Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Мартин Лютер Кингдин атылганына элүү жыл


Мартин Лютер Кинг
Мартин Лютер Кинг

Кошмо Штаттарда бүгүн (4-апрель) укук коргоочу, жалындуу оратор, ындыкаралардын жарандык укугун коргогон кыймылдын лидери, айтылуу Мартин Лютер Кинг атып өлтүрүлгөн күндүн элүү жылдыгы белгиленет. Теңдикке жана тынчтыкка чакыруу маркумдун башкы мурасы экени, ал азыр да актуалдуу бойдон калып жатканы айтылып келет.

АКШда өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары ындыкаралардын укуктары үчүн күрөштүн көч башында жүргөн укук коргоочу жана диниятчы Мартин Лютер Кинг 1968-жылдын 4-апрелинде киши колдуу болгон:

- Бизди оор күндөр күтүп жатат. Бирок бул азыр мен үчүн маанилүү эмес. Анткени мен бул тоону буга чейин эле багындыра алдым.

Бул жалындуу оратордун 1968-жылдын 3-апрелинде айткан акыркы осуяттарынын бири.

Эртеси 4-апрелде ал Теннеси штатындагы Мэмфис шаарында, чакан мейманкананын (мотел) жанынан снайперден ок жеген.

Күрөшүүнүн аспабы катары нааразылык билдирүүнүн тынч жолун тандап алган Мартин Лютер Кинг өмүрү кыйылган кезде 39 жашта эле.

Мартин Лютер Кинг (солдон үчүнчү). Атланта, 1948-жыл.
Мартин Лютер Кинг (солдон үчүнчү). Атланта, 1948-жыл.

Жоржия штатынын Атланта шаарында баптист диниятчынын үй-бүлөсүндө чоңойгон коомдук ишмер бул мезгилде АКШдагы ындыкаралардын укугу үчүн жарандык кыймылдын башкы лидерине айланып калган.

Колледжге 15 жашында кирген Мартин Лютер Кинг кийин теология илиминен докторлук диссертациясын да жактаган.

Ал ындыкаралардын укугу үчүн күрөшкө башын байлаган жылдары АКШда, өзгөчө түштүк штаттарда расалык сегрегация өкүм сүрүп, алар такай дискриминацияга кабылып турган.

Ак түстүүлөр менен ындыкаралардын ресторандарда чогуу тамак ичүүсү да мүмкүн эмес эле. Укук коргоочулар да катаал мамилеге жана зордук-зомбулукка дуушар болушчу.

Полиция демонстрацияларды кууп таратса, Мартин Лютер Кинг өзү коркутууларга кабылып, анын үйү жардырылган.

Бирок булардын баарына анын жообу тынч мүнөздөгү гана нааразылык акциялар болгон. Билгендердин айтымында, Мартин Лютер Кинг Индиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Махатма Гандинин окуусуна шыктанып, 1959-жылы анын кабырына да барып келген.

Тынч мүнөздөгү нааразылыктарды уюштурганы үчүн ал бир нече ирет абакка да түшкөн.

АКШнын Федералдык тергөө бюросу өз иликтөөлөрүнүн биринде Мартин Лютер Кингди "коркунучтуу радикал" деп атаган.

Жарандык укуктар үчүн эң белгилүү акция 1963-жылы болгон.

Ошол жылдын 28-август күнү ар кайсы расадагы 250 миңдей демонстрант Вашингтондогу жүрүшкө кошулуп, бирдей шайлоо укуктарын жана экономикалык адилеттүүлүктү талап кылышкан.

Мартин Лютер Кинг да тарыхта ташка тамга баскандай калган, “Мен кыялданам” деген сөзүн мына ушул жыйында айткан болчу:

- Мен бүгүн кыялданам! Жараткандын баарынын балдары, ындыркаралар менен актар, жөөттөр, протестанттар менен католиктер, бутпарастар кол кармашып, негрлердин эски рухий гимнинин сөздөрүн ырдай алган болушат. Акыры эркиндиктебиз, акыры эркиндиктебиз, Жаратканга рахмат, биз акыркы эркиндиктебиз!

Вашингтондогу ушул жана башка жүрүштөр натыйжада доорду өзгөрткөн реформаларга алып келген. АКШнын ошол кездеги президенти Линдон Жонсон мектептеги, жумуштагы, шайлоодогу дискриминацияга тыюу салган, жарандык жана шайлоо укуктары жөнүндөгү мыйзамдарга кол койгон.

1964-жылы Мартин Лютер Кингге Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Элүү жыл мурда Мартин Лютер Кингдин өмүрү кыйылгандын эртеси АКШда мамлекеттик аза күтүү жарыяланган. Атланта шаарында аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө он миңдеген адамдар катышкан.

Жарандык лидердин өлтүрүлүшүнө кыжырлангандар АКШнын ар кайсы шаарларында тополоң менен коштолгон нааразылыктарга чыгышкан.

Бирок Мартин Лютер Кингдин башкы мурасы катары анын тынчтыкка жана теңдикке үндөөсү калды:

Мартин Лютер Кинг үй-бүлөсү менен. 1963-жыл.
Мартин Лютер Кинг үй-бүлөсү менен. 1963-жыл.

- Элүү жылдан кийин да биз иштешибиз керек. Аткени Америкада, жалпы эле биздин коомдо азыр да бизди башка мезгилге, башка жерге кайтарууну каалаган күчтөр бар. Биз аларга, биз өтө эле алыс кеттик, артка кайтпайбыз, сүйүктүү коомбузду курабыз деп айтуубуз абзел, - дейт көп жылдардан бери Жоржия штатынан шайланып келе жаткан демократ-конгрессмен, студент кезинде Мартин Лютер Кингдин катарында жүргөн Жон Левис.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG