Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

“Maximum” реформа: эми экинчиси


24-ноябрга белгиленген прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнү, түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына арналган салтанат кызматка дайындоолор менен белгиленди.

Соңку кездери мамлекет башчысы катышкан салтанаттардын соңу ыр-күү, майрамдык жайыл дасторкон менен өтүүдө. Кечигибирээк башталган салтанатта сөз алган президент К.Бакиев башкаруу системасын реформалоонун экинчиси башталганын, бул ирет кезек мыйзам сактоо кызматтарына келгенин белгиледи.

Биринчи реформа борбордук агенттиктин түзүлүшү, ал жерге мамлекет башчынын кичүү уулу Максим Бакиевдин дайындалышы менен элдин эсинде калса, кезектеги кадрдык жүрүштүн багыты кандай болорун азырынча эч ким болжой албайт.

Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев салтанатта сүйлөй турган сөзүн даярдап отурса түштө Акүйгө чакырылып, президент жаңы кызмат сунуштаганы айтылды.

- Мен буга мындай дедим: “Менин жардамчым жок болуп атат. Бир айдан бери жардамчым жок иштеп жатам. Мен сага “мага жардамчы бол” деп, сунуш кылсам кантет элең? “Курманбек Салиевич, сиз дегенде жан-дилим менен” дейт. Жардамчы эмес, башка жумушка дедим.

Президент К.Бакиев сунуштаган жаңы кызматты башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев деле кубаныч менен кабыл алганын айтып, майрамдык аземде дагы бир жолу президенттин жеке өзүнө чоң ыраазычылыгын билдирди.
Ошентип Кыргызстандын прокуратурасынын 85 жылдык мааракеси учурунда 2007-жылдын мартынан баштап аны жетектеп келаткан мурдагы коопсуздук кызматкери Элмурза Сатыбалдиев президенттин коргонуу, коопсуздук, мыйзамдуулук боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп дайындалды.

- Сүйлөй турган сөзүмдү даярдадым эле. Жакшы сөздөр жазылган болчу. Бүгүн түшкү тамактан кийин баарын кайра жазып, оңдой баштадым. Урматтуу меймандар, коноктор, мен да толкунданып турам. Чоң ишенимди актайын деп келгем. Чындап эле коркуп жатам. Эртең кантип 7-кабатта отурам. Ишенимди актай аламбы?- деп Э.Сатыбалдиев кагазда жазылбаган сөзүн айтты.

Толкунданган баш прокурор залда отургандардын баарын майрамдык дасторконго чакырды. Ошол жерде айтылчу сөздөргө кенен убакыт бериле тургандыгын кошумчалады.

Ал ортодо президент К.Бакиев башкы прокурордун милдетин аткаруу буга чейин адилет министри болуп иштеп келген Нурлан Турсункуловго жүктөлгөнүн кабарлады. Мамлекет башчы эмнегедир жооптуу кызматка көтөрүлчү кадрлардын сыноо аянтчасына айланып калган Карасуу районунда жаңы баш прокурор колун булгабай таза иштеп келгенин баса белгиледи.

- Айтса ал Карасууда беш жыл прокурор болуп иштеп келген. Татаал район, жөнөкөй жер эмес. Акимдер, милиция чоңу, прокурорлор - кимдер бул жерде иштешсе бул өзүнчө сыноо. Ким булганбаса, жеңине чейин батып калбаса, жакшы иштеп кеткендерге жооптуу кызматтарды берсе болот. Ким башка жакка кирип кетсе, ага чекит коюп койсо болот,- деп айтты президент жаңы башкы прокурордун кызматтык тепкичтерин санай олтуруп.

“Карасуу сыноосунан” президент айтымында жакшы өткөн Нурлан Турсункулов прокуратура системасын дурус билерин, президент ыроолоп аткан ишенимди актарын чогулгандардын алдында кыскача жарыя кылды.

- Бүгүн прокуратура кызматкерлеринин алдында конкреттүү милдеттер коюлду. Аткарылчу негизги милдеттер аныкталган. Мунун баары кыргыз прокуратурасынын жаңы тарыхын ачат.

Президент К.Бакиев күч кызматтарын жаңылоочу башкаруу системасын реформалоонун кийинки баскычына жол ачылганын, бирок да анын кандай чен-өлчөмдөр менен жүргүзүлөрү мурунку башкы прокурор Э.Сатыбалдиевдин аракетине байланыштуу экенин белгиледи. Бир гана маселе, кезектеги реформанын маани-жайы айтылып жаткан кезде улуу сөздү бөлүп ийген чөнтөк телефондун чырылдагына жооп кылып президент момундай сын айтты:

- Аксакалдар өчүрүп койгула! Же өчүрүштү билбейсиңерби? Мен бир аксакалды билем, анын чөнтөк телефону бар. Ал сүйлөгөндү гана билет. Өчүргөндү билбейт экен. Силерде да ошондойлор пайда болгон окшойт.

Залдын алдында прокуратура кызматын мурда жетектеп келген ардагерлер отурушкан. Президенттин кезектеги сыны алардын кимисине багытталганы арттагы журналисттер үчүн табышмактуу бойдон калды. Отургандардын көбү майрамдык дасторконго шашылып жаткан.

XS
SM
MD
LG