Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Украин армиясы: Донецк аба бекетин алдык


Талкаланган Донецк аба бекети. Асмандан тартылган сүрөт
Талкаланган Донецк аба бекети. Асмандан тартылган сүрөт

Украин президенти «Өлкөнүн чыгыш аймактарын кайра өз көзөмөлүбүзгө алабыз» деп ишендирди. Жекшемби күнү Киевде өткөн массалык демонстрация Украинанын чыгышында жикчилдердин жоготуусу күч алган мезгилге туура келди.

Киевдин борбордук майданында 18-январ күнү Биримдик жүрүшү өттү.

Анда президент Петро Порошенко майданга эл өлкөнүн бардык аймактарынан келгендигин белгилеп, анда Волновахадагы кан төгүүнүн бейкүнөө курмандыктары эскерилди. Волновахада 13-январда автобус аткыланганда набыт болгон 12 кишиге демонстрациянын миңдеген катышуучулары бир мүнөт унчукпай туруп, аза күтүштү.

Порошенко бүт дүйнө гана эмес, жараткан да биз тарапта деп ырастап, жикчилдердин колундагы аймактарды кайтарып алууга сөз берди:

- Биз украин жеринин бир бучкагын да эч кимге ыраа көрбөйбүз. Биз Донецкини кайра алабыз, ал жерде украин рухун жандандырабыз. Ынтымак жеңиштин башкы жандоочусу экендигин далилдейбиз.

Ал арада Москвада орус президенти Путиндин маалымат катчысы «Петро Прошенко Путиндин элдешүү сунушун четке какты» деп ырастады. Дмитрий Песковдун кечээ билдиришинче, Путин 15-январда эле атышууну токтотуунун чукул чараларын жана куралдуу күчтөрдү жаңжал аймагынан чыгарууну сунуш эткен.

Бул күнү украин армиясынын маалымат катчысы Андрей Лысенко украин аскерлери алдыңкы түнү кеңири чабуулга өтүп, Донецк аба бекетинин «дээрлик» бардык аймагынан жикчилдер сүрүлүп чыгарылгандыгын бышыктады.

Лысенко акыркы 24 саатта 4 украин аскери окко учуп, 32си жараат алгандыгын билдирди. Украин армиясынын башкы штабы аба бекетинде эле үч аскер набыт болду деген билдирүү таркатты.

Донецкинин аба бекети азыр колдонууга болбой тургандай талкаланды, бирок ал эки тарапка тең символикалык мааниге ээ болуп калды.

Украин армиясынын аба бекетине жасаган чабуулуна байланыштуу Донецк шаарынын борбордук аймагында да айыгышкан салгылаш болгондугу, бир нече карапайым тургун, анын ичинде жаш балдар курман болгондугу кабарланууда. Донецкинин бийликтери турак-жайларга жана инфраструктурага оор залал келгендигин айтууда.

Өз алдынчалык жарыялаган "Донецк элдик жумуриятынын" башчысы Александр Захарченко Донецк менен катар жикчилдер көзөмөлдөгөн дагы бир шаар Луганск да катуу аткылангандыгын билдирди.

Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюму жекшембинин кечинде соңку согуш аракеттерин катуу айыптап, элдешүүнүн шарттарын сактоого чакырды.

Украинын чыгышындагы жаңжал башталган өткөн апрелден бери 4700дөн ашык кишинин өмүрү кыйылып, андан алда канча көп сандагы адам үй-жайын таштап качты.

Украина жикчилдерге 8500дөй орус аскери жардамдашып жаткандыгын айтып келет. Москва бул кинени четке кагып, Украинада орустар өз каалоосу менен барып согушуп жатат деп ырастоодо.

Талкаланган Донецк аба бекети
Донецк аэропорту талкаланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

XS
SM
MD
LG