Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Голландия: суу үстүндөгү шаарча


Голландия
Голландия

Голланияда дүйнөдө биринчи жолу суу үстүндө калкып турган шаарча курулуп жатканы белгилүү болду. Ал эми америкалык окумуштуулар суу астында жүрүүчү роботтордун жаңы түрүн иштеп чыкканы кабарланууда.

Голландиялык архитектор Коэн Олтуист жетектеген "Жаңы суу" долбоорунун негизинде өлкөдө биринчи жолу суу үстүндө кичинекей шаарча курулууда.

Ситидел деп аталган бул жаңы шаарча 60тан ашуун коттедж-үйлөрдү камтыйт. Буга чейин деңиз үстүндө жалгыз турган үйлөр курулуп келгени менен мындай чоң аянттуу конуштар салына элек болчу.

Ситидел жаңы конушунда үйлөрдөн сырткары унаа токтотуучу жай жана жер менен туташып турган көпүрө да курулган. Андан сырткары шаарчаны курчап турган суу жаңы технологиянын жардамы менен үйлөрдү жылытканга пайдаланылат. Бул өз кезегинде энергияны 25% чейин үнөмдөгөнгө жардам берет.

Суу үстүндө калкып турган шаарчадагы үйлөр алюминиумдан курулган, анткени бул металл сууга чыдамдуу материалдардын бири жана ийкемдүү болгондуктан, оңдоп түзөгөнгө ыңгайлуу.

Белгилүү болгондой, Голландия суу астында калуу коркунучу бар аймактарга кирет жана Европа чөлкөмүндө деңиз деңгээлинен эң төмөн турган өлкө.

Андан сырткары өлкөдө 3500 жакын полдер же болбосо сууга тез-тезден толуп турган көлмөлөр бар. Мына ушул көлмөлөргө эми шаар куруу долбоору ишке ашып баштады.

Суу астында ойлонгонду билген роботтор

Масачусетс окуу жайынын изилдөөчүлөрү суу астында жүрүүчү роботтордун жаңы түрүн иштеп чыкканы белгилүү болду.

Бул жаңы роботтор атайын даярдалган программанын жардамы менен океандын астында адам сыяктуу ойлонуп, өз алдынча тигил же бул чечимди чыгарганга жөндөмдүү. Андан сырткары бир канча роботтон турган топ бири-бири менен кеңешип иш алып барышат.

Деңиздин астын изилдөөчү "темир адамдар" иерархиялык негизде башкаруучу жана аткаруучу болуп бөлүнгөн жана алар жумушун алдын ала пландаштырып ырааттуу иш алып барганга жөндөмдүү.

Адистердин айтымында, бул жаңы роботтор менен эми океандын астын изилдөө кыйла жеңилдейт жана аз убакытты жана каражатты талап кылаары шексиз.

Манжадагы героиндин изи

Ал эми улуу британиялык жана голландиялык окумуштуулар манжанын кагаздагы басылмасы аркылуу адамдын канындагы героинди аныктоочу ыкманы ишке киргизгени кабарланууда.

Окумуштуулардын айтымында, канында героин бар адамдын манжаларында "бензоилэкгонина" жана "метилэкгонин" сыяктуу химиялык заттардын изи пайда болот.

Мына ушул заттардын изин эми манжанын кагаздагы басылмасына электрондук спрэйди чачып, аныктап алса болот.

Буга чейин мындай ыкмалар адамдын манжасынын героин же кокаин сыяктуу наркозаттарды кармаган издерин гана текшергенге колдонулуп келген.

XS
SM
MD
LG