Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Орусия АКШ шайлоосун өзүнчө байкагысы келет


АКШдагы баштапкы шайлоо-праймериз учурундагы добуш берүү. Виржиния штаты, 1-март, 2016-жыл.
АКШдагы баштапкы шайлоо-праймериз учурундагы добуш берүү. Виржиния штаты, 1-март, 2016-жыл.

Орусия Кошмо Штаттардын 8-ноябрда өтүүчү президенттик шайлоосуна өз алдынча байкоо жүргүзгүсү келет. Бирок АКШ бийликтери Москванын мындай өтүнүчүн четке кагып, аларга ЕККУ уюмунун курамында байкоочулук кылууну сунуштаган.

Мамлекеттик департаменттин апта соңундагы билдирүүсүнө караганда, алар АКШ шайлоосуна Орусиянын да байкоочу катары келишин кубаттайт.

Бирок АКШнын байкоочуларды Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун катарына жөнөтүү чакырыгын Орусия кабыл алган эмес.

ЕККУ мурдараак АКШ шайлоосуна быйыл кыска жана узак мөөнөттүүлөрүн кошкондо 500дөй байкоочу жөнөтөрүн билдирген.

Жон Кирби
Жон Кирби

“Кошмо Штаттардын шайлоодо орусиялык байкоочулардан корко турган эч нерсеси жок. Биз шайлоо жараяныбыздын туруктуулугуна, коопсуздугуна, кубаттуулугуна ишенебиз. Демек, жашыра турган эч нерсебиз жок. Бирок Орусиянын ЕККУнун байкоочулар миссиясына кошулууну тандабаганы бул маселе пропагандалык аргадан башка эч нерсе эмес экенин айгинелеп турат", - деди Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жон Кирби 21-октябрда Вашингтондон сүйлөп жатып.

АКШнын тышкы саясий мекемесинин өкүлүнүн жогорудагы сөзүнүн артынан Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябаков АКШ бийликтерин байкоочулар маселесине “антиорусиялык өңүттөн мамиле жасап жатканы” үчүн айыптады.

“Эгер биз мындан (шайлоого байкоочулук кылуудан) саясий жүйөлөрдөн улам ажырап жатсак, өз жыйынтыгыбызды чыгарабыз. Америкалык кесиптештер келечекте муну жөн эле унутуп коёт деп эсептебеш керек",- деди орус тышкы саясий мекеме башчысынын орун басары “РИА-Новости” агенттиги менен маегинде.

Орусиянын АКШдагы добуш берүү жараянга кызыгуусу расмий Вашингтон ушул айдын башында Москваны Демократиялык партиянын компьютерлик серверлерине, партиянын белгилүү адамдарынын электрондук даректерине, айрым штаттардын шайлоочуларды каттаган компьютерлик системаларына жасалган хакерлик чабуулдардын артында турганы үчүн айыптаган учурга туш келди.

Демократиялык партиянын президенттикке талапкери Хиллари Клинтон Орусия АКШнын шайлоосуна анын атаандашы Дональд Трампка жардам берүү максатында кийлигишүүгө аракеттенип жатканын утур-утур айтууда:

- Биздин өлкөнүн тарыхында каршылаш жана чет элдик держава шайлообуздун жыйынтыгына таасир көргөзүш үчүн азыркыдай абдан катуу иштеген учур болгон эмес. Ишенип койгула, алар муну менин шайлануум үчүн жасашкан жок.

Маалыматтарга караганда, Орусиянын Вашингтондогу элчилиги шайлоо бекеттеринде байкоочулары иштөөсүнө уруксат берүү өтүнүчү менен Оклахома, Техас жана Луизиана штаттарынын бийликтерине тикелей кайрылуу жолдогон.

Алардан АКШнын “добуш берүү жараянын уюштуруудагы тажрыйбасын” иликтөө жөнүндө суралган. Бирок үч штат деген орус тарапка терс жооп берген жана чет элдик байкоочунун шайлоо бекетте турушуна жергиликтүү мыйзамдын талаптары жол бербей турганын белгилешкен.

Москвада чыгуучу “Известия” гезити муну АКШдагы “русофобиялык тенденциялар” менен байланыштырды.

Ал эми британдык “Индепендент” бул маселеге арналган макаласында Республикалык партиянын талапкери, шайлоо өнөктүгүндө Орусия менен мамилени оңдоого басым жасап келе жаткан Дональд Трамптын "шайлоо бурмаланат" деген сөзүн эске салды:

- Мен шайлоо бурмаланабы деп коркуп жатам. Чынын айтышым керек. Эгер чоң ажырым менен жеңбесем, мен тарап бурмаланган болот деп ойлойм, - деген эле Трамп жакында.

Бирок ал бул сөздөрү жана жеңилсе, шайлоо жыйынтыгын тааныбоону ишара кылганы үчүн президент Барак Обаманын жана Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан, сенатор Жон МакКейн өңдүү белгилүү республикачылардын да сынына кабылды. Алар Трамтын айткандарын АКШнын демократиясына шек келтирүүчү көрүнүш катары баалашты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG