Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Мусулмандар эрегиши эл аралык көйгөйгө айландыбы?


Ирак -- Сунни мусулмандар өкмөткө каршы демонстрацияда Ирандын ошол кездеги президенти Махмуд Ахмединежаддын сүрөтүн өрттөп жатат. Фаллужа, 26-апрель, 2013.
Ирак -- Сунни мусулмандар өкмөткө каршы демонстрацияда Ирандын ошол кездеги президенти Махмуд Ахмединежаддын сүрөтүн өрттөп жатат. Фаллужа, 26-апрель, 2013.

11-ноябрда Эл аралык изилдөө борборунун (Pew Research Center) жаңы изилдөөсү жарыяланып, ага катышкан сунни жана шийи мусулмандары ортодогу араздашуу улам күчөп баратканына тынчсыздануу билдиришти.

Ооганстан, Азербайжан, Иран, Ирак жана Ливанда суралган 5000 мусулмандын көбү сунни жана шийи динзарлары ортосундагы эрегиш улам күчөп баратканына, ортодогу жаңжал миңдеген адам өмүрүн алып кетип жатканына кабатырлыгын билдирген. Мусулмандар ортосундагы араздашуу эл аралык коопсуздукка коркунуч келтире баштады деген пикирлер дүйнөлүк деңгээлде айтылып жатат. Ушундай тынчсыздануу, коркунучтун тамыры эмнеде?

“Азаттыктын” “Өңүт” программасында мына ушул маселе талкууга алынып, ага профессор, Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Валижан Таңырыков, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Маметбек Мырзабаев жана казакстандык дин таануучу Бейбит Сапаргали катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз




Валижан Таңырыков: Менин оюмча, бул маселенин өзөгү саясатка барып такалат. Мухамбет пайгамбар тирүү кезинде бардык мусулмандардын башын бириктирип, мамлекет болбосо да, ошого окшош бир биримдикти түптөгөн. Кандай болбосун окууда – ал диний, саясий, же башка болобу - өсүп-өнүгүүдө ич ара ажырым, карама-каршылыктар пайда болот. Мухамбет пайгамбар каза болгондон кийин анын ишин улап, халиф болом деп адегенде анын жээни Али чыккан. Көпчүлүк аны колдобой, ордуна Абубакарды койуп кеткен. Араздашуу ошондон башталган. Али шийа партиясын түзөт. Биз Мухамбет пайгамбардын жолун жолдойбуз дегендер өзүлөрүн сунни жарыялап, ошондон бери эле кагылышып келатышат.

“Азаттык”: Чубак ажы, талаштын баары ушул VII кылымдагы мураскердин тегерегиндеги чыр-чатакка барып такалабы?
Мындай кагылышуулар Жакынкы Чыгышта болуп атат. Ал жерде башкы ролду саясий-экономикалык маселелер ойноп жатат. Кыргызстан менен Казакстанда андай чыр-чатак болушун элестете албайм. Ал качан болушу мүмкүн? Качан гана сырт жактан бир оюндар башталса, ошондо болушу мүмкүн.
Маметбек Мырзабаев

Чубак ажы Жалилов: Бисмиллахи Рахмани Рахим. Менин оюмча, бул пикир бир аз туура эместей туюлат. Анткени талаш ошол эле кылымда башталган эмес. Азирети Али менен Абубакардын ортосундагы маселелер чечилип эле калган. Азирети Алиден кийин ошол кишини колдомуш болуп, ошол жүйөөнү бетине кармап, атайы ислам динин бузууга арналган мына ушундай көз караштар келип чыккан да. Чынында шийи мазхабы диний эмес, балким саясий агым катары келип чыккандыктан, азыркы биз көрүп жаткан ызы-чуунун бардыгы саясий агымдардын, саясий мазхабдардын жыйынтыгында келип чыгууда. Тактап айтканда, суннилер менен шийилердин ынтымакта жашаган жылдары деле болгон. Бирок кайсыл бир чоң мамлекеттер кайсыл бир жердеги кендерге, жаратылыш байлыктарына, же кайсы бир саясий кызыкчылыкта картаны өзгөртүү максатында өтө бир назик нерсе – шийилер менен суннилердин ортосундагы жараны ырбаткысы келишет да, тынч жаткан мусулмандар өзүлөрү билип-билбей эле жаңжалды баштап жиберишет. Мисалы, Сирияда ошол шийилерди колдомуш болгон чоң держава, суннилерди колдомуш болгон башка бир чоң держава экөө курал-жаракты сынап көрүш үчүн бул мамлекетти бир чоң полигонго айландырып жиберишти.

“Азаттык”: Иракты мисалга алсак, бул өлкөдө мына жакынкы жылдарга чейин эле шийилер менен суннилер кыз алышып, кыз беришип, ынтымакта жашап келишкен. Азыр диний тайпалар ич ара кырчылдашып согушуп, быйыл эле Иракта шийи-сунни эрегишинен 5500дөн ашуун киши набыт болду. Шийилер дүйнө мусулмандарынын 10-15 пайызын, суннилер басымдуу көпчүлүктү түзөт. Кыргызстан, Казакстанда шийилер аз гана санда бар, ошентсе да мусулмандардын ички араздашуусуна биз жактан да аралашып кетчүлөр барбы, Маметбек мырза?

Маметбек Мырзабаев: Шийилер бизде деле бар, казактарда да бар. Азербайжан, Иран, Ирак, Бахрейнде көпчүлүктү түзөт. Ливан, Йемен, Пакистан, Ооганстан, Түркия жана башка өлкөлөрдө да бар. Ирак согушуна чейин шийилер менен суннилер ортосундагы чатак эч убакта согушка айланган эмес. Бирок азыр эми Жакынкы Чыгышта ортодогу от тутанып баратат. Бул жерде негизги чатак - расмий түрдө формалдашып калган шийизм менен салафи багытындагы суннилердин ортосундагы кагылышуу болуп атат. Мындай кагылышуу башка жерлерде болгон жок, Жакынкы Чыгышта болуп атат. Ал жерде башкы ролду саясий-экономикалык маселелер ойноп жатат. Кыргызстан менен Казакстанда андай чыр-чатак болушун элестете албайм. Ал качан болушу мүмкүн? Качан гана сырт жактан бир оюндар башталса, ошондо болушу мүмкүн. Биз жактан азгырылып Сириядагы согушка кетип аткандар салттуу ханафий эмес, салафий мазхабын жактырган, саясий ислам идеологиясынын, жихаддын колдоочулары кетип атышат. Ошондуктан бул жерде таза шийилик менен таза сунниликтин ортосунда эмес, саясатташкан шийилик менен саясатташкан суннилик ортосунда согуш болуп жатат деп айтаар элем.
Казакстанда азырынча диний уюмдар ортосунда чоң касташуу, уруш-согуш болуп жаткан жери жок, кудай андан сактасын. Бирок да көзгө көрүнбөгөн, ичтен кайнап жаткан маселелер бар. Ошолордун бири – жанагы биздин казакстандыктар Сирияга барып, “туристтик жихад” деп, нече түрлүү жихаддарга жамынып атышат. Ал сөздүн маанисин да түшүнбөй согушка түшүп, өз жандарын кыйып атышат.
Бейбит Сапаргали


“Азаттык”: Ушул эле эл аралык сурамжылоого катышкан ар башка өлкөдөгү 5000дей мусулмандын жарымынан көбү диний радикалдашуу алардын жашоосуна, келечегине коркунуч келтирип жатканын айтышкан. Ушундан улам Чубак ажыга суроо узатайын дедим эле. Сизге окшогон динаятчылар, дин аалымдары радикалдашууга кандай көз карашта болуп жатасыздар? Мисалы, сиз муфтий болуп турганда “Нооруз майрамы менен куттуктагандар жана андай куттуктоону кабыл алгандар динден чыгат” деп фатва берген экенсиз. Ушундай эле фатва жаңы жыл майрамына карата да чыгарылыптыр. Ушундай чечимдер ички араздашуу, ички эрегишке салым кошуп жаткан жокпу?

Чубак ажы Жалилов: Эң туура суроо. Чындыгында ислам аалымдары, динаятчылар радикалдашууга каршы. Бирок биз өзүбүз түшүнбөгөн нерсенин баарын эле радикалдашуу дегенибиз туура эмес. Исламды канчалык таза кармансак, ошончолук биз радикалдашуудан алыс болобуз. Тескерисинче, исламды туура эмес түшүнүп, же кайсы бир саясий максаттарда пайдаланып ийгенде радикал топтор пайда болот. Экинчиден, Нооруз майрамы мусулмандардын майрамы эмес экени анык. Бул жөнүндө хадистерде да айтылат.

“Азаттык”: Чубак ажы, ошондо президент Атамбаев да элди Нооруз майрамы менен куттуктаган үчүн мусулман болбой калабы?

Чубак ажы Жалилов: Жок, ал эми куттуктай берсин. Куттуктаганга эч ким тыюу салбайт. Бирок чыныгы мусулман киши “ушу майрам менен куттукташым керекпи, жокпу” деп сураса, биз ал кишиге исламдын өкүмүн түшүндүрүп бере алабыз. Анан эгерде өлкөнүн президенти, же башка бир адамдар чындап эле исламды кармангысы келсе, анда исламдын майрамдарын тереңирээк үйрөнүп алса жакшы эле болот. Биз кайсыл бир адамдын жеке ою деп динди бузуп бере албайбыз. Кыргыздардын майрамы, өзбектердин майрамы деп отуруп, исламга башкача бир туура эмес пикирлер кирип кетиши мүмкүн. Жанагы жүзүн жаап, кара кийинип алгандарга, же жанагы Сирияга кетип аткандарга мен таптакыр каршымын. Ошол эле учурда динибизге сырттан келген бир пикирлерди, орусташуу саясатын, коммунисттик, теңирчилик саясатын кошуп койгонго да караманча каршымын.

“Азаттык”: Кимде каяша пикир бар?

Маметбек Мырзабаев: Мен бир кыскача айткым келип турат. Бул жерде Чубак ажы айтып атпайбы, фатвалар шартка ылайык, ошол жердеги жагдайга, мамлекетке карата өзгөрүшү мүмкүн депчи. Эми Кыргызстанда Нооруз майрамын диний майрам катары майрамдагандар аябай аз экенин билебиз да. Ал ата-бабабыз майрамдап келген элдик салт болуп калган. Президент Атамбаев деле Нооруз менен эл-журтун диний майрам катары куттуктаган жок да. Мамлекет канча бир акча коротуп, элге ушундай майрам уюштуруп берип атса, элди ага каршы койгондон көрө колдоп бериш керектир.
Жанагы жүзүн жаап, кара кийинип алгандарга, же жанагы Сирияга кетип аткандарга мен таптакыр каршымын. Ошол эле учурда динибизге сырттан келген бир пикирлерди, орусташуу саясатын, коммунисттик, теңирчилик саясатын кошуп койгонго да караманча каршымын.
Чубак ажы Жалилов

“Азаттык”: Өткөн айда казакстандык ондогон жигиттер интернетте видеосун жарыялап, “таза исламдын” жолунан адашкан, бузулган адамдарга каршы күрөшүп жатабыз деп жарыялашты. Ошондон улам Борбор Азияда исламдык агымдар арасында идеологиялык күрөш жүрүп жаткан жокпу? Келечекте мындай эрегиш күчөп, “сен адаштың туура жолдон, мен адаштым” деп бири-бирибизге душман болуп чыкпайбызбы?

Бейбит Сапаргали: Мусулмандар арасындагы эрегиш курч маселе болуп баратканы чын. Казакстанда да жанараак сөз болгон салафий, тахсирий жана башка багыттагы уюмдар көмүскө жана көрүнөө өз ишмердигин күчөтүп баратат. Радикалдашкан уюмдардын артында зор каражат, идеология, саясат, диний бөлүнүүчүлүк да бар. Казакстанда азырынча диний уюмдар ортосунда чоң касташуу, уруш-согуш болуп жаткан жери жок, кудай андан сактасын. Бирок да көзгө көрүнбөгөн, ичтен кайнап жаткан маселелер бар. Ошолордун бири – жанагы биздин казакстандыктар Сирияга барып, “туристтик жихад” деп, нече түрлүү жихаддарга жамынып атышат. Ал сөздүн маанисин да түшүнбөй согушка түшүп, өз жандарын кыйып атышат. Казакстандагы мамлекеттик мекемелер, жетекчилер, динаятчылар – баары тең ушул маселеге көңүл буруп, кандай чара көрүү керектигин ойлонуштуруп жатышат, бирок алардан аракеттери азырынча аябай байоо болуп турат.

Жанараак Нооруз тууралуу да сөз болду. Орто Азиядагы көчмөн калктардын миңдеген жылдардан бери майрамдап келаткан салттары, майрамдары бар. Алар исламга эч жеринен карама-каршы келбейт. Алар биздин эл жашаган жердин, аба-ырайынын, жаратылыштын өзгөчөлүгүнөн келип чыккан майрам-салттар. Азыр биздин жаңы муфтийибиз Курман айт, Орозо айтта тек гана аянтка чогулуп, айт намаз окуп тарап кетпей, ошол майрамдарды да улуттук каада-салт менен айкалыштырып өткөрөлү деп сунуш кылууда.

Талкуунун толук мазмунун аудиодон угуңуз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG