Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

АКШ өкмөтү акчасыз калды


Президент Барак Обама бюджет бекитилбегенден улам өкмөт жабылары тууралуу маалымат каражаттарына билдирүү жасагандан кийин. Ак үй, 30-сентябрь, 2013-жыл
Президент Барак Обама бюджет бекитилбегенден улам өкмөт жабылары тууралуу маалымат каражаттарына билдирүү жасагандан кийин. Ак үй, 30-сентябрь, 2013-жыл

Кошмо Штаттарда федералдык бюджеттен каржыланган кызматкерлер үчүн кыйын кезең келди.

Конгресстин эки палатасы улуттук бюджет боюнча бир пикирге келе албагандыктан 1-октябрдан тарта бюджеттен каржылоо убактылуу токтотулду. Натыйжада 800 миңдей кызматкер акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгат. Бирок аскерий операциялар, авиакаттамдарды тейлөө кызматы, ядролук объекттер жана башка өлкө коопсуздугу үчүн маанилүү объекттердин иши токтотулбайт. Бюджет боюнча талаш акыркы мөөнөт - 17-октябрга чечилүүгө тийиш.

АКШ 1-октябрда финансылык жылды баштады. Бирок жыл бюджетсиз башталууда. Себеби Ак үй администрациясы менен конгрессмен- республикачылардын карама-каршылыгынан улам федералдык бюджет акыркы мөөнөттө да бекитилген жок. Анткени Өкүлдөр палатасында үстөмдүк кылган республикачылар "президент Барак Обаманын саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо планы бир жыл кеч ишке кирсин" деп көшөрүүдө. Obamacare деген атка конгон бул план 2010-жылы бекитилген жана бардык америкалыктардын медициналык камсыздоо аркылуу дарылануусун мүмкүн кылат.

Бюджет финансылык жылдын башталышына бекитилбей калганга байланыштуу бюджеттик ишкана-мекемелерде эмгектенгендерге маяна төлөнбөйт. Андыктан Ак үй 2 миллиондон ашуун кызматкердин 800 миңдейин 1-октябрдан акысыз өргүүгө жөнөтмөкчү. Бул жөнүндө дүйшөмбү күнү демократтар көпчүлүктү түзгөн Сенат Өкүлдөр палатасы бекиткен бюджетти өткөрбөй койгондон кийин Барак Обама кабарчыларга билдирди.

Барак Обама федералдык өкмөттүн ишин токтотуусу карапайым жарандардын турмушуна оорчулук алып келерин жана кризистен оңоло баштаган экономикага аң казарын айтты:

- Каржылоонун токтотулушу ошол замат реалдуу адамдар үчүн реалдуу экономикалык сокку урат. Мурда каржылоо токтогондо экономика олуттуу бузулган. Азыр да ошондой болушу ыктымал. Бул экономиканын дөңгөлөгү күүлөнүп калганда, анын жолуна дөңгөч коёт.

Обама ички саясат боюнча бюджетке тиешеси жок тирешүү АКШнын жана дүйнөнүн экономикасына залака тийгизбеши керек экенин айтып, өкмөттүн жабылышын “жеткен жоопкерчиликсиз” деп атады.

Каржылоо жок болгондуктан Энергетика министрлиги 12 700 кызматкерин үйгө айдайт. Лекин, ядролук объектилерди тейлөө, азык-түлүктүн сапатын текшерүү токтотулбайт; ветерандарга пенсия жана жөлөк пул берүү токтойт; улуттук музейлер, парктар жана зоопарктар убактылуу жабылат; Вашингтондо коммуналдык тейлөө токтойт; почта кызматы, түрмөлөр мурдагыдай эле иштей берет; Пентагон жарандык кызматкерлерин өргүүгө айдайт. Бирок Обама тийиштүү мыйзамга кол койгондуктан чет өлкөлөрдөгү аскердик операциялар улантыла берет:

- Ооганстандагы аракеттерибизге окшогон азыркы аскердик операциялар токтотулбай улантыла берет. Сиздер катаал шартта кызмат өтөп жүрөсүздөр, миссияңыздардын ийгиликтүү болуусуна зарыл бардык нерселердин болоруна биз сиздерди ишендиребиз. Конгресс мыйзамды кабыл алды, мен ага кол коюудамын. Бул мыйзам сиздер маянаңыздарды өз учурунда алышыңыздарга кепилдик берет. Каржылоонуу токтотуу сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө таасир этпөөсү үчүн бар аракеттерди жасоону уланта беребиз.

Ошентип республикачыл-конгрессмендер өкмөттүн карыз лимити 16,7 триллион доллардан көп болбосун дешип, Обаманын медициналык жалпы камсыздоо планын бюджетке киргизгенге макул эмес.

АКШ Конституциясына ылайык, бул талашты Сенат менен Өкүлдөр палатасы сүйлөшүп чечиши абзел. Ошон үчүн 2014-жылдын бюджети боюнча мыйзамды Өкүлдөр палатасы кайра карайт.

1977-жылдан бери Ак үй менен Конгресс ортосундагы келишпестикке байланыштуу федералдык өкмөттүн иши бери дегенде 17 ирет үзгүлтүккө учураган. Анын эң узуну 1995-96-жылдары демократ-президент Билл Клинтон башкарып турган кезде өкмөт 28 күн акчасыз отурган. Клинтон анда билим берүү, жаратылышты коргоо жана пенсионерлерди дарылоо боюнча республикачылар көзөмөлдөгөн Конгресс бөлгөн каражатты аз деп, вето жарыялаган болчу.

Бюджеттик каржылоонун токтоосунан АКШ экономикасы серепчилердин боолгошунча, жумасына 1 миллиард доллар чыгым тартат.

XS
SM
MD
LG