Украинанын президенти Владимир Зеленский Вишневое шаарындагы ок-дары кампасында жарылуудан кийин күнөөлүүлөр жоопко тартыларын жана "Укроборонпром" мамлекеттик концернинде кадрдык өзгөрүүлөр болорун жарыялады.
"Үрөй учурган кырдаал. Вишневоедо ок-дары кампасы бар болчу, душман бул кампага сокку урганда адамдар жабыркап, жоготуулар көп болду. Көңүл айтам... Бирок жөн гана сооротуу жетишсиз, ошондуктан Украинанын Коопсуздук кызматынан, Ички иштер министрлигинен жана Башкы прокуратурадан бардык маалыматтарды алдым. Кылмыш иши козголду, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат жана албетте, "Укроборонпромдо" өзгөрүүлөр болот. Анткени бул кампа "Укроборонпромдун" ишканаларынын бирине таандык болчу", - деди Зеленский 9-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
6-июлга караган түнү Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын аймагына ар кандай типтеги аба, жердеги жана деңиз базасындагы ракеталар, дрондор менен жапырт сокку урган. Жалпы 68 ракета жана 351 учкучсуз учак учурулуп, негизги бута Киев болгону кабарланды.
Облустук аскердик администрациянын маалыматында, чабуулдан Киев облусунун төрт району: Буча, Бровары, Борисполь жана Вышгород райондору жабыркаган. Киев облусунда 6-июлдагы соккунун кесепетинен тогуз адам каза болуп, 50дөн ашыгы жараат алган.
Эң чоң кыйроолор соккудан кийин ири жарылуу (детонация) орун алган Вишневое шаарында катталды. Кампага чектеш көчөлөрдүн тургундары коопсуз жайларга эвакуацияланды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жарылуу болгон объект өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн карамагында болбогонун билдирди. Украинанын президенти Коопсуздук кызматына жана чалгындоо кызматына детонациянын себептерин аныктоону тапшырды.
Орусиянын Коргоо министрлиги ал убакта Киев облусунун Вишневое шаарындагы күйүүчү-майлоочу майлардын кампасына ("Нефтеэкспериментальное КП"), зениттик-ракеталык системаларды жана авиациялык техника үчүн тетиктерди чыгарып, техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзгөн Жуляндагы "Визар" машина куруу заводуна сокку урулганын жарыялаган.
Мекеме бул соккунун кесепетинен дагы бир жолу жарылуу болгонун билдирген.
Трамп Киевге Patriot ракеталарын чыгарууга уруксат берилерин айтты
Орусия бир апта ичинде Киевге үчүнчү ирет жапырт сокку урган күнү украин президенти Владимир Зеленский мекенинен 1200 чакырым алыста жүрүп, дал ошол чабуулдардын мизин кайтарууга же жок дегенде туруштук берүүгө өбөлгө болчу куралдарды өндүрүүгө уруксат сурады.
Орусиянын 52 айдан бери уланып жаткан баскынчылыгына каршы туруу үчүн Украинага азыр көп нерсе керек. Эң оболу Орусиянын кыйраткыч баллистикалык ракеталарын асмандан жок кылчу курал-жабдык аба-суудай эле зарыл.
Буга чейин АКШ берген Patriot абадан коргонуу комплекси Москванын баллистикалык ракетасынан ишенимдүү коргоп турган жалгыз система деп саналчу. Бирок Украинада Patriot системасына керектелчү ракеталардын запасы азайып баратат.
Буга кошул-ташыл болуп, АКШнын кампалары да бошой баштады. Соңку маалда Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы америкалык күчтөрдү жана өнөктөштөрүн Ирандын чабуулдарынан коргоо үчүн дал ушул ракеталарды колдонууда.
Киев болсо Patriot комплексине ракеталарды Украинада чыгарууга кызыкдар. Ал үчүн АКШнын расмий лицензиясын алуу зарыл эле. 8-июлда украин президенти Зеленскийдин ою оңунан чыккандай болду.
Түркияда өткөн НАТО саммитинин алкагында АКШ президенти Дональд Трамп украин лидери менен жолукканда Киевге Patriot ракеталарын чыгарууга уруксат берилерин билдирди.
"Биз силерге Patriot чыгарууга укукту беребиз", – деди Трамп.
"Ошондо силер бизге жетиштүү көлөмдө бербей жатасыңар деп доомат артпай каласыңар. Мен эми өзүңөр чыгара бергиле дейм", – деди америкалык лидер.
Лондондо жайгашкан Маалыматтык жактан туруштук берүү борборунун эсебине ылайык, январдан бери украин армиясы Орусия алыс аралыктан учурган дрондордун 90% абадан жок кылган. Ошондой эле 722 канаттуу ракетанын 80% атып түшүрүлгөн.
Бирок баллистикалык ракеталарга келгенде абал оор. Быйыл эле орустардын 522 баллистикалык ракетасынын болжол менен 70% мээлеген бутасына тийген.
Орусиянын башкы баллистикалык куралы – жерден атылуучу "Искандер-М" ракетасы. 500 чакырымга чейин жетип, үн ылдамдыгынан жети эсе тез учушу ыктымал. Башкача айтканда мындай ракета бир нече мүнөттө эле бутага жетет.
Украин аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, 6-июлдагы чабуул маалында атылган 23 "Искандер-М" ракетасынын бирөөнү да абадан кармай алган эмес. Ошондой эле "Циркон" деп аталган алты гиперүндүү канаттуу ракета да өз бутасына жеткен. Анткени аларды асмандан кармап жок кылуучу ракеталар тартыш.
"Баллистикалык ракеталарды атып түшүрүү үчүн атайын жабдыктар керек. Бизде системалар жетиштүү, бирок ракеталардын туруктуу запасы аз", – деди украин аба күчтөрүнүн өкүлү, полковник Юрий Игнат 2-июлдагы кандуу чабуулдан кийин мамлекеттик телеканалга.
Аскердик адис белгилегендей, Орусия ушул тапта Украинада жана дүйнө жүзүндө Patriot системалары үчүн ракеталар тартыш экенинен пайдаланып жатат.
"Ошондуктан Москва барган сайын баллистикалык ракетага көбүрөөк басым жасоодо", – деди Игнат.
Patriot - өтө татаал технология
АКШнын аскердик ири компаниялары Lockheed Martin жана Raytheon чыгарган Patriot комплекси бир нече негизги бөлүктөн турат. Ааларга абадан тосуп жок кылуучу ракеталар, аларды учура турган түзүлүш, радар, жогорку жыштыктагы антенна, башкаруу пункту жана электр генератору кирет.
Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр борборунун маалыматына ылайык, бир Patriot комплексинин жалпы баасы болжол менен 1,1 миллиард доллар. Анын ичинен 400 миллион доллары ракета учуруучу түзүлүштөргө жана башка жабдууларга кетсе, 690 миллион долларга жакыны ракетага жумшалат.
Маалыматка таянсак, ушул тапта Украинада кеминде жети Patriot системасы бар. Алардын үчөөнү АКШ, дагы үчөөнү Германия берген. Бери дегенде дагы бирди Европадагы өнөктөш өлкөлөрдүн тобу жеткирген.
Бирок бул системалар толугу менен дайыма колдонулбайт. Техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринен улам алардын айрымдары убактылуу иштен чыккан.
Украин армиясында Франция менен Италия бирге өндүргөн SAMP/T абадан коргонуу системалары да бар. Бул система канаттуу ракеталар менен дрондордун мизин кайтарууда майнаптуу деп эсептелет. Бирок баллистикалык ракеталар өтө бийик жана тез учкандыктан, SAMP/T баарын толук тосуп кала албайт.
Украинада жетишпей жаткан негизги ресурс – Patriot системасы колдонгон PAC-2 жана андан жаңыраак PAC-3 үлгүсүндөгү абадан атып түшүрчү ракеталар.
Украин бийлиги акыркы айларда бул маселени чечүү үчүн АКШ администрациясы менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле Киев европалык өнөктөштөрдүн колдоосун алууга дагы жан үрөп жатат.
"Украиналыктар бир жылга жетпеген маалда дээрлик PAC-2ге тең келчү абадан жок кылуучу ракетаны иштеп чыгып, аны көп санда өндүрө аларын айтууда. Эгер алар аны ишке ашыра алышса, биз кубаттайбыз", – деди "Азаттыкка" НАТОдогу жогорку даражалуу дипломат.
Ошол эле учурда адистер Украина жакын арада мындай ракеталарды толук көлөмдө өндүрүп жиберет дегенге этият карашат. Patriot үчүн ракета чыгарууга өтө татаал технологиялар, өндүрүштүк база жана узак убакыт талап кылынат. Андыктан лицензия алуу маанилүү кадам болгону менен иш жүзүнө анын жыйынтыгы дароо эле байкалбашы мүмкүн.
9-июлга караган түнү украин дрондору Орусиянын бир нече аймагындагы күйүүчү май инфраструктурасынын объекттерине кайрадан чабуул койду.
Бул жолу Тверь облусундагы жана Ставрополь крайындагы мунай базаларына жана Таганрог булуңундагы эки танкер соккуга кабылды.
Тверь облусунун губернатору Виталий Королёв чабуулдан кийин "Тверьнефтепродукт" мунай базасынын резервуарларынын бири өрттөнгөнүн билдирди.
Анын айтымында, өрт чектөөгө алынып, жабыркагандар болгон жок. ASTRA басылмасы белгилегендей, ишкананын резервуарларынын бир бөлүгү буга чейин дронго каршы торлор менен жабдылганына карабастан, талкаланган.
Ставрополь крайындагы Вязники хуторунда жайгашкан мунай базасынын аймагында да өрт чыкты. Аймактын башчысы Владимир Владимиров алгач өнөр жай объектинде өрт чыкканын кабарлап, кийинчерээк жалын май куюлган резервуарларга жайылганын тактады. Жакын жердеги үйлөрдүн тургундары коопсуз жайларга көчүрүлдү.
ASTRA'нын маалыматы боюнча, сөз "Лукойл-Югнефтепродукт" мунай базасынын жанында жайгашкан Вязникидеги ири мунай сактагыч жөнүндө болуп жатат.
Ростов облусунда эки күндөн бери катары менен Таганрог булуңундагы танкерлерге чабуул жасалууда. Губернатор Юрий Слюсарь билдиргендей, эки кеме механикалык зыянга учурап, экөөндө тең өрт чыккан. Кемедеги экипаждар эвакуацияланып, жабыркагандар катталган жок.
Орусия тарабынан дайындалган Херсон облусунун башчысы Владимир Сальдо энергетикалык инфраструктура объекттерине урулган соккулардан кийин, аймактын Орусиянын көзөмөлдөгөн бөлүгү толугу менен же жарым-жартылай электр энергиясыз калганын жарыялады.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн 11 аймагында, анын ичинде аннексияланган Крымда жана Азов деңизинин үстүндө Украинанын 73 учкучсуз учагын атып түшүргөнүн маалымдады.
- Акыркы айларда украин дрондору Орусиянын мунай инфраструктурасына тынымсыз сокку уруп келет. Чабуулдарга өлкөнүн бардык ири мунай кайра иштетүүчү заводдору дуушар болду. Орусияда күйүүчү май кризиси сакталып турат. Дээрлик бардык аймактарда бензин сатууга чектөөлөр киргизилген.
8-июлга караган түнү украин учкучсуз учактары Орусиянын аймагындагы инфраструктуралык мунай объекттерине жана аскер буталарына кайрадан сокку урду.
Саратовдо чабуулдан кийин мунай өндүрүүчү заводдо өрт тутанды. Губернатор Роман Бусаргин бир адам каза болуп, бир нечеси жараат алганын билдирди. Анын айтымында, жарандык инфраструктуралык объекттерге зыян келтирилген.
Мониторинг жүргүзгөн Телеграм-каналдар чабуулдун бутасы "Роснефть" компаниясынын мунай өндүрүүчү заводу (МӨЗ) болгонун ырасташууда.
Татарстандын Нижнекамск шаарында, украин мониторинг каналдарынын жана Astra басылмасынын маалыматында ТАИФ-НК жана "Танеко" мунайды кайра иштетүүчү ишканалары жайгашкан өнөр жай зонасына сокку урулду.
Окуянын күбөлөрү өрт чыккан жерден сүрөт жана видеолорун жарыялашууда. Бийлик органдары учкучсуз учактар чабуул койгонун ырасташты, бирок анын кесепеттери тууралуу маалымат беришкен жок.
ASTRA басылмасынын маалыматында Воронеж облусунда чабуулдан кийин Борисоглебск аскер аэродромунун аймагында өрт тутанган.
Украиналык "Supernova+" Телеграм-каналы учкучсуз учактар аэродромдун жанындагы мунай базасына да чабуул койгонун айтууда. Жергиликтүү бийлик аба коркунучу тууралуу айгай жарыяланганын ырастаганы менен, кандайдыр бир объекттердин жабыркаганын кабарлаган жок.
Ростов облусунда украин дрондорунун чабуулунан Ростов-на-Дону шаарына багыт алган эки бош танкер зыянга учурады. Губернатор Юрий Слюсарь билдиргендей, эки адам жеңил жараат алып, кемелердин биринин экипажы эвакуация болгон.
Анын айтымында, мунай өнүмдөрү деңизге төгүлгөн эмес.
Телеграм-каналдарда таңга маал Уфа шаарына да учкучсуз учактар чабуул койгону тууралуу маалыматтар пайда болду. Жарыяланган кадрларга караганда, мунайды кайра иштетүүчү ишканалардын биринин аймагынан коюу түтүн көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.
Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу күчтөрү түндө Украинанын 415 учкучсуз учагын жок кылганын жарыялады. Мекеме алардын канчасы бутага тийгенин кабарлаган жок. Украина тарап азырынча түнкү соккулар боюнча расмий түшүндүрмө бере элек.