Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Орусия: 10 жыл мурун НТВде бийлик алмашкан


Телеканал мамлекет ээлик кылган «Газпром» компаниясынын карамагына өткөндөн кийин НТВнын жүзү болгон Леонид Парфенов, Евгений Киселев, Владимир Кара-Мурза, Светлана Сорокина, Татьяна Миткова, Виктор Шендерович, Лев Новоженов, Дмитрий Дибров сыяктуу таанымал тележурналисттердин чыгармачыл жамааты ыдыраган.

НТВны басып алууну көптөр Орусияда Владимир Путиндин авторитардык башкаруусунда сөз эркиндигинин аякташы менен байланыштырат.

14-апрелде Орусиядагы көз карандысыз НТВ сыналгысынын жаңы кожоюну болуп «Газпром Медиа» холдингинин башкы директору Алфред Кох, ал эми мурдагы башкы директор Евгений Киселовдун ордун америкалык ишкер Борис Йордан ээлеген.

НТВнин жүзү катары таанылган, белгилүү тележурналист Светлана Сорокина «Мен ал жума күнү эски НТВда акыркы эфирди «Глас народа» берүүсүн өткөрдүм. Таң калыштуусу соңку күндөрү кандайдыр бир жымжырттык болуп калган. Кудум эле топон суу жүрөөрдүн алдындагыдай тунжуроо ээлеп калган. Ага чейин бардыгы кайнап, ызы-чуу күчөп турган болчу», - деп эскерет.

Тилекке каршы, эски-жаңы кожоюндардын ортосундагы талаш телеканал жамаатынын ыркынын бузулушуна түрткү берген. Жаңыланган НТВ менен анын алкагында Евгений Киселев башында туруп түзүлгөн ТВ-6 каналы бир жыл дагы чогуу иштеше алган эмес.

1993-жылы түзүлгөн НТВ каналы олигарх Владимир Гусинский ээлик кылган «Медиамост» компаниясына тиешелүү болгон. Канал Орусияда өтө популярдуу саясий маалымат-талдоо медиа каражаты катары таанылып, акыркы бир жылда эле ТЭФИнин 11 сыйлыгына татыган.

Айрыкча НТВнын жаңылыктары, «Итоги», «Куклы», «Намедни», «Глас Народа», «Антропология» сыяктуу программалары Орусиянын гана эмес, анын сыртындагы көрүүчүлөрдүн да жогору баасына татыган.

1996-жыл НТВнын кыска тарыхындагы бурулуш болгон. Орусиядагы президенттик шайлоодо саясий салмагы жеңил Борис Ельцин коммунисттердин лидери Геннадий Зюгановдон жеңилип калчудай кырдаал түзүлгөн. Мындай татаал учурда Орусиядагы Гусинский, Березовский сыяктуу олигархтар Ельцинге кол сунуп, өздөрү ээлик кылган медиа каражаттарынын күчү менен Орусиянын биринчи президентине жеңишти камсыз кылышкан.

Ал эми 2000-жылдын күзүнөн тарта президент Путиндин бийлиги НТВга кысым көрсөтө баштаган. 2001-жылдын жазында сыналгы каналдын журналисттери бир нече ирет митингдерди өткөрүшкөн. Бир жолку нааразылыкка чыккандардын саны 30 миңге чейин жеткен. Бирок бул аракеттер бийликтин назарын бурган эмес.

Тескерисинче, 14-апрелдин түнүндө НТВда бийлик алмашып, жетекчиликти Кремлдин өз кишиси Алфред Кох колуна алган.

НТВнын мурдагы ээси олигарх Владимир Гусинский кыска мөөнөткө камакка алынып, андан чыккандан кийин каналды "Газпромго" сатууга макулдук берген. Гусинский андан соң чет өлкөгө чыгып кетип, ал жакта туруп НТВны сатууга бийликтин кысым менен барганын жар салган.

Ошентип, коомчулукта эски НТВ деген ат менен таанылган Орусиядагы көз карандысыз сыналгынын доору аяктаган.

«Газпром» компаниясы башында НТВнын мүлкүнө кызыкпай тургандыгын айтканы менен бүгүнкү күнгө чейин ээлик кылат. Ал эми азыркы НТВ каналы дээрлик оюн-зоок, жеңил-желпи берүүлөрдү көрсөтөт.

Эксперттердин баамында, жаңы НТВ Кремлдин саясатын жактаган медиа каражаты катары «атайын тапшырмаларды» дагы аткарган учурлар көп.

Маселен, Кыргызстандагы 2010-жылкы парламенттик шайлоодо расмий Москвага жакпаган айрым партия лидерлерине, андан мурун экс-президент Бакиевдин бийлиги менен уулу Максимге каршы маалыматтык чабуулдарды «ийгиликтүү» ишке ашырган.

Беларус менен Грузия дагы маал-маалы менен НТВнын бутасына кабылып турат.

Эски НТВны басып алуудан бери 10 жыл өттү. Бул аралыкта Орусия коомчулугунун маалымат каражаттарына мамилеси дагы өзгөрдү.

Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, Орусиянын журналисттер уюмунун мурдагы башкы директору Игор Яковенко ал өзгөрүүлөр өлкөгө эмне бергенин мындайча түшүндүрөт:

- НТВны басып алышкандан кийин коомдо деградация башталды. Буга телевидениедеги деградация себеп болду. Мурдатан ойлонулуп, атайын жасалган долбоор НТВны жабуу аркылуу ишке ашты. Бийлик Орусиядагы жарык менен үндү өчүрүп, коомдогу артка кетүүлөрдү: эркин ишкерликтикти жок кылуу, шайлоолорду бурмалоо сыяктуу терс көрүнүштөрдү камсыз кылды.

Кесиптешинин жогорудагыдай пикирине кошулган белгилүү журналист Светлана Сорокина учурда орусиялыктар өлкөдө эмне болуп жатканына өтө көңүлкоштугун айтат:

- Жакында эле сурамжылоо жүрүп, анда адамдардын канчасы жок дегенде жаңылыктарга, дүйнөнү кой, Орусиянын ичинде эмне болуп жатканына кызыга тургандыгы суралды. Анын жыйынтыгы өтө коркунучтуу. 80% чукул орусиялыктар өз батири менен чакан чөйрөсүнөн башка жакта эмне болуп жатканына такыр кызыкпайт экен. Бул өтө кооптоно турган жагдай. Сыналгы программалардын рейтингин карап көрсөк – тизменин башында сериалдар менен оюн-зоок программалары турат. Башка берүүлөр, ал тургай жаңылыктар дагы эч кимди кызыктырбайт экен.

Эски НТВнын маалымат берүүсүн алып барган Владимир Кара Мурза 10 жыл мурун бирге иштеген кесиптештеринин айрымдары гана маселен, Киевде туруктуу жашап калган Евгений Киселев, москвалык журналистер Виктор Шендерович жана Светлана Сорокина өз ынанымы менен кесибине берилген тейден калганын бегилейт. Ал эми «өткөн 10 жыл ичинде Орусия НТВ башатында турган сөз эркиндигин жоготту», дейт белгилүү журналист.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG