны Европа Биримдигине кирген бардык өлкөлөр сактоого милдеттүү, - деп айтты.

Еврошаркеттин Frontex чек ара агенттиги Македониянын Греция, Албания менен чектешкен аймактарынан Европага өтүүнү көздөгөн мигранттарга БУУ менен чогуу көмөк көрсөтөт. Frontex ошондой эле Болгария менен Түркиянын чек арасындагы кырдаалды жөнгөрүүгө жардам бермей болду.

Бирок Женева саммитинен кийин басма сөз жыйынында Болгариянын өкмөт башчысы Бойко Борисов Еврошаркетке мүчө бардык өлкөлөр өз аймагына кирген качкындарды камсыздоону өздөрү аткарышы керек деген карама-каршы көз карашын билдирди:

- Албетте, акыркы кезде миграция маселеси чоң көйгөйгө айланды. Жолугушууда айтылгандай, биз эл аралык каржылык институттардан насыя алып, мигрант толкунун каржылоо керек деген маселеге макул эмесмин. Менимче, Еврошаркетке кирген бардык өлкөлөрдүн ички бюджетинде качкындарга жумшоо үчүн каражат болсо керек. Эмнеге биз Еврокомиссиядан же, Европа акча корунан насыя алып, тышкы карызыбызды көбөйтүп, ички бюджеттик таңкыстыкты арбытышыбыз керек? Мындай сунушка мен макул эмесмин.

Женева саммитинин алдында 24-октябрда Болгария, Румыния жана Сербиянын лидерлери жолугуп, өз өлкөлөрүн “буфердик аймакка” айлантууга жол бербейбиз деп чыгышкан. Бойко Борисов Софиядагы жыйында бул үч мамлекет Батыш Европадагы Австрия менен Германия чек арасын жапкан учурда дароо өз чегин жабабыз деген.

Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел 17 пункттан турган жаңы долбоорду “куруучу блок” деп атап, мындан да илгери кадамдарды жасоо тууралуу айтты. Меркел “Европа өзүн баалуулуктар менен ынтымактын континенти катары көрсөтүшү керек” деген пикирде.

Качкындар Венгрия чек арасын жаап алгандан кийин Словения аркылуу Европага кетүү үчүн агылууда. 17-октябрдан бери Словенияга 62 миң бозгун барган. 25-октябрга чейин алардын 14 миңи бул өлкө аркылуу Европага өттү.

Сирия, Ирак жана Ооганстандагы согуштан Европага качкандардын саны быйыл расмий эсептөөлөр боюнча 650 миңден ашты.

Европа Биримдиги качкындар боюнча чукул чара көрбөсө күзгү суукта тоңуп өлгөндөрдүн саны да артышы ыктымал экенин The Telegraph гезити жазды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG