Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:28
Нижнекамск шаарындагы дрон соккусунан кийинки коюу түтүн. 10-август
Нижнекамск шаарындагы дрон соккусунан кийинки коюу түтүн. 10-август

Татарстандагы дрон чабуулу: Өзбек жана тажик мигранттары жабыркады

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:27 15.7.2026

15-июлга караган түнү орус аскерлери Украинанын Сумы облусундагы конуштардын бирине кассеталык ок-дары менен сокку урганын жергиликтүү администрациянын башчысы Сергей Кривошеенко билдирди.

Анын айтымында, чабуулдан жалпы жети киши жараат алды. Жабыркагандардын арасында катуу стресске кабылган 11 жаштагы бала да бар. Шаршемби күнү дарыгерлер жараат алгандардын экөө — 30 жаштагы эркек жана 59 жаштагы аял оор абалда экенин маалымдашты.

«Көчөлөрдө жарылбай калган ок-дарылар калып калышы ыктымал, этият болуңуздар», — деп эскертти Кривошеенко.

09:34 15.7.2026

Украинанын Харьков облусуна караштуу Изюм районунда 15-июлда Орусиянын чабуулунан сокку урулган жерлерде өрт тутанып, адамдар жараат алганын жергиликтүү мамлекеттик администрация билдирди. Маалыматка караганда, Орусиянын Куралдуу күчтөрү чабуулду башкарылуучу авиациялык бомбалар жана Shahed дрондору менен жасаган. Райондук администрациянын Telegram каналындагы кабарларга ылайык, жабыркагандар боюнча маалыматты тактоо иштери уланууда.

"Жарандык объектилер талкаланды, коммуналдык ишканалардын мүлкү, айыл чарба техникасы жана жеке үйлөр жабыркады", — деп айтылат жергиликтүү бийликтин билдирүүсүндө.

Ал эми 5-июлда Харьков облусунун Изюм шаарында Орусиянын соккусунан бир киши набыт болуп, кеминде үч киши жараат алган. Анда май куюучу бекет талкаланып, беш автоунаа жарактан чыккан.

15:29 14.7.2026

Орусиянын Краснодар аймагында өткөн түнү украин дрондорунун чабуулунан кийин Афипский мунай өндүрүүчү заводунда өрт чыкканын аймактык ыкчам штаб билдирди. Маалыматка караганда, бир киши жабыркаган. Мындан тышкары, Афипский курулуш тибиндеги кыштагында, Смоленская станицасында жана Коваленко хуторунда жеке үйлөр зыян тарткан.

Учкучсуз учактардын соккусунан кийин Башкырстандын Салават шаарындагы өнөр жай аймагында дагы өрт чыкканын республиканын башчысы Радий Хабиров кабарлады.

Аннексияланган Крымда Севастополдун Орусия тарабынан дайындалган губернатору Михаил Развожаев энергетикалык инфраструктурага дрондор чабуул жасаганын билдирди. Шаардын бир бөлүгү жарыксыз калды. "Крымский ветер" Телеграм-каналы жергиликтүү тургундарга шилтеме берип, сокку Балаклава жылуулук электр станциясына тийгенин кабарлоодо.

15:24 14.7.2026

Киевге Орусия баллистикалык ракеталар менен сокку ургандан кийин 16 объектке зыян келтирилди.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, Орусиянын куралдуу күчтөрү Днепропетровск, Донецк, Житомир жана Одесса облустарындагы маанилүү инфратүзүмдөргө дагы сокку урган.

Зеленский Харьков облусундагы соккулардан жети адам, анын ичинде бир бала жараат алганын билдирди. Ал жерде турак үйлөр, май куюучу жай жана темир жол инфратүзүмү жабыркаган.

Чернигов облусунда үч адам жараат алып, турак үй менен энергия түйүнүнүн объекттери зыян тарткандыктан, миңдеген үй-бүлө жарыксыз калган.

"Орусияга болгон кысымды күчөтүү керек. Убакыт коротпостон, ушул аптада эле Евробиримдиктин санкциялык 21-пакетин кабыл алуу зарыл. Санкциялык чечимдердин кечиктирилген ар бир күнү Орусияга чектөөлөргө даярданууга кошумча убакыт берет. Орусия согушту узартуу жана адамдарга сокку уруу үчүн колдонуп жаткан бардык тетиктер - чиптер, микросхемалар, кош багыттагы товарлардын баары токтотулушу керек", - деп жазды Зеленский Телеграм-каналына.

Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа Синельников районунда Орусиянын аткылоосунун эки адам каза болуп, дагы төрт киши жаракат алганын билдирди.

Никополь районунда агрофирма, жеке үйлөр жана чарбалык курулуштар, ал эми Каменск районунда айыл чарба ишканасы менен инфраструктура жабыркаган.

Киев түн ичинде кайрадан Орусиянын баллистикалык соккусуна кабылганын калаа башчысы Виталий Кличко билдирген. Чабуулдун кесепеттери шаардын эки районунда катталган. Ракеталык соккудан адамдар жабыркаган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, Голосеев районунда кампа өрттөнүп, Дарница районунда ачык аянтта турган автоунаалар күйүп кеткен. Өрт өчүрүлгөн.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде учурулган сегиз баллистикалык "Искандер-М/С-400" ракетасынын бешөөнү, эки Х-59/69 башкарылуучу авиациялык ракетасын жана 108 учкучсуз учакты зыянсыздандырган.

Украиналык аскерлер бир баллистикалык ракета жана 25 сокку уруучу дрондун 17 аймакка тийгенин, 10 жерге ракета сыныктары түшкөнүн катташкан. Дагы эки баллистикалык ракета боюнча маалымат такталууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде урулган соккулар менен Киевдеги "ар кандай типтеги ракеталарды жана учкучсуз учактарды иштеп чыгууга жана чыгарууга катышкан аскердик өнөр жай ишканалары" бутага алынганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG