Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

ЕБ-Түркия келишими антитеррор мыйзамына такалды


Евробиримдик -Түркия саммити. Брюссель, 7-март, 2016-жыл.
Евробиримдик -Түркия саммити. Брюссель, 7-март, 2016-жыл.

Евробиримдик менен Түркия ортосундагы ири жана маанилүү макулдашуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Брюссель менен Анкара бул үчүн бири-бирин айыптап жатышат.

Евробиримдик мигранттар жана качкындар боюнча кризисти жөнгө салуу аргасында Түркия менен жетишилген макулдашуунун алкагында ага каржылык жардам көргөзүүдөн тышкары виза жеңилдиктерин берүүгө да макул болгон.

Бирок Брюссель Анкарага бул үчүн өз шарттарын да койгон эле. Азыр ошол шарттарды Түркия тарап аткарбай жатканын айтууда.

Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер 12-майда Германиядагы сапары учурунда сүйлөп жатып, виза режиминин жеңилдеши үчүн Түркияга 72 шарт коюлганын, Анкара мына ошолордун эң маанилүүлөрүнүн бири – антитеррордук мыйзамын өзгөртпөй жатканын белгиледи:

- Биз визалык режимдин либералдашуусу үчүн 72 критерийди белгилегенбиз, анын алтымыш бешинчисинде Түркия терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамын кайра кароосу керек деп айтылган. Биз муну Түркиянын өкмөтү менен макулдашканбыз. Премьер-министрдин кызматтан кетип калышы эле Түркия менен Евробиримдик ортосундагы макулдашуу жерилиши керек дегенди билдирбейт да. Биз шарттар аткарылуусуна өтө жогору маани беребиз. Болбосо Евробиримдик менен Түркия ортосундагы макулдашуу жөн эле ишке ашпай калат. Эгер, Эрдоган мырза түрктөрдү Европага эркин каттоо укугунан ажыратам деп чечсе, анда элине өзү түшүндүрсүн, бул менин проблемам болбойт.

Евробиримдик менен бир нече айлампада өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында макулдашууга быйыл март айында премьер-министр Ахмет Давутоглу жетишкен болчу. Бирок ал өткөн аптада кызматтан кетип жатканын жарыялады.

Жаңы премьер бийликтеги АК партиянын 22-майдагы курултайында аныкталат деп күтүлүүдө.

Ахмед Давутоглы жана Еврокеңештин президент Дональд Туск сүйлөшүүлөр учурунда.
Ахмед Давутоглы жана Еврокеңештин президент Дональд Туск сүйлөшүүлөр учурунда.

Талдоочулар Ахмет Давутоглунун кызматтан кетишинин негизги себеби анын президент Режеп Тайип Эрдоган менен айрым маселелер, анын ичинде күрт проблемасын жөнгө салуу жолдору боюнча пикир келишпестигине, ошондой эле Давутоглу Евробиримдик менен макулдашкан кээ бир маселелер Эрдогандын пландарына кирбегенине байланыштырган.

Эрдоган өзү бейшемби күнү Анкарада сүйлөп жатып, ортодогу пикир келишпестик үчүн Брюсселди күнөөлөдү:

- Биз Еворобиримдик менен визасыз режимди жаап, келишимге кол койгонбуз. Бул быйылкы жылдын октябрынан тарта күчкө кирет деп чечилген. Андан кийин алар 72 критерий менен келишип, арасына терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамды да кошуп коюшту. Эмне ушундай эреже барбы? Европанын мыйзамдарынан бул нерсени бизге көргөзүп бергилечи. Бул визаны либералдаштыруу боюнча жөн эле кургак талап эмеспи? Алдыда биз Еворобиримдик менен мамилебизди жакшыртып, мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарабыз же жаңы багытка түшөбүз. Биз Европадагы досторубуз менен жаңы Түркияны курууга артыкчылык беребиз, бирок биз эми Евробиримдиктеги досторубуздун чечимин күтүп турабыз.

Евробиримдик жана адам укук коргоочу топтор Түркия терроризмге каршы кеңири мыйзамын бийлик оппоненттерин жана башкача ойлонгондорду да басуу үчүн колдонобу деп чочулашат.

Анкара болсо ал мыйзам күрт согушкерлери жана “Ислам мамлекети” тобуна гана каршы күрөшүү үчүн зарылдыгын айтат.

Эки ортодогу бул пикир келишпестик мигранттар боюнча келишимдин аткарылышынан күмөн санатууда.

Түрк бийликтери эгер виза режими либералдаштырылбаса, алардын Европадан мыйзамсыз мигранттарды кайра артка алуусун караган макулдашуу аткарылбай турганын буга чейин бир нече ирет билдиришкен.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG