Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Орусияга каршы санкциялар узартылды


Орусияда санкциялык согуштун алкагында Европа өлкөлөрүнөн мыйзамсыз ташылды деген тамак-аш продукцияларын жок кылуу чаралары да көрүлгөн. Август, 2015-жыл.
Орусияда санкциялык согуштун алкагында Европа өлкөлөрүнөн мыйзамсыз ташылды деген тамак-аш продукцияларын жок кылуу чаралары да көрүлгөн. Август, 2015-жыл.

Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкциялары дагы жарым жылга созулат. 19-декабрда бекитилген расмий чечимге ылайык, экономикалык жактан чектөө чаралары бери дегенде келерки жылдын июль айына чейин күчүндө болот.

Евробиримдик менен катар АКШ Крым аннексиясынан жана Орусиянын Украинадагы аракеттеринен улам ага каршы санкцияларын бир нече айлампа менен киргизген.

Орусияга каршы санкцияларын кайрадан узартуу маселесин Евробиримдиктин лидерлери өткөн аптадагы саммитте макулдашкан. 19-декабрда мына ошол макулдашуу Европа кеңеши тарабынан расмий бекитилди.

Брюсселден таратылган билдирүүдө айтылгандай, “орус экономикасынын атайын секторлоруна багытталган санкциялар эми 2017-жылдын 31-июлуна чейин” күчүнө кирет.

Бул Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын жалпы мөөнөтү үч жылга созулат дегенди билдирет.

Албетте, Орусия санкциялардын узартылбай калуусуна кызыкдар эле. Москванын жана Европада ал кызматташкан саясий жана башка күчтөрдүн аракеттеринен улам санкцияларды жоюу боюнча демилгелер айрым учурда жогорку деңгээлде да көтөрүлүп келет.

Бирок бул ирет да биримдиктин биринчи жана үчүнчү экономикалары, Орусия менен украин кризисин жөнгө салууда тикелей иштешип жаткан Германия менен Франциянын туруму чечүүчү роль ойногондой болду.

Бул эки өлкөнүн лидерлери: канцлер Ангела Меркел менен президент Франсуа Олланд санкциялардын улантылышын өткөн аптада саммитти утурлай макулдашкан.

Меркел менен Олланд мындай чечимдин зарылдыгын Украинанын Донбасс аймагындагы кырдаалды саясий жөнгө салуу ишинде жылыш жоктугу менен түшүндүрүшкөн:

- Биз Украинадагы кырдаалды жана аткарылуусу абдан жай кетип жаткан Минск келишимин кыскача талкууладык. Биз мунун аткарылуусунда прогресс жакшыраак болуусун каалаганыбыз менен Орусияга каршы санкцияларды кайрадан узартуу зарыл,- деген эле немис канцлери Ангела Меркел Берлиндеги басма сөз жыйында.

Ал эми кийин саммит учурунда Польша санкцияларды алты айга эмес, бир жылга узартууну сунуштап, бирок буга Италия каршы болгон:

- Санкцияларды алты айга узартарыбыз белгилүү эле. Биздин кээ бир кесиптештер балким он эки айга артыкчылык беришкен, бирок чын-чынында эч кандай талкуу жүргөн жок. Себеби, биздин азыркы формат алты айды кармоо мүмкүн экени башынан эле анык болгон, - деди Европа кеңешинин президенти Дональд Туск соңку чечимди комментарийлеп жатып.

Орусияга каршы санкциялар каржы, энергия, коргонуу секторлорун камтыйт. Ал эми мындан да конкреттүү айтканда, Евробиримдиктин санкциялары орусиялык компаниялар менен уюмдардын 37сине, жеке адамдардын 151не, АКШныкы 102 фирмага, 128 жеке адамга каршы багытталган.

Буга жооп чара иретинде Москва Батыш өлкөлөрүнөн тамак-аш жана азык-түлүк импорттоого тыюу салган.

Орус экономикасынын ички структуралык көйгөйлөрүнө санкциялардын кошулуусунун натыйжасында былтыр өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн бир жылдык көлөмү 3,7% төмөндөгөн. Быйыл бул төмөндөө бир пайыздан азыраак болору күтүлүүдө.

Москвалык экономист, Жогорку экономикалык мектептин профессору Игорь Николаев “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде санкциялардын экономикадагы чагылдырылышы тууралуу мындай деди:

- Санкциялардын ички дүң өнүмдүн динамикасына таасирин болжолдуу айта алабыз. Бирок тиешелүү эсептер жүргүзүлгөн. Буга контрсанкциялардын да таасирин кошуу керек. Анын да орус экономикасына болгон терс таасирин моюнга алышпадыбы. Биз санкциялардан ички дүң өнүмдүн 1,2% чейин жоготуп жатабыз.

2015-жылдын жыйынтыгында Орусиянын ички дүң өнүмүнүн акчалай көлөмү 1,2 триллион доллардын тегерегинде болгон. Мунун бир пайыздык жоготуусу 12 миллиард доллар дегенди билдирет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG