Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Шал менен ооруган жигиттин он эки кадамы


Иллюстрация
Иллюстрация

АКШда баспай калган кишини бастырышты. Apple компаниясы электр менен жүргөн унаа жасап чыгарат.

Америкалык 26 жаштагы эки буту шилтенбей калган жигит мээни башкаруу системасынын жардамы менен кадимкидей кыймылдап, бир канча кадам басканга жетишти.

Бул система атайын даярдалган электроддор менен жабдылган киймеден жана кичинекей компьютерден турат. Кийме башка кийилгенден кийин, электроддор баш мээнини сигналдарын аныктап, башкарып турат.

Мээдеги сигналдар аныкталгандан кийин алар компьютерге жиберилип, ал жактагы атайын программа мээнин булчуңдарды кыймылга келтирчү нервдерге буйрук берет. Бул изилдөөнүн жыйынтыгы "Нерв-инженерия жана реабилитация" журналына жарыяланган.

Маалыматка ылайык, аталган бейтап жүлүнү жабыркагандан улам шал болуп, эки буту баспай калганына беш жыл болгон. Ошого карабастан, мээни башкаруу системасынын жардамы менен буттарын кыймылга келтирип, он эки кадам таштады.

Адистердин айтымында, бейтап алдын ала психологиялык жана дене-бой жактан даярдыктан өткөн. Мээни башкаруу технологиясын ишке киргизүүдө анын салмагын жөлөп туруучу атайын тирөөч да колдонулган.

Андыктан, бул жаңы система менен шал же сенек болгон адам дароо эле басып кетет деген ойдон алыс болушубуз керек. Бирок ачылыштын өзү эле жүлүнү жабыркагандар такыр баспай калат деген ишенимди жокко чыгарды.

Окумуштуулардын айтымында, келечекте бул система башка бейтаптарга да колдонулуп, текшерилет. Буга чейин ушундай эле жол менен кийме кол же буттарды кыймылга келтиришкен.

Apple унаа жасай баштайбы?

Wall Street Journal гезитинин маалыматына ылайык, Apple компаниясы электр тогу менен жүрө турган унааны жасоо үстүндө иштеп жатат. Гезит анонимдүү булактарына таянып, Apple жасаган "Титан" аттуу унаа​ 2019-жылга чейин сатыкка чыгарын жазды.

Бул маалыматка аталган компаниянын өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тарткан. Ишкананын жаңы технология менен автоунаа жасоо аракеттери тууралуу мындан бир жыл мурун да такталбаган маалымат тараган эле.

Андан сырткары өткөн жумада Appleдин башчылары Калифорниянын унаа департаменти менен жолугуп, айдоочусуз автомобилдердин жолдо жүрүү эрежелерин талкуулаганы маалым болду.

Буга чейин мындай "акылдуу" унааларды Гугл компаниясы жасаган, учурда ал текшерүүдөн өтүүдө. Жапониянын "Тойота" компаниясы да жаңы технология менен жабдылган робот-унаа жасоого 50 млн. АКШ доллар сарптап жатканын билдирген.

Starbucks кофеге кезекти азайтты

Starbucks ишканасынын жетекчиси Хоард Шульц жакынкы жылдары смартфон менен алдын ала төлөө механизми бардык дүкөндөрдө иштерин маалымдады. Алгач бул ыкма АКШнын Орегон штатында бир жылдай сыноодон өткөн.

Компаниянын жетекчисинин айтуусунда, бул система иштеп баштагандан бери ишкананын кирешеси өскөн. Анын себебин Шульц мырза кардарлар кофени алдын ала төлөп алып кеткенден улам дүкөндөрдө кезек азайып, тейлөө жакшырганынан көрүп жатат.

Адистердин айтымында, буга чейин ушул сыяктуу атайын тиркеме менен смартфондон акча которуу Samsung жана Apple компанияларында кеңири колдонулган. Бирок кофени алдын ала төлөп, анан даяр болгондо кезек күтпөй эле алып кетүү системасы биринчи жолу иштеди.

XS
SM
MD
LG