Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

ИМдин жолбашчылары үчүн сыйлык жарыяланды


Абу Бакр ал-Багдади Мосулдагы мечитте сүйлөөдө. Аны кармоо үчүн АКШ 10 миллион доллар сыйлык жарыялаган. Ал-Багдади аба соккулардын бири учурунда жаракат алды деген кабарлар да түшкөн.
Абу Бакр ал-Багдади Мосулдагы мечитте сүйлөөдө. Аны кармоо үчүн АКШ 10 миллион доллар сыйлык жарыялаган. Ал-Багдади аба соккулардын бири учурунда жаракат алды деген кабарлар да түшкөн.

Кошмо Штаттар “Ислам мамлекети” радикал тобунун жолбашчыларын табууга жардам берүүчү маалымат үчүн бир нече миллион доллар сыйлык жарыялады.

Мамлекеттик департаменттин бул жарыясы “Ислам мамлекети” тобу Техастагы кол салуу үчүн жоопкербиз деп ырастаган учурга туш келди. Бирок Ак үй Техастагы окуяны "Ислам мамлекети" радикал тобуна байланыштыруу азырынча эртелик кыларын айтууда.

Мамлекеттик департаменттин жарыясына караганда, АКШ администрациясы “Ислам мамлекети” тобунун төрт жолбашчысынын кармалышына жардам берчү маалымат үчүн 20 миллион долларга чейин сыйлык бере алат.

Мамдепартамент чечмелегендей, “Адилеттүүлүк үчүн” сыйлык программасынын алкагында, маселен, Абд ал-Рахман Мустафа ал-Кадули үчүн жети миллион долларга чейин төлөнөт. Жаш курагы 55тен ашып калган Кадулини АКШ былтыр глобалдык террорчулардын тизмесине кошкон. Мурда “ал-Каиданын” Ирактагы канатында жүргөн ал-Кадули азыр “Ислам мамлекети” тобунун жолбашчыларынын бири деп саналат.

Ал эми өзүн уюмдун басма сөз катчысы деп атап жүргөн Абу Мохаммед ал-Аднани кармоого жардам берүүчү маалымат үчүн беш миллион доллар белгиленди.

ал -Аднани белгисиз жерде.
ал -Аднани белгисиз жерде.

Ушундай эле сыйлык теги боюнча грузин Тархан Батирашвилини табуу үчүн да берилет. 29 жаштагы Батирашвили “Ислам мамлекети” тобунун түндүк Сириядагы колбашчысы. Ракка шаарында барымтага алынган чет элдиктер отурган түрмө анын карамагында болгон.

Сириядагы дагы бир талаа командири, теги боюнча тунис Тарик бин-ал-Тахар бин ал Фалих ал-Авни ал-Харзини табууга үч миллион долларга чейин акча төлөнөт. 33 жаштагы ал-Харзи, маалыматтарга караганда, “Ислам мамлекети” тобу үчүн Перси булуңундагы өлкөлөрдөн каражат чогулткан, уюмдун жанкечтилер канатын да жетектейт.

Тархан Батирашвили Ирактын Найнава провинциясында.
Тархан Батирашвили Ирактын Найнава провинциясында.

Ал эми “Ислам мамлекети” тобунун биринчи лидери Абу Бакр ал-Багдадинин башы үчүн Кошмо Штаттар былтыр жайда эле 10 миллион доллар белгилеген.

Мамлекеттик департаменттин сыйлыктар боюнча соңку жарыясы “Ислам мамлекети” тобу ушул жекшемби күнү Техас штатындагы кол салуу үчүн жоопкерчилик алган учурга туш келди.

Бирок Ак үй мындай бүтүм чыгарууга азырынча эртелик кыларын айтууда. Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест Вашингтондогу басма сөз жыйында:

- Кол салган эки адамдын “Ислам мамлекети” тобуна же дүйнөдөгү башка террордук уюмдарга тиешеси бар-жогун Федералдык тергөө бюросу жана чалгын комитетинин кызматкерлери иликтеп жатат. Андыктан азырынча бир нерсе деп айтуу эртелик кылат. Биз ишенимдүү айта ала турган нерсе - жергиликтүү укук коргоо органдарынын ыкчам, кесипкөй жана чечкиндүү аракетинин артында терракт жасоо аракети ишке ашпай калганы.

Техастагы Даллас шаарынын чет жакасында, 3-майдагы кол салууну алардын мүчөлөрү жасаганын “Ислам мамлекети” тобу кечээ билдирген. Мухаммед пайгамбардын карикатуралары боюнча көргөзмө өтүп жаткан сүрөт борборго ок чыгарган эки адамды полиция атышуу учурунда жок кылган болчу.

АКШнын күч кызматтары ок чыгаргандардын ысымын Элтон Симпсон жана Надир Суфи деп атады. Жаш кезинде эле ислам динине өткөн Элтон Симпсон Сомали жана Түштүк Африкадагы террордук топтор менен байланыш түзүү аракетинен улам 2006-жылдан бери ФБРдин байкоосунда турган.

"Рейтер" агенттиги жазгандай, америкалык тергөөчүлөрдүн ишениминде, “Ислам мамлекети” тобу Техастагы кол салууда тикелей операциялык эмес, балким “шыктандыруучу” ролду ойногон болушу мүмкүн.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест Вашингтондогу басма сөз жыйында буларга токтолду:

- Биз билгенден дүйнөдөгү экстремисттер, анын ичинде “Ислам мамлекети” тобундагылар да адамдар, анын ичинде Кошмо Штаттагылар менен байланыш түзүү үчүн социалдык медиа тартуулаган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышууда.

“Ислам мамлекети” тобу Ирак менен Сириянын бөлүктөрүн азыр да көзөмөлдөп жатат. Бирок Пентагон жакында жарыялаган картага караганда, былтыр жайдан бери ал Иракта карамагындагы аймактардын 25% жоготкон.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG