Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Кремль: Тыңчылык ишенимди бекемдебейт


Орусия тыңчы деп шектеген Райан Кристофер Фогл. Сүрөт "Russia Today" телеканалынын сайтында жарыяланган.
Орусия тыңчы деп шектеген Райан Кристофер Фогл. Сүрөт "Russia Today" телеканалынын сайтында жарыяланган.

Москвада тыңчы деп шектелген дипломат кармалганына байланыштуу АКШ элчиси бүгүн Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Тыңчылык менен байланыштуу АКШ-Орусия ортосундагы соңку окуяны баяндамачылар "кансыз согуш" доорун эске салган көрүнүш катары баалашты.

"Кансыз согушту" өз билдирүүсүндө Орусия Тышкы иштер министрлиги да эскерди.

“Кансыз согуштун духундагы мындай чагымчыл аракеттер өз ара ишенимди чыңдоого көмөктөшпөйт”, - деп айтылат Орусиянын тышкы саясий мекемесинин шаршембидеги комментарийинде.

Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси Майкл Макфол шаршембиде Москвадагы Тышкы иштер министрлигине чакыртылды, бирок америкалык дипломат соңку инцидентти комментарийлөөдөн баш тартты.

Ал эми министр Сергей Лавров шаршембиде АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри да келген, Арктика айланасындагы мамлекеттердин жыйыны учурунда кабарчылардын суроосуна жооп берип:

-Биз бул теманы талкуулаган жокпуз. Жон Керри бул маселени козгогон жок. Мен да ал жөнүндө сөз кылуу ашыкбаштык кылат го деп чечтим. Анткени баары ачыкка чыкты, баарына эле түшүнүктүү болду.

Орусия тыңчы деп шектелген америкалык дипломатты өлкөдөн “мүмкүн болушунча тез” кетүүгө буйруган. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков бүгүн бул маселени комментарийлеп, тыңчылык эки тараптуу алаканын жакшыруусуна бөгөт болоорун белгиледи.

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) ырастоосунда, АКШнын Борбордук чалгын кызматына (ЦРУ) иштейт деп шектелген Райан Кристофер Фогл Москвада, орусиялык атайын кызматтын бир өкүлүн азгырууга аракеттенип жаткан жеринен, шейшембиге караган түнү колго түшкөн.

Фогл кармалган кезде андан табылды делген акча жана башка оокаттар
Фогл кармалган кезде андан табылды делген акча жана башка оокаттар
ФСБ ырастагандай, АКШ элчилигинде үчүнчү катчы деп саналган Фогл кармалган кезде андан евро менен ири суммаддагы акча, эки чачкеп, компас, Москванын картасы, болочок тыңчыга кызматы үчүн бир миллион доллар сунуштаган кат жана ЦРУ менен электрондук кат аркылуу байланышуунун жол-жобосу боюнча нускоо табылган.

ЦРУнун мурдагы кызматкери Роберт Бэр CNN телеканалы менен маегинде Орусиянын ырастоолоруна ишене албай турганын айтты:

-Бул ЦРУнун иши эмес. ЦРУ болочок агенттер үчүн даярдалган каттарды өзү менен кошо алып жүрбөйт, кызматкерлери чачкеп кийбейт, электрондук почтаны колдонбойт. Байланыш күтүп, бурчта турбайт.

Роберт Бэр бул Орусиянын атайын кызматтары тарабынан уюшулган болушу мүмкүндүгүн да жокко чыгарбады:

- Алар жигитти АКШ өкмөттүн, ЦРУну оңтойсуз абалда калтыруу үчүн өтө жаман шартта кармашты. Алар мындан пропагандалык пайда табышат да. Эгер бул чын эле тикелей тыңчылык болсо, ЦРУнун агентин акырын эле, чуу салбастан, эч ким билбегендей кылып, чыгарып жиберүү мүмкүнчүлүгү бар. Орустар мындан пайда табууну көздөшкөнү түшүнүктүү.

Байкоочулардын баамында, айтылуу "кансыз согуш" доору аяктаса дагы Орусия менен АКШ бири-биринин аймагында тыңчылыкты азыр деле жүргүзөт. Мындай фактылардын ачыкка чыгып кетиши эки өлкөнүн алакасына анчалык көлөкө түшүрбөсүн Москва деле, Вашингтон деле түшүнөт.

Кабарчылар белгилешкендей, Райан Кристофер Фогл - Кошмо Штаттардын Орусияда акыркы он жылда тыңчылык үчүн айыпталган алгачкы дипломаты. Орусияда былтыр мурдагы аскер адамдарынын кеминде экөөсү АКШнын пайдасына тыңчылык кылганы үчүн айыпталып, узак жылдарга түрмөгө кесилген.

Ал эми 2010-жылы июнда АКШдан тыңчы деген шек менен он орусиялык кармалып, ошол эле жылы июлда Орусияда тыңчылык үчүн соттолгон төрт орусиялыкка алмаштырылган эле.

АКШдан чыгарылгандар менен ал кездеги премьер Владимир Путин жолугушуп, ал эми президент Дмитрий Медведев айрымдарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG