Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Обама Иран боюнча келишимди коргоду


АКШ президенти Барак Обама Ирандын ядролук программасы боюнча жетишилген келишимди коргоп чыкты.

Апта соңундагы макулдашуунун сынчыларын ал Американын коопсуздугуна жооп берген кадамдарды колдобостон, саясий оюндарды жүргүзүп жатышат деп айыптады.

"Буркан-шаркан түшүп, катуу сөздөрдү айтуу саясий жактан алганда оңой, бирок бул биздин коопсуздукка салым кошпойт", - деди Обама дүйшөмбүдө Сан-Францискодо сүйлөгөн кезинде.

Анын алдында Вашингтондун өнөктөшү Израил, АКШнын айрым республикачыл мыйзам чыгаруучулары келишим Ислам жумуриятына артыкчылык берээрин, эл аралык коомчулуктун кысымын алсыратаарын айтып сындашкан.

24-ноябрда Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында Иран менен дүйнөлүк 6 держава Тегерандын атомдук программасы боюнча макулдашууга жетишкен. Анда Иран кээ бир ядролук ишмердигин токтотууга көнгөн. Тактап айтканда, алты ай ичинде 20 процентке чейин байытылган урандын концентрациясын азайтууга макул болду.

Жогору байытылган уран курал жасоодо колдонулат. Ошондой эле Иран төмөн байытылган урандын запастарын көбөйтпөө, жаңы центрифугаларды орнотпоо жана Арактагы ядролук реакторду ишке киргизбөө милдеттенмесин алды. Улуттар уюмунун инспекторлоруна болсо Натанц жана Фордоу ишканаларына кирүү укугу берилмекчи.

Ал үчүн санкциялар бир аз жеңилдетилмекчи жана жаңылары азырынча киргизилбейт. Жазалоочу чаралар Ирандын эң чоң кирешесин түзгөн мунай экспортунун кыскарышына алып келип, өлкө экономикасына, миллиондогон катардагы ирандыктарга залакасын тийгизүүдө.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Европа биримдиги Тегеранга каршы киргизилген айрым санкцияларды жыл этегинде алып салышы ыктымалдыгын билдирди. Биримдиктин тышкы иштер министрлери бул маселени талкуулоо үчүн бир нече жумадан кийин жолугушмакчы.

- Келээрки жумаларда тышкы иштер министрлеринин кеңеши жыйынга чогулат. Биримдиктин тышкы саясатын жетектеген Эштон айымдын демилгеси жана албетте биздин колдообуз менен айрым санкцияларды алып салууну сунуш кылып жатабыз. Бирок бул кадам чектелүү, белгилүү бир санкцияларга тиешелүү болмокчу жана кайра киргизилиши мүмкүн.

Обама Иран менен мунасаны прогресс деп сыпаттады жана келишимди дипломатиянын жеңиши катары кубаттады. Президент бул Вашингтон менен Тегеранга көп жылдардан бери өкүм сүрүп келаткан өз ара ишенбөөчүлүктөн арылууга мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи:

- Иран ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эл аралык коомчулукка кошулууну тандаса, анда биздин эки өлкө ортосунда көп жылдардан бери өкүм сүрүп келаткан өз ара ишенбөөчүлүк маанайын бара-бара жоюуга кадам шилтей алабыз. Бул оңой-олтоң жетчү иш эмес, алдыда дагы көп кыйынчылыктар күтүүдө. Бирок дипломатиялык аракеттердин эшигин жаап албашыбыз керек.

Документте көргөзүлгөн жарым жыл ичинде болсо Иран менен АКШ, Орусия, Франция, Германия, Кытай жана Британия Тегерандын атомдук программасы айланасындагы талашты туруктуу түрдө жөнгө салган келишимдин үстүнөн иштей беришмекчи. Обама келээрки айларда ошол сүйлөшүүлөрдү алга жылдырууну ниеттенип жатканын айтты.

- Эл аралык инспекторлор Ирандын ядролук жайларына кирүү мүмкүнчүлүгүн алышмакчы. Бул - ядролук курал чыгаруунун алдын алууга жардам берет.
Алдыдагы айларда дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантып, Ирандын атомдук программасы жараткан коркунучка байланышкан маселени бир жаңсыл кылууга аракет көрөбүз.


Батыш Ислам жумурияты атомдук курал жасоого аракет көрүп жатат деп шектенүүдө. Иран болсо анын программасы тынчтык максаттарды гана көздөөрүн кайталап келатат.

XS
SM
MD
LG