Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Лагард: АКШ кризиси дүйнөнү солк эттирет


Валюта корунун жетекчиси Кристин Лагард
Валюта корунун жетекчиси Кристин Лагард

Чыгыш Европа менен Борбор Азияда экономикалык кризистен оңолуунун белгилери байкалууда. Дал ушул тапта Валюта кору АКШдагы финансылык кризистен улам глобалдык экономика чайпалып, капталынан түшүшү мүмкүндүгүн эскертти. АКШда өлкөнүн карыз алуунун жогорку чегин көтөрүү боюнча талаштан улам, бюджеттик план ара жолдо кала берүүдө.

Валюта корунун жетекчиси АКШнын карыз алуусунун чеги жогорулатылбаса, глобалдык экономиканы «массалык үзгүлтүккө учуроо» коркунучу күтүп тургандыгын эскертти. Кристин Лагард АКШда фискалдык кризис боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан жекшембиде америкалык сыналгыдан чыгып сүйлөдү:

- АКШнын экономикасында ушунча үзгүлтүк болсо, ага болгон ишенимдин жоктугу бүт дүйнөнү солк эттирет. Биз кайра тескери кетебиз.

Республикачылардын башчысы Митч МакКоннел менен сүйлөшкөндөн кийин Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Харри Рейд анын «мазмундуу» болгондугун билдирди.

Обама администрациясынан бардык америкалыктардын саламаттыгын камсыздоо планын чектөөнү талап кылган республикачылар АКШнын жылдык бюджетин кабыл алдырбай койгон. Анын кесепетинен ай башынан бери мамлекеттик органдар ишин токтотуп, кызматкерлерин үйүнө жиберүүгө мажбур болду.

Жекшемби күнкү сүйлөшүү алдында республикачылардын башчысы Митч МакКоннел демократтарды мунасага келүүгө чакырды. Конгресс АКШнын карыз алуу чегин ушул бейшембиден калтырбай көтөрбөсө, өлкө финансылык милдеттерин аткара албай, дефолт болот. Мындай дефолт дүйнөлүк экономиканы чайпалтып жибериши мүмкүн.

Ушуга байланыштуу Кытайдын мамлекеттик маалымат агенттиги "Синхуа" АКШдагы «каржылык тирешти токтотууга чакырып, дүйнөнүн бул мамлекеттен көз карандылыгын жоюуга убакыт келди» деп жазды. Кытай учурда АКШнын эң көп акцияларын кармаган өлкө.

Ал арада Дүйнөлүк банк Чыгыш Европа менен Борбор Азияда глобалдык каржылык жана еврозона кризиси мезгилиндеги экономикалык көйгөйлөрүнөн баш көтөрүп келаткандыгын бышыктады. Бирок Вашингтондогу жылдык жыйында Дүйнөлүк банк менен Валюта корунун экономисттери дүйнөнүн башка аймактарына караганда бул өлкөлөрдө экономикалык жандануу эң жай экендигин эскертишти.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Лаура Так Орусиянын алдыдагы кыйынчылыктары тууралуу буларга токтолду:

- Орусия экономикадагы атаандаштыкка тиешеси жок структуралык маселелерди чечип, ички суроо-талапты күч алдыруу менен эле алектене бербесе. Анын ордуна экономикага инвестиция тартуу сыяктуу көйгөйлөргө басым жасаса.

Тактын пикиринде, Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы башкы кыйынчылыктар структуралык мүнөзгө ээ. Дүйнөлүк банктын өкүлү мындай кыйынчылыктардан жаңы жумуш орундарын түзүүнү, калктын карып баратышын ойлонууну жана жаратылыш байлыктарын жакшы башкарууну атады.

Дүйнөлүк банктын пресс-релизинде Борбор Азия мамлекеттеринде ресурстарды туура бөлүштүрүүдөгү кемчиликтер менен иштөө зарылчылыгы да баса белгиленди. Бул институттардын адистери Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдө мамлекеттик структураларды жакшыртуу маселеси курч бойдон тургандыгын эскертишти.

XS
SM
MD
LG