Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

ФИФА төбөлдөрүнө айыбы угузулду


ФИФА
ФИФА

АКШнын башкы прокурору Лоретта Линч эл аралык футбол федерациялар бирлигиндеги коррупция боюнча ишти тергеп бүттү.

Лоретта Линч ФИФАнын сегиз аткаминери, анын ичинен беш жаңы фигурант бул чуулгандуу кылмыш иши боюнча айыбын моюнга алган көрсөтмө беришкенин билдирди. ФИФАнын тарыхындагы бул ири чуулгандуу кылмыш иши быйыл май айында уюмдун президентин шайлоонун алдында козголгон болчу. АКШнын өтүнүчү менен Швейцариянын полициясы Цюрихтеги отелден ФИФАнын жогорку даражадагы жети аткаминерин бир учурда коррупцияга шектүү катары кармап, камакка алган.

200 миллион доллар көмүскө айланган футбол уюму

Андан соң тергөөнүн алкагында бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун мурдагы жана учурдагы жетекчилеринен жалпысынан он алты адамга бир нече кылмыш эпизоддору боюнча иш козголгон. Аларга учурда коррупция, алдамчылык, акча талап кылуу жана рекетчилик сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча жалпысынан 47 пункттан турган айып коюлду. АКШнын юстиция министрлигинин маалыматы боюнча эл аралык футбол федерациялар бирлигинин чиновниктери өткөн 24 жылда 200 миллион АКШ доллары өлчөмүндө пара өндүрүп алып турган деп шектелишүүдө. Тергелип бүткөн бул кылмыш иштери жакында чекесинен сотко өткөрүлүп бериле турганы белгиленди. АКШнын башкы прокурору Лоретта Линч камакка алынгандардын ичинен ФИФАнын мурдагы вице-президенти Жеффри Уэбб биринчи болуп алдамчылык, арам акчаны адалдоо жана рекетчилик иштерин моюнуна алганын билдирди. Быйыл май айынын аягында Цюрих шаарындагы отелде жыйын өтүп жаткан учурда ФИФАнын коррупцияга шектелген жогорку даражадагы бир нече жетекчиси камакка алынган. Алардын арасында Уэбб, Эухенио Фигередо, Эдуардо Ли, Хулио Рока, Костас Таккас, Рафаэль Эскивель, Хосе Мария Марин деген сыяктуу эл аралык футбол федерациялар бирлигинин функционерлери бар болчу.

АКШнын баш прокурору Лоретта Линч бүткүл дүйнөлүк футбол уюмундагы көп жылдан берип калыптанып, өтө терең чырмалган коррупциялык иштердин бети ачылганын белгиледи:

- Бул абийирсиздикке жык толгон коррупциянын масштабы биз ойлогондон да чоң болуп чыкты. Бул ишке түздөн түз же кыйыр түрдө аралашкан адамдардын бардыгы жоопкерчиликтен кутулуп, көмүскөдө калып кетпейт деп айта алам. Учурда толук иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондуктан бул ишке тиешеси бар адамдар биздин көңүл борборубуздан качып, бекинип калам деп ойлобосун. Дүйнөдөгү эң популярдуу спорттун түрүн өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн баюунун жолуна айландырып алган адамдар жооп берүүгө тийиш. Ондогон жылдардан бери бул уюмдагы коррупциялык иштерди кадимки көрүнүш катары кабыл алууга умтулгандардын мезгили өттү.

Алкакка сыйбаган "алаамат иштер"

Цюрих шаарындагы чуулгандуу камакка алуу операциясы АКШнын юстиция министрлигинин демилгеси менен башталып, аны Швейцариянын полициясы ишке ашырган. 3-декабрда Цюрихте Түндүк жана Борбордук Америка менен Кариб өлкөлөрү боюнча футбол федерациясынын мурдагы президенти Альфредо Хавит жана Түштүк америкалык футбол конфедерациясынын башчысы Хуан Анхель Напоут коррупцияга шектелип, камакка алынды. АКШнын башкы прокурору Лоретта Линч ФИФАнын коррупцияга шектелип, кармалган функционерлеринин арасынан сегиз адам айыбын моюнуна алганын белгиледи. Алардын ичинен бешөө бул кылмыш иши боюнча жаңыдан кармалгандар болчу. Ошол эле кезде АКШнын баш прокурору Лоретта Линч уюмдагы коррупциялык иштер боюнча тергөөнүн жаңы материалдарында ФИФАнын учурдагы президенти Йозеф Блаттердин ысымы жок экенин билдирди. Ошол эле кезде АКШнын башкы прокурору Лоретта Линч бул дүйнөлүк футбол уюмундагы коррупцияга байланыштуу мындан башка дагы жаңы айыптоолор угузула турганын белгиледи. Лоретта Линч бул кылмыш ишинин масштабы өтө чоң экенин айтып, анын аягы азырынча көрүнбөйт деп билдирди. Бирок ал коррупцияга байланыштуу жаңы айыптоолор боюнча кылмыш жообуна тартылып жаткан башка адамдардын жана мекемелердин аттарын атоодон баш тартты.

XS
SM
MD
LG