Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Баш катчы Коопсуздук Кеңешин кеңейтүүнү колдойт


Астана - Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Казакстандын борборунда.
Астана - Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Казакстандын борборунда.

Астанада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жогорку деңгээлдеги жыйыны ачылат. Саммит алдында Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун "Азаттыктын" кабарчысы Эдиге Магауиндин айрым суроолоруна жооп берди.

Жакында WikiLeaks сайты шардана кылган дипломатиялык жабык документтерде АКШнын айрым ырасмий өкүлдөрү атайын кызматтарга баш катчынын баскан-турганын, анын кеңсесинде иштеген кызматкерлердин кыймыл-аракетин кылдат байкоого алып турууну табыштаганы айтылган эле.

Ушул жагдайга токтолуп, Пан Ги Мун "ким бирөөнүн тымызын аңдуусунда калган адам, албетте, өзүн ээн-элкин сезбей турганын" моюнга алды.

Ошол эле учурда Улуттар Уюмунун баш катчысы катары анын күнүмдүк иши такай эл аралык коомчулуктун көз учунда турганын, уюмдун бардык ишмердиги ачык-айкын мүнөздө жүргүзүлөрүн, муну мындан ары да өнүктүрүү үчүн колдон келген аракеттер жасалып жатканын белгиледи.

Баш катчы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Казакстандын быйылкы иштерин жогору баалады. Бу жагынан ал Кыргызстандагы жана башка аймактардагы кырдаалды жөнгө салууда Казакстан, президент Нурсултан Назарбаев иштиктүү рол ойногонун баса көрсөтүп өттү. Баш катчы Астанада ачылып жаткан жыйында жалпы кызыкчылыгы бар бир катар маселелер чечилет деп үмүт кылат.

"Казакстан Улуттар Уюмунун маанилүү өнөктөрүнүн бири, -деп кошумчалады баш катчы.-Социалдык-экономикалык жактан жакшы өнүгүп баратат. Казакстан адам укуктарын коргоо ишине да олуттуу салым кошоруна ишенем. Мен муну Астанда казак жетекчилиги менен талкууладым. Адам укуктары боюнча Комитет сунуш кылган иштерди Казакстан толук аткара турганына ишенем".

Иран проблемасына байланыштуу суроого жооп берип, Пан Ги Мун өзүнүн атомдук программасы өңчөй жайчылык максаттарга арналганын дүйнөлүк коомчулукка далилдеп көрсөтүү толугу менен Тегеранга багыныңкы экенин эске салды. Бу маселени баш катчы иран жетекчилиги менен эчен курдай талкуулаганын, мүмкүнчүлүк болсо дале Тегеранга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө даяр экенин бышыктады.

Толуу Карабах боюнча Улуттар Уюму төрт ирет резолюция кабыл алганын, алардан азырынча майнап чыкпай жатканын да баш катчы танган жок жана Азербайжан менен Арменияны калпыс кадамдардан сактандырып, жаңжалга арачылык кылып келаткан Минск тобу сунуш кылган негизги принциптерде мунаса тапканга чакырды.

Сөз соңунда Улуттар Уюмунун келечеги, Коопсуздук Кеңешинин реформасы кеп болду. Бир катар лидерлер, алардын ичинде АКШ президенти Барак Обама Кеңеште туруктуу мүчөлөр саны көбөйүшү керектигин айтып келатышат.

"Уюмга кирген өлкөлөр ичинде Коопсуздук Кеңеши реформаланышы керек деген жалпы көз караш бар, - деп белгиледи баш катчы. - Анын иши акыркы алтымыш жыл ичинде дүйнөдө өзгөргөн кырдаалга ылайык келиши зарыл, азыркыдан да ачык, өкүлчүлүктүү жана демократиялуу болууга тийиш. Бул азыр кеңири талкууланып жатат. Коопсуздук Кеңеши кандай мүнөздө реформаланышы керек, анын мүчөлөрү канча болууга тийиш – мунун баарын уюмга кирген мамлекеттер сүйлөшүү жолу менен аныкташы зарыл. Бу маселеде бардык өлкөлөрдү муюта турган шарттар жана чечимдер табыларына ишенем".

Сөз болгон проблемада жеке пикирин билдирип, Пан Ги Мун баш катчы өзү да "Коопсуздук Кеңеши өзгөргөн кырдаалга ылайык келгидей, XXI кылымдагы чалкеш проблемаларды чечкенге жарагыдай болуп кайра курулушу, кеңейтилиши зарыл" деп эсептей турганын ырастады.

XS
SM
MD
LG