Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Йога дене көнүгүүсүбү же мээни тарбиялообу?


Йога
Йога

Йога бардык оорууга шыпаабы? Йога дененин көнүгүүсүбү же ички дүйнөнү руханий тарбиялообу?

Бул жөнүндө йога мугалими жана жазуучу, америкалык Лин Зеппа айым (Leanne Zeppa) “Азаттык” радиосуна курган маегинде ой бөлүштү. Анын “Сөзкана. Даанышман йоганын ички дүйнөгө жасаган саякаты” (Living Words. A Wisdom Yoga Journey Towards Self) деп аталган китеби жакында Кошмо Штаттарда Mill City Press басмаканасында жарык көрдү.

- Кээ бирөөлөр йоганын адамды бардык оорулардан айыктырчу касиети бар дешет. Чын эле ушундайбы?

Линн Зепа: Менин оюмча, йоганын техникасы организмдин өзүн-өзү дарылоосуна же сакайтышына толук мүмкүндүк берет. Йоганын дене көнүгүүлөрү жана медитация же сүкүт салуу аркылуу денебиздин энергетикалык кубаты өнүгүп, күчтүү болот. Көнүгүүлөрдүн жардамы менен кандын басымы төмөндөйт.

Көпчүлүк ооруулар руханий кыйналуудан же ой басып, кыжаалат болуудан жаралат. Оору сени кыйнаган түйшүктүн көкүрөктө топтолуусунан, өзүңдү жаман сезгенден же туура маалымат албай, сенин тынчыңды кетирген маселе мээңде коргошундай уюп, сыртка чыкпагандан же айтылбагандан улам пайда болот. Анын баары жанга ашыкча жүк жана ал илдет бир жериңди сыздатып оорутуп, тулку боюңдун кайсы бир жеринде физикалык формада пайда болот.

Йога - бул туура ойлонуу аркылуу организмди өзүнүн мурдагы калыбына келтирип, куландай соо болгонго жардамдаша алат деп ишенебиз.

- Сиздин сөзүңүзгө караганда, йога физикалык эле эмес, психологиялык, руханий көнүгүү турбайбы?

Линн Зеппа
Линн Зеппа

Линн Зеппа: Албетте, йоганын физикалык аспектинин түпкү максаты узак жашоого, чын ден соолукта өмүр сүрүүгө жардамдашуу. Биз руханий гармонияда жашай алсак жана өз организмибизди башкара билсек узак өмүр сүрөбүз.

Медитация, сүкүт биздин жашыбызга карабастан мээнин ойлонуу же интеллектуалдык жөндөмүн жогорулатууга, стрессти азайтууга багытталган. Йога жөнөкөй физикалык көнүгүүдөн тартып, сүкүт тартуунун техникасын мыктылап үйрөнүүгө чейин камтыйт. Бул адамдын чын ден соолукта жашоосуна мүмкүнчүлүк берет. Биздин мээбиз үчүн физикалык көнүгүүлөргө караганда руханий көнүгүүлөр маанилүү.

- Адамдар йогага түрдүү жолдор менен келишет. Кээ бирөөлөр ооруп калып, классикалык доктурлардан шыпаа таппаганда йогага барышат. Кээ бир адамдар йога менен дарыгерлердин кеңеши боюнча машыга баштайт. Ушундай эмеспи?

Линн Зеппа: Ооба, адам демейде йогага эки жол менен келет. Мен өз учурунда үй-бүлөмдү колдойм деген ниетте йоганы үйрөнө баштагам. Оболу, физикалык көнүгүүлөрдү жасап жүрдүм. Себеби организмимди өз формасында кармоом керек болчу.

Мен стресстин айынан төрт жылга жакын катуу оорудум. Мен кадимки америкалык аялдар сыяктуу проблемаларды башымдан өткөрдүм: сөөгүм жана булчуңдарым ооручу; такай чарчоонун синдрому бар эле. Иммундук системам алсыз болуп кеткендиктен менин жашоомду аябай оор жана катаал кылган. Мен йога менен машыгып жүрүп, физикалык деңгээлден руханий деңгээлге өткөнүмдө денени чыңдачу көнүгүүлөрдү сүкүт менен айкалыштырдым. Ошондо булчуңдарым жана сөөктөрүм сыздап ооруганын токтотту, омуртка сөөгүм кыймылдап, денем ийиличээк боло баштады.

Мен бир чекитти жылбай карап (бир ойду бекем кармап) сүкүт салганды, туура дем алганды үйрөндүм. Анын натыйжасында организмге кычкылтек көп келчү болду. Кычкылтек өзү жаналгыч. Адам туура дем албаса, стресс учурундагы тез-тез дем алуу организмди жабыркатат. Өпкө менен узак дем алуу стрессти жок кылат. Ошон үчүн организмди туура дем алдырсаң, денең мемиреп эс алат, дене өзүн дарылайт. Бул эки нерсенин комбинациясы мени куткарды. Мен йога менен көнүгүп жүрүп, мантра ырдаганды да үйрөндүм. Ырдоо - бул медитациянын бир бөлүгү.

Йога сабагында окуучулар туура дем алганды үйрөнүшүүдө. Прага. 18-апрель 2015
Йога сабагында окуучулар туура дем алганды үйрөнүшүүдө. Прага. 18-апрель 2015

Эгер үнсүз сүкүт тартуу туура дем алганга көңүл бурса, ырдап медитация кылуу – мээни түркүн ойлордон тазалоого жана бир чекитке ойду топтоого үйрөтөт. Бийик үндү же вибрацияны денебизде сактай алсак, ден соолугубуз чың болот. Үндүн ыргактары ден соолугубуздун оңолушуна жардамдашат.

Мен бир чекитке оюмду байлай албай жүргөндө абдан оорукчан элем. Анымдан медитация кылып жана мантраны ырдап жатып сакайдым. А доктурлар мага оорумду дары менен баскандан башка эч жардам бере алышпады.

- Сиз йоганын жардамы менен эле айыгып кеттиңизби?

Линн Зеппа: Ооба. Мен йога менен көнүгө баштагандан кийин доктурларга көрүнгөндү токтоттум. Менин окутуучум доктор Леври мага туура сүкүт салганды жана ыйык текстти - мантраны пайдаланганды (ырдаганды), туура дем алганды үйрөттү. Алты айга жетпей ден соолугумда таң калычтуу өзгөрүү болду. Болбосо мен бутума тура албай калгам. Алты айдан соң машинени өзүм айдай баштадым, эч кимдин жардамы жок кийинип калдым. Муундарымдын муздаганы калды.

Йога жасап жаткан убакта ырдаганды да үйрөндүм. Тегерегимдегинин баарын өзгөрттүм. Ден соолугумду гана калыбына келтирбестен, мурдагыдан күчтүү, мүнөзү бекем инсанга айландым. Баары өзгөрдү.

- Йога үйрөнгөнү келген адам йоганын көнүгүүлөрүн жасай баштасам эле оорум тез айыгат деп ойлошот. Ушул туурабы? Менимче, йога саламаттыгыңды жана менталдык абалыңды жакшыртуунун бир формасы, амалы деп ойлойм. Сиз бул ойго кошуласызбы?

Линн Зеппа: Абдан туура. Йога оорудан тез айыктырат деп ойлоо чоң жаңылыштык. Бир түндө баары өзгөрүлөт деп ойлосо, ал закымга алданат. Куру кыялга азгырылат. Ооруга карай жол кандай кыска болсо, ден соолукка карай жол андан алда канча узун. Биз жасаган бардык көнүгүүлөр туура дем алууну жана дем чыгарууну жакшыртууну көздөйт.

Туура дем алганды үйрөнүү ички дүйнөңүздөн чоң чымырканууну талап кылган руханий саякат. Анткени сен абаны ичиңе өзүң күчтөп киргизесиң. Доктурлар дарыны берип жатып, кеселдин жашоосун узартабыз, ооруну токтотобуз деп ойлошот. Дары адамды оорукчан кылат. Йога жана медитация дарылоонун формасы катары туура эмес ойлонууңду аңдатып түшүндүрөт. Биз өзүбүзгө күч-кубат беребиз. Медитация аркылуу өз жашообузду жакшыртканга, бактылуу болууга мүмкүндүк түзөбүз.

- Йога менен машыгуунун натыйжасы ага күнүгө канча убакыт бөлгөнүңө жараша болобу же ал маанилүү эмеспи?

Линн Зеппа: Натыйжаны күтүү ийгиликке жетүүнү автоматтык түрдө кечеңдетет. Ийгилик биз эмнени каалаганыбызга жана аны чындап каалаганыбызга багыныңкы нерсе. Ошон үчүн биз өзүбүзгө эмне керек экенин жана эмне каалаганыбызды билген абдан маанилүү. Ал үчүн денени, организмди түшүнүүбүз абзел. Ар күнү тынбай эмгек кылуу гана бизди ойлогон оюбузга жакындатат. Йога адамды денеси менен иштөөдө сабырдуулукка, чыдамкайлыкка үйрөтөт. Сиз йога класска такай барып жүрсөңүз адамдар кандай прогресс жасаганын, организмиңиз кандай өзгөргөнүн байкайсыз. Миңдеген жылдар бою өнүккөн йога дарылануунун маанилүү бир формасы.

- Сиздин жаңы китебиңиз “Сөзкана. Даанышман йоганын ички дүйнөңө жасаган саякаты” деп аталат. Кайсы бир акылман жазуучу "Бир сөз айтуу үчүн килейген китеп жазышат" деп айткан экен. Сиздин китебиңиз бир сөз менен айтканда эмне жөнүндө?

Линн Зеппа: Мен оболу эмне үчүн китеп жазганымды айтып берейин. Мен аны өзүм үчүн жаздым. Мен бир учурда түрдүү кыйынчылыктар менен бетме-бет турган аял элем. Ден соолугум да начар болчу. Мен ден соолугумду мурдагы абалына кайтаруу үчүн көп эмгектендим. Баары кыйын болду. Мен бул китепти адамдар жанын кыйнап узак аракеттенсе, жашоосун өзгөртө аларын түшүнсүн деп жаздым. Ар бирибизде өз жашообузду өзгөртүүгө жарачу талантыбыз бар экенин билүүбүз абзел. Бул өмүрдүн чоң табериги. Эч ким биздин жашообузду өзгөртүп бербейт. Жашообузду өзгөрткөндөй дарамет ар бирибизде катылуу турат. Биз тынымсыз эмгектенсек, эмгек бизди умтулган нерсебизге жеткирет.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG