Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Хиллари Клинтон президенттикке аттанды


Хиллари Клинтон президенттик мүдөөсү жөнүндө социалдык түйүндөрдө видео тасма аркылуу жарыялады.
Хиллари Клинтон президенттик мүдөөсү жөнүндө социалдык түйүндөрдө видео тасма аркылуу жарыялады.

Хиллари Клинтон АКШнын негизги штаттарын кыдырууну баштады. Апта соңунда мурдагы биринчи айым жана мурдагы мамлекеттик катчы 2016-жылы президенттик кызмат үчүн ат салышаарын жарыялаган. Эгерде шайланып калса, Клинтон АКШ тарыхындагы биринчи аял-президент болуп калмакчы.

Нью-Йорктон шайланган сенатор жана мурдагы биринчи айым Демократтардын атынан талапкер болуп көрсөтүлүш үчүн күрөшөөрүн айтып, “Америкалыктарга алардын кызыкчылыктарын коргой турган бирөө керек. Мен ошол адам болгум келет" деди:

- Мен президенттикке ат салышам. Америкалыктар экономикалык кризистен суурулуп чыгуу үчүн бар аракетин жумшашты. Бирок бул жашоодогу артыкчылыктар коомдун жогорку тепкичтеринде тургандарга тийүүдө. Катардагы америкалыктар алардын таламын талаша турган бирөөгө муктаж. Жана мен ошол адам болгум келет. Эптеп күнүмдүк нан табуу жетиштүү эмес. Ар бир үй-бүлө ийгиликтүү болушу керек. Ошондо өлкөбүз да ийгиликтүү болот. Силердин добуштарыңарга татыктуу болгум келет. Узак жол башталууда. Аны мен менен чогуу басып өтөсүңөр деп ишенем.

Шайлоо кампаниясынын сайтында жарык көргөн видеодо ошондой эле катардагы америкалыктар ага үмүт артышаарын айтышат.

2008-жылкы шайлоодо Клинтонду карапайым америкалыктардан өтө эле алыстап кеткенин сындашкан.

Ал жылы экс-биринчи айым партиянын номинациясын Барак Обамага уттуруп жиберген. Азыр болсо, аналитиктердин баамында, анын шансы жогору, демократтар арасында ага олуттуу атаандаш жок.

Президент Обама Клинтондон мыкты президент чыгаарын айтты:

- Клинтон 2008-жылкы ички партиялык шайлоодо күчтүү талапкер болгон. Жалпы шайлоодо мага чоң колдоо көрсөткөн. Мыкты мамлекеттик катчы болгон. Ал менин досум. Менимче, мыкты президент болот, - деди Панамадагы Америка саммитинде жүргөн жеринен мамлекет башчы.

Нью-Йорк штанын губернатору жана штаттын эки сенатору партиялашынын талапкерлигин колдошоорун дароо айтышты. Ал эми Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио Клинтондун программасын күтө тураарын билдирди.

Аналитиктер президенттик мүдөөсү жөнүндө чоң митингде эмес, социалдык түйүндөрдө видео аркылуу жарыялаганын белгилеп, муну бүгүнкү күндүн талаптары, жаштарга ыктоо менен чечмелешет. Албетте, миңдеген кишининин катышуусундагы жыйындар сөзсүз болот, азырынча болсо Клинтон демократтардын ички шайлоосунун биринчи айлампасында маанилүү болуп эсептелген Айова, андан кийин Нью-Гемпширге аттанууда.

67 жаштагы Клинтон демократтардын арасынан жогорку кызмат үчүн ат салышаарын биринчи болуп жарыялады. Жогоруда айтылгандай, азырынча алардын лагеринде мынчалык таанылган жана популярдуу саясатчы деле жок. Ошол эле маалда эксперттер шайлоого чейинки 20 айдын ичинде кырдаал өзгөрүп кетишими мүмкүн дешет. Ал эми республикачылар алгачкы реакциясында Клинтонду дароо сындап киришти. Акыркы шайлоодо Обамага атаандаш болуп чыккан Митт Ромни FOX каналында сүйлөп, "Америкалыктар – падышачылар эмес. Клинтон династиясынан дагы бирөөнү тактыга отургузууга умтулушпайт" деп билдирди. Жакында эле мамлекеттик катчы болуп турган кезде протоколду бузуп, жеке электрондук почтасын пайдаланганы ачыкка чыгып кеткен. Ага байланыштуу Мамлекеттик департамент кызматтык териштирүү жүргүзгөн.

Сенатор Рон Пол болсо Хиллари Бенгазиден келген түнкү телефонго жооп берген жок деди. 2012-жылы согушкерлердин кол салуусунан АКШнын Ливиядагы элчиси жана дагы үч кызматкер мерт кеткен. Бул сөздөрү менен сенатор 2008-жылкы үгүт кампаниясында Клинтондун штабы чыгарган видеолордун бирин эске салды. Демократтардын номинациясы үчүн күрөшүп жаткан кезде Обама тажрыйбасы жетишсиз, чукул кырдаал болгон кезде түнкү телефонго туура жооп беришти билбеген киши катары сүрөттөлгөн.

Байкоочулар болсо Клинтон буга чейинки каталары сабак болгон-болбогонун саясий жактан аптаптуу эмки жай көргөзөт дешет.

XS
SM
MD
LG