Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Сарыктан сакайтчу дары сатыкка чыгат


Дүйнө жүзүндө сарыктан жылына 170 миллион адам жабыркап, 350 миңдей киши өмүрүнөн айрылат.
Дүйнө жүзүндө сарыктан жылына 170 миллион адам жабыркап, 350 миңдей киши өмүрүнөн айрылат.

АКШнын Жүрөк ассоциациясы калийге бай тамак-аш аялдар арасында жүрөк ооруларын азайтарын билдирди. Гепатит илдетинин С түрүнүн дарысы табылды. “Дайсон” компаниясы үйдү өзү тазалган робот чаң соргуч чыгарды.

Калийге бай тамак-аш жүрөк ооруга даба

Американын Жүрөк ассоциациясынын изилдөөчүлөрү жашы өйдөлөп калган аялдар калийге бай тамак-ашты көп жесе, жүрөк оорусуна аз чалдыгарын аныкташты.

Буга чейин илимде калий адамдын кан басымын төмөндөтө тургандыгы белгилүү болгон. Бу жолу калийге бай тамак-аш жеген 50 жаштан 79 жашка чейинки 90 миң аялга 11 жыл бою байкоо жүргүзүлгөн. Натыйжада төмөнкүдөй жыйынтыктар чыккан:

- Калийди көп жегендер арасында жүрөк илдетине кабылуу 12 пайызга төмөн;

- Калийди көп жегендер аз жегендерге караганда 10 пайызга узак жашайт;

- Кан басымы төмөн, калийди көп жеген аялдар жүрөк оорусуна 27 пайызга аз чалдыгат;

- Кан басымы жогору, бирок калийди көп жеген аялдар узагыраак өмүр сүрөт.

Изилдөөчүлөр деги эле калий адамдын организми үчүн өтө пайдалуу деген тыянакка келишкен.

АКШнын Айыл чарба министрлиги аялдарга күнүнө беш грамм калий жегиле деп кеңеш берет. “Биз изилдеген аялдардын 2.8 пайызы гана бул сунушту аткарат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча аялдар күн сайын жок дегенде үч же үч жарым грамм калий жеши керек”,- дейт изилдөөчүлөрдүн бири.

Калийге бай жер-жемиштер: кабыгы менен бышкан картошка, ак буурчак, козу карын, банан, балык, айран, шпинат.

Ошол эле маалда калийдин организмде өтө көп санда топтолушу жүрөк оорусуна чалдыктырышы мүмкүн. Бардыгын чен-өлчөмү менен колдон келсе дарыгерге кеңеши менен жеш керек экенин Американын Жүрөк ассоциациясы эскертет .

Сарыктын дарысы табылды

Боордун эң оор илдетинин бирин айыктыруучу дарынын үстүндө ондогон жылдар бою иштегендердин акыбети кайтчудай болуп турат. Ушул жылдын аягында АКШнын Тамак-аш жана дары башкармалыгы гепатиттин С түрүн айыктырчу жаңы таблетканы расмий алып чыкканы турат. Бул оорудан дүйнө жүзүндө жылына 170 миллион адам жабыркап, 350 миңдей киши өмүрүнөн айрылат. Жаңы дары оорулууну тезирээк сакайтат жана организмге тийгизген терс таасири абдан аз.

Бирок дарынын баасы кымбат. 12 жумалык толук дарылоо курсу 84 миң долларды чапчыйт. Жакынкы айларда дарыгерлердин, оорулуулардын, экономисттердин жана дары-дармек боюнча иш алып барган компанияларынын ортолорунда бул жаатта далай талаш-тартыштар болорунда шек жок деп жазат Scientific American журналы.

Робот чаң соргуч

Кадимки чоң соргучтан тажап, үйүңүз өзү эле тазаланып калса деп кыялданып жүрсөңүз, анда ушу баштан акча топтой бериңиз. Келерки жылдын жаз айларында британиялык “Дайсон” компаниясынын робот-чаң сордургучу сатыкка чыгат.

Бул жумада Wired журналы “Ай” деп аталган жаңы технология менен тааныштырды. “Дайсон” компаниясынын мындай аталыштагы чаң соргучуна орнотулган фотокамера 360 градуста айланып, бөлмөнү 45 градуста текшерип чыгып, бир секундада 30 сүрөт тартат. Өз милдетине киришүү үчүн робот электр тогунан заряд алып жаткан жеринен өзү бошонуп, бөлмөнүн ичин өлчөп, борбордук чекитти таап, дал ошол жактан тегеренип чаң соро баштайт. Бир чарчы метр жерди тазалап бүткөн соң, кайра кийинки кадамга жылат. Анын инфра-кызыл сезгичтери үй жаныбарлары же отургучтун буттары сыяктуу туш келген нерселерди “көргөнгө” жардам берет. Азырынча бул керемет чаң соргучтун баасы тактала элек.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG