Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Нью-Йорк: Эгиз мунара ордуна - "Эркиндик мунарасы"


"Эркиндик мунарасы". Нью-Йорк, 2011
"Эркиндик мунарасы". Нью-Йорк, 2011

2001-жылкы террордук чабуулда кыйраган Дүйнөлүк соода борборунун Кош мунарасынын ордунда азыр курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

13 жыл мурда террорчулар басып алган эки жүргүнчү учак Кош мунараны сүзүп кыйратканда, 2800дөй адам набыт болгон. Курулушу быйыл июнда бүтөт деп мерчемделген “Эркиндик мунарасынын” негизги бөлүгү аяктап калган. Батыш жарым шардагы эң бийик имарат америкалыктардын бийик рухунун, майтарылгыс мүнөсүнүн символу болмокчу.

Менин оюмча, бул, албетте, биз ийилчээк экенибизди жана эч нерсе бизди эч ким майтара албасын эскертип турат. Рене Грегори


2001-жылдын 11-сентябрында 110 кабаттуу кош мунара террордук чабуулдан кыйрагандан кийин Нью-Йорктун ошо кездеги мэри Руди Жуллиани төбөсү асман тиреген мунара кайра тургузулат деп сөз берген. “Биз кайра аны курабыз. Биздин саясый кубатыбыз, экономикалык кубатыбыз мурдакыдан да күчтүү болот”,- деген Жуллиани.

Дүйнөлүк соода борборунун эгниз мунараларынын ордуна түшүп жаткан “Эркиндик мунарасынын” 541 метрлик негизги бөлүгү аяктап калган. Анын 124 метрлик учу(шпили) жел жүрбөгөн мамыр күнү төбөгө көтөрүлүп орнотулат.

Өрт өчүргүчтөр менен шаардыктар Дүйнөлүк соода борборунун кыйрандысы астынан адамдарды издешүүдө. 13-сентябрь 2001
Өрт өчүргүчтөр менен шаардыктар Дүйнөлүк соода борборунун кыйрандысы астынан адамдарды издешүүдө. 13-сентябрь 2001
Учу көрүнбөгөн жаңы мунара Батыш жарым шардагы эң бийик имарат болот. Ага америкалыктын мамилеси ар кыл. 30 жаштагы Рене Грегори Бркулиндеги башталгыч мектепте катчы болуп иштейт. Ал 2001-жылдын 11-сентябрында террорчулар барымтага алган учактар Дүйнөлүк соода борборун сүзгөндө, анын жанындагы мектепте болчу. Рене айым Эркиндик мунарасы Нью-йорктуктардын майтарылгыс мүнөзүнүн символу болуп калат деп ишенет:

- Менин оюмча, бул албетте, биз ийилчээк экенибизди жана эч нерсе бизди эч ким майтара албасын эскертип турат.

28 жаштагы техастык Рене Херрера Нью-Йоркко бир тууганы менен чогуу келген. Ал "Эркиндик мунарасын" көрүп толкундаганын айтат:

- Бул жерде эт-жүрөгүң эзилет. Төбө чачың тик турат. Муну куруп жатышканы жакшы. Эң жакшы. Бул жерди өз көзүң менен көргөн телевизордон көргөндөн асман менен жердей айырмаланып турат. Бул мага жагат. Абдан сонун.

Кабир Жон МакГихэн Нью-Йоркто реклама таркатып иштейт. Аны менен “Азаттыктын” кабарчысы жаңы мунаранын жанындагы мечитте кездешкен. 56 жаштагы МакГихэндин айтышынча, ага "Эркиндик мунарасына" караганда Дүйнөлүк соода борборунун ордуна тургузулган мемориалдык комплекс көп таасир этет.

-Албетте, мен түшүнөм, - дейт такыба мусулман МакГихэн. - Мен укканымдын негизинде, мунараны калыбына келтирүү - америкалыктардын рухун, кажыбас мүнөзүн, биз кайра бутубузга турарыбызды көрсөтөт деп ойлойм. Мен анын баарына ынана албайм. Мен ага каршы эмесмин. Мен бейтарапмын. Мага мунара болгон өзүнчө жер бөлүнүп, ал жерге кооз эстелик орнотулганы жакты. Жүрөгүңдү толкутат. Алкоого арзыйт.

Нью-Йорктун Бронкс бөлүгүндө жашаган 27 жаштагы банкир жигит “Эркиндик мунарасы” саясый максаттан жана акча табууну көздөп курулууда деген ойдо. “Бул мунара. Мен ал жөнүндө эмне ойлойм? Бул эмнени билдирет? Акчаны жана саясатты”,- дейт өзүн Жон деп фамилиясын атагысы келбеген банкир жигит.

Дүйнөлүк соода борборунун Эгиз мунарасы 1973-жылы 4-апрелде пайдаланууга берилген. Манхэттенде Эмпайр-стейт-билдинг (Empire State Building) курулганча, кош мунаралар Нью-Йорктогу эң бийик имарат болгон. Анын 110 кабаттуу Түндүк мунарасы 417 метр, төбөсүндөгү антеннасы менен 526, 3 метр бийик, Түштүк мунарасы болсо 415 метр бийик эле.

XS
SM
MD
LG