Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22
Дүйнө
Өткөн жылдын сүрөттө калган элеси
4-Январь, 2019
Армениядагы нааразылык акциялары, Жакынкы Чыгыштагы зомбулук, Түндүк Кореянын ымалага келиши жана Чолпон-Атада өткөн Көчмөндөр оюндары. 2018-жылдагы маанилүү окуяларды сүрөт менен эске салабыз.
1
Ыйык Үчилтиктин храмы. Провославдардын Рождество майрамында тартылган сүрөт. Тбилиси.
2
Новолуганское кыштагына барган украиналык аскерлер. Донбасс.
3
Росгвардиянын кызматкерлери Петербургда митингге чыккандарды кармап жатат. Бул акцияга чейин Орусиянын Боршайкому Алексей Навальныйды президенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан. 28-январь, 2018-жыл.
4
Кабулдун жашоочулары Садарат аянтындагы жанкечтинин жардыруусунан каза болгондорду жерге берүүдө. Кол салуудан 95 адам өлүп, 135и жарадар болгон.
5
Айдын кызарышы. Петербург.
6
Авиа соккудан кийин уранды астында калган баланы алып чыккан эркек. Дума, Сирия. 7-февраль, 2018-жыл.
7
Мектеп окуучусу
Паваресия Сопи
Эгемендик күнүндө Косовонун желегинин жанында турат. Сллови кыштагы.
8
Украин жана крым татар активисттери Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жоголгон 26 адамдын сүрөтүн кармап турат. Киев, 26-февраль, 2018-жыл.
9
Македониянын борбору Скопьеде нааразылык акциясына чыккандар өлкөнү Түндүк Македония деп тааныган келишимден баш тартууну талап кылууда. Келишим Грекия менен түзүлгөн.
10
Словакияда киши колдуу болгон иликтөөчү журналист Ян Куцияк менен анын сүйгөн кызын эскерген мемориал. 28-февраль, 2018-жыл.
11
Пакистандын Карачи шаарынын жашоочусу Бүткүл Дүйнөлүк суу күнүндө бетин жууп жатат.
12
Медициналык кызматкер бомбалоодон кийин энеси кайтыш болгон ымыркайдын денесин кармап турат. Ходейда шаары, Йемен.
13
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин демилитаризация болгон аймактагы чек ара пунктунда турушат.
14
Армян оппозициясынын лидери Никол Пашинян жарандык баш ийбестик акциясын жарыялаган күнү нааразы болгондор жолду буушкан учур. Ереван.
15
Жеңиш күнүнүн урматына атылган салют. Волгоград.
16
Гавайидеги вулкандын атылышы.
17
Бухарестте нааразылыкка чыккандар. Өлкө президенти Клаус Йоханнис коррупцияга каршы иштеген прокурор Лауру Кьовешини отставкага кетиргенден кийин өкмөткө каршы демонстрациялар башталган. Румыния.
18
Сингапурда өткөн саммитте Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трампка колун созуп, учурашканы жатат.
19
Волгограддагы "Мамаев курган" мемориалдык комплексинин кароолчусу.
20
Кутупалонг качкындар лагериндеги кыз энесине бөбөгүн карматып жатат. "М" аттуу аялдын айтымында, Мьянманын алты жоокери аны зордуктап, эки жаштагы уулун муунтуп өлтүрүшкөн. Кийинчерээк аял кош бойлуу экенин билген. Бангладеш.
Дагы жүктөңүз
Өткөн жылдын сүрөттө калган элеси
Сунуш кылынган арга.
3-октябрь: Журналисттердин соту, Газада ХАМАСтын бир лидери жок кылынганы кабарланды
Back to top
XS
SM
MD
LG