Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Чехия Вацлав Гавел менен коштошууда


Чехиянын тунгуч президенти Вацлав Гавел. Прага, 1.03.2011
Чехиянын тунгуч президенти Вацлав Гавел. Прага, 1.03.2011

Прагага дүйнөнүн булуң-бурчунан көңүл айткан билдирүүлөр келип атат. Жекшембиде диссидент-жазуучу, Чехословакиянын коммунисттик режимин кулаткан "Баркут" ыңкылабынын лидерлеринин бири, Чехиянын тунгуч президенти Вацлав Гавел 75 жаш курагында оорудан каза болгон. Катардагы чехтер мурдагы президентин эскерип, баш калаанын борборуна шамдарды жагууда.


Экс-президенттин кеңсеси жасаган билдирүүгө ылайык, Гавел узакка созулган оорудан кийин жекшембиде эртең менен өлкө түндүгүндөгү үйүндө көз жумду.

Чехиянын мамлекет башчысы Вацлав Клаус маркумду мындайча эскерди:

- Вацлав Гавел жаңы доордогу Чех мамлекетинин символуна айланган. Коммунисттик тоталитаризмге каршы чечкиндүү күрөшүү, "Баркут" ыңкылабын жетектөө аркылуу эркин өлкөбүздүн президенти катары аны түптөөдө негизги ролду ойногон.

1989-жылдын ноябрь айында Чехословакияда башталган тынч демонстрациялар коммунисттик режимдин кулашына алып келген. Гавел ошондо ыңкылаптын лидерлеринин бири катары коммунисттик доорго кан төгүүсүз чекит коюу жөнүндө бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

"Биз эркин, демократиялык жана бакубат Чехословакияда жашагыбыз келет. Биз Европага кайра кайтууну каалайбыз. Алдыдагы күндөрдө кандай кырдаал түзүлбөсүн, биз идеалдарыбыздан баш тартпайбыз", - деген Гавел Праганын Вацлав аянтына чогулган 300 миңдей кишиге кайрылып.

Ошол эле жылдын этегинде ал Чехословакиянын президенти болуп шайланган.

Гавел 1936-жылы 5-октябрда Прагадагы таасирдүү үй-бүлөлөрдүн биринде жарык дүйнөгө келген.

1948-жылы бийликке келген коммунисттер Гавелдердин байлык-мүлкүн тартып алып, Вацлавдын жогорку билим алуусуна тоскоолдуктар түзүлгөн.

Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөн кийин ал театрга кызыга баштайт. 1960-жылдардын башында коммунисттик режимди сындаган пьесаларын жазат. 1968-жылы Чехословакиянын баш калаасына “Прага жазын” басуу үчүн СССР жетектеген социалисттик лагердин аскерлери киргизилген. Ошондо Гавелдин пьесаларын тыюу салынып, өзү полициянын катуу көзөмөлүнө алынган.

1976-жылы Гавел башка прогрессивдүү инсандар менен бирге коммунисттик өкмөттү жарандык укуктарды сактоого чакырган “Хартия 77” документин түзгөн. Хартияга кол койгон адамдар куугунтуктоолорго туш болуп, Гавел 3 жарым жылга абакка отургузулган.

Жогоруда айтылгандай, "Баркут" ыңкылабынан көп узабай ал Чехословакиянын президетти болуп калган. 1990-жылы кайра шайлангандан кийин Гавел Чехословак федерациясын сактап калууга көп аракет жумшаган. Бирок автономияны талап кылган словак улутчулдары максатына жеткенден кийин 1992-жылы кызматынан чегинген.

Өлкө экиге бөлүнгөндөн кийин 1993 кайрадан эгемендикке ээ болгон Чехиянын президенти болуп шайланып, 1998-жылы парламент ага кайрадан ишеним көргөзгөн.

2003-жылы президенттиктен кеткенден кийин да Гавел адам укуктары, демократияны коргоо жаатында ишин токтоткон эмес. Гавел катардагы чехтер терең урматтаган кадыр барктуу инсандардан.

Вацлав Гавел: "Орусияда СССРди эңсөөгө чекит коюу керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00
(Вацлав Гавелдин Эркин Европа/Азаттык үналгысына берген маеги)


Дүйнө чех элине көңүл айтууда

АКШ президенти Барак Обама жасаган билдирүүдө “Гавел жетектеген тынч каршылык көргөзүү империянын пайдубалын солгунданткан, ал “дүйнөнүн чар таарбындагы жаш муунга...дем берген”, - делинет.

Германиянын канцлери Ангела Меркел президент Клаустун атына жөнөткөн көңүл айтуу телеграммада “Европанын чыгаан инсаны” дүйнө салганын белгилесе, тышкы иштер министри Гвидо Вестервелле Гавел “Чех революциясынын руху болгон, ал кансыз согуш доорунда бөлүнүп-жарылган Европанын кайра биригүүсүнө эбегейсиз салым кошкон” деди.

Швециянын тышкы ишетр министри Карл Билдт өз блогунда Европадагы салмактуу, тайманбас адамдардын бири дүйнө менен кош айтышканын жазды.

Гавел сыңары эле коммунисттик доордо диссидент болуп жүрүп, кийин Польшаны жетектеген экс-президент Лех Валенса маркум Нобел сыйлыгына татыктуу болчу деген оюн ортого салды.

Гавелдин мурдагы кеңешчиси, бир кездери “Эркин Европа/ Азаттык” радиосунда иштеген аналитик Йржи Пехе анын адамдык сапаттарын белгилейт:

- Биринчиден, анын харизмасы бар болчу. Экинчиден, мен байкаганыман, ар кыл ой-пикирлерди топтоп, анализдеп, өз программасын сунуш кыла алчу. Мындай сапат адамдарда өтө сейрек кездешет.

19-декабрда Прагадагы Президенттик сарайда көңүл айтуу китепчеси ачылат. Президент Клаус Гавелди акыркы сапарга узатуу иш-чарасы жогорку жетекчилер менен талкууланаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG