Украина 7-июлда аза күтүүдө. Киевде Орусиянын соңку жапырт аба соккусунан каза болгондордун саны өсүп, урандылардын алдынан адамдар изделүүдө. Ал арада Украина Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү эң ири заводдорунун бирине миңдеген чакырым алыстан сокку урду. Украин президенти Владимир Зеленский согуштун жыйынтыгын эми асмандагы кармаш чечиши мүмкүн деп эсептейт.
Шерине