Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Клинтон: Пакистан аймактагы коопсуздуктун башкы фактору


АКШ-Пакистан сүйлөшүүлөрү. Исламабад, 20-октябр, 2011-жыл
АКШ-Пакистан сүйлөшүүлөрү. Исламабад, 20-октябр, 2011-жыл

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон баштаган Обама администрациясынын жогорку расмийлеринен турган делегация Азия чөлкөмүндө сапарда жүрөт.


АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Исламабадда Пакистандын өлкө жетекчилиги менен жолугушкандан кийин өткөргөн маалымат жыйында Ооганстан - Пакистандын чектеш аймактарында козголоңчулардын ээн-эркин жүргөнү эки өлкөнүн тең коопсуздугуна зыянын тийгизерин айтты:

- Бир жагында террорчуларды жок кылуу аракети жүрүп жатканы менен чек аранын экинчи тарабында алар коопсуз түнөк тапканы майнапсыз иш экенин түшүнөбүз. Бул баягы эски тамсилдей, үйүңдүн артына жылаанды жашырып коюп, ал коңшуларды гана чагат деп күтүп отургандай эле нерсе. Өзүңөр билгендей, ал жылаан кайсы маалда болбосун башын кылтыйтып, кимди болбосун чагып алаары бышык. Биз баарыбыз – чек аранынын эки тарабындагылар тең муну түшүнөбүз.

"Хаккани" козголоңчулар тобунун түптөөчүсү Жалаудин Хаккани (сүрөт 1998-жылы тартылган)
"Хаккани" козголоңчулар тобунун түптөөчүсү Жалаудин Хаккани (сүрөт 1998-жылы тартылган)

Клинтон расмий Вашингтон Пакистан бийликтерин террордук топторго каршы чукул чараларды көрүүгө айрыкча, «Хакканиге болгон сый-урматты эске алып, эки тарап тең жалпыбызды бүлгүнгө салган коркунуч менен күрөшүүгө макулдаштык. Чек аранын эки тарабында тең козголоңчулардын коопсуз түнөгүн жок кылуу боюнча так макулдаштык» деп билдирди. АКШ тарап Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагын түнөктөгөн «ал-Кайида» менен "Хаккани" козголоңчул күчтөрүн жок кылууга Исламабадды көмөктөшүүгө шыктандырды.

Антсе дагы Вашингтон Пакистан өкмөтүнөн Хаккананин тобун жок кылуу үчүн аскерий операция жүргүзүүнү сурандыбы – бул жагдай ачыкталган жок. «Кызматташуу аскерий гана эмес, атайын маалымат менен бөлүшүү жаатында жүрөт. Бул болсо Хакканинин же талип козголоңчуларынын чек арадан өтүп барып, [Ооганстанда] уюштурган чабуулдарына бөгөт коюга өтө зарылдыгын» Клинтон кошумчалады.

Оогастандагы тынчтык сүйлөшүүлөргө козголоңчул топтордун өкүлдөрүн тартууга Пакистандын көмөктөшүүсү сунушталды. Мындай кадам аркылуу Пакистанга Ооганстандагы бейкуттукту орнотуу жараянында аскерий гана эмес, жарандык миссияларга катышууга өбөлгө түзүлөт.

Түндүк Вазиристан: армиянын тик учмасы курал-жарак жеткирүүдө
Түндүк Вазиристан: армиянын тик учмасы курал-жарак жеткирүүдө
Ушул жылдын 2-майында «ал-Кайиданын» лидери Усама бин Ладен Пакистанда америкалыктар тарабынан жок кылынган. 13-сентябрда Кабулдагы АКШ элчилиги чабуулга кабылып, анда 13 киши набыт болгондон кийин расмий Вашингтондун жогорку даражадагы делегациясынын Пакистанга алгачкы сапары.

Хиллари Клинтон баштаган топко Мамлекеттик департамент, Пентагон жана Ай үйдүн жогорку даражадагы өкүлдөрү кирет. Борбордук чалгын кызматынын башчысы генерал Дэвид Петреус, Коргонуу министрлигинин алдындагы штаб жетекчилиринин бириккен комитетинин төрагасы генерал Мартин Демпси баштаган Обама өкмөтүнүн аттуу-баштуу стратег-адистери, чөлкөм боюнча таанымал эксперттер мамкатчыны коштоп жүрөт.

Делегация мүчөлөрү эки күндүк сапарда Ооган-Пакистан чектеш аймактарды баш паанектеген козголоңчуларды эл аралык күчтөрдүн жок кылуусуна каршылык билдирген Пакистандын аскерий жана жарандык лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекеттик катчы баштаган делегация Исламабадга Кабулдан учуп келди. Х.Клинтон ооган баш калаасында туруп, Пакистан бийликтерине «Биз козголоңчулар менен кармашты күчөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өлкөнү калыбына келтирүүнү уланта беребиз. Пакистан бизге көмөк көрсөтөбү же артка кылчактайбы - биз токтобойбуз» деген америкалык жетекчиликтин кабарын так жеткире тургандыгын билдирген.

Хиллари Клинтон баштаган делегация жума күнү кечке жуук Дүйшөмбү шаарына келип конду.

Хиллари Клинтон Тажикстанга келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00
("Азаттыктын" тажик кызматынын видео тасмасы, 21.10.2011)

АКШнын мамлекеттик аткаминерлеринин делегациясы сапарын Тажикстандан кийин Өзбекстанга улантаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG